ЕАЭБ жана кошуна өлкөлөрдө күйүүчү май канчадан сатылууда? Баалар

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май куйуучу жайдагы унаа. Архив
Күйүүчү май куйуучу жайдагы унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Жазылуу
Эң арзан күйүүчү майды Казакстанда, бир литрин 42 сомдон алууга болот. Андан кийинки орунда Кыргызстан турат.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ЕАЭБ жана кошуна өлкөлөрдө күйүүчү май канчадан сатылып жатканы туурасында маалымат берди.

ЕАЭБге кирген Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларусь өлкөлөрүндөгү, ошондой эле кошуна жайгашкан Тажикстан менен Өзбекстандагы бааларга анализ жүргүзүлгөн.

Ага ылайык, эң кымбаты Арменияда, АИ-95 үлгүдөгү күйүүчү майдын литри 80.4 сом. Ал эми эң арзанын Казакстандан 42 сомдон алууга болот. Андан кийинки орунда Кыргызстан турат.

Баалар 12-августка карата алынып, Улуттук банкта көрсөтүлгөн валюта курсу боюнча сомго которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0