Тизелетүү аракетиңер таш кабат. Бөлтүрүк Centerra башчыларына жооп кайтарды

© Sputnik / Эламан Карымшаков"Кумтөр голд компани" (КГК) ишканасынын тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк. Архив
Кумтөр голд компани (КГК) ишканасынын тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Жазылуу
Бөлтүрүк айрым жеткирүүчү компаниялар КГК менен келишимдерди бир тараптуу токтотушуна Centerra компаниясын айыптады.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бизди тизелетебиз деген оюңар ишке ашпай таш каптырат. Мындай билдирүүнү "Кумтөр голд компани" (КГК) ишканасынын тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк жасады. Ал Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилерине жооп берген.

Бөлтүрүк компаниянын жетекчилигин ушуну менен токтоп калууга чакырган.

"Центерранын" митаам ойлору ишке ашкан жок. Бул чабуулга биз туруштук бердик, көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечип жатабыз. Башка жеткирүүчүлөр менен иштеп, бөлөк жолдорун таптык. Мен "Центерранын" жетекчилигине, Скотт Перриге, Дэн Дежарденге кайрылам, токтоткула. Бул согушта сиздер утпайсыздар. Дүйнө жүзүндө көптөгөн товарлар жана тетиктер бар. Caterpillar, Hitachi, Komatsu жана башка көптөгөн өндүрүүчүлөр иштеп жатат. Сиздер өзүңүздөрдүн жана Кыргызстандын элинин алдында чынчыл болушуңуздар керек. Кумтөр иштеп жатат жана иштей берет! Артыбызда 4000 кызматкер, алардын үй-бүлөлөрү, бүткүл өлкө турат. Бизди тизелетебиз деген оюңар ишке ашпай таш кабат", — деди Бөлтүрүк.

Ошондой эле ал жаңы жетекчилик эч кандай кыйынчылыктардан коркпой турганын жана кендин иши үзгүлтүккө учурабасын баса белгиледи.

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
УКМК "Кумтөр" иши боюнча толук маалымат берди
Ал эми КГКнын маалымат кызматы ишкана тышкы башкарууга алынган күндөн, 17-майдан баштап Кумтөр кени пландык режимде иштеп, жеткирүү жумуштары тез жана толук көлөмдө жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ошол эле учурда июнь айында чет өлкөлүк ири товарларды жана тейлөөлөрдү камсыз кылган жеткирүүчү компаниялар бир тараптуу кызматташтыкты токтотконун маалымдады.

"Бул Centerra топ-менеджерлеринин кара санатай планы экени билинип турат. Кендин иштешине кандайдыр бир жол менен бөгөт коюуга, ошону менен кыргыз өкмөтүн канадалык корпорация үчүн пайдалуу чечимдерди кабыл алууга мажбурлоого аракет кылышууда", — деп айтылат маалыматта.

Бирок күжүрмөн аракеттердин натыйжасында көйгөйлөр тез арада чечилгенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0