Газ түтүктөрү. Архив

Украина Европа аркылуу "Газпромго" чабуул койду

292
Украинанын газ-транспорттук тутумунун оператору (ОГТСУ) "Газпромдун" аракеттеринен улам Евробиримдик бийлигине кайрылды. ОГТСУ пикиринде, Украина аркылуу транзитти жогорулатпоо үчүн россиялык корпорация Европадагы өзүнүн газ сактагычтарын бошотууда.

Киевдегилер Европа биримдигинин антимонополиялык органы жагдайды жөнгө салууга кийлигишүүсү зарыл деп эсептейт. Компаниядагылар "Ямал — Европа" жана "Түндүк агым — 1" маршруттары токтотулгандыктан, июль айында ЕБ өлкөлөрү дээрлик эки миллиард куб метр газды ала албай калышканын айтышат. Валерий Михайловдун ушул билдирүүнүн тегерегинде кеп учугун чубаган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

"Европалыктар ала албай калган газдын көлөмүн толуктап берүү, ошону менен бирге эле Украина аркылуу кошумча транзитти кеңейтпөө үчүн "Газпром" Европадагы жер алдындагы газ сактагычтарын бошотуп жатат. GIE маалыматтарына ылайык, Европада "Газпром" тарабынан көзөмөлдөнгөн жер алдындагы газ сактагычтарда (ЖГС) запас аз. Анткени ЖГСнын Германиядагы оператору Astora ("Газпромго" таандык) 13%дан аз, калган операторлордо орточо 63 пайызга, Австрияда Astora жана GSA (бул да "Газпромго" карайт) — 14%, башка операторлордо — 48%га толгон. Ал түгүл азыр "Газпром" өз келишимдерин аткаруу үчүн сактоочу жайлардан газды алып коюуда. Ошондон улам Европанын ЖГСтериндеги газ таңсыктыгы олуттуу деңгээлде жасалма жана баанын өсүшүнүн түпкү себеби болуп саналбайт", — деп билдирет ОГТСУнун башкы директору Сергей Макогон.

Эгер чындап эле газ жетишсиз көлөмдө жеткирилген болсо, буга украиналыктар эмес, газ жетпей калган европалыктар доомат коюуга тийиш эле. Бирок маселе бул дооматтардын канчалык деңгээлде негиздүү болуп-болбогонунда. Алгач, быйылкы жети айдын жыйынтыгы боюнча былтыркыга салыштырмалуу алыскы чет өлкөгө газ жеткирүү көлөмүн 23%га көбөйткөнүн белгилейли. Бирок мында Түркияга жеткирилген көлөм да кошо эсептелген. Ошентсе да дал Европа биримдигине газ жеткирүү 20 пайызга жогорулаган. Ошол себептен бул жагдайда "Газпромго" дегеле күнөө тагууга болбойт.

ЕБге бул багытта иш алып барган башка ири ишканалар газ көлөмүн кыскарткан. Арасында өндүрүш инфраструктурасында профилактикалык жана ремонт иштерин жүргүзүп жаткан

Норвегия да бар. Европаны өткөрмө түтүк газын шайма-шай жөнөтүп турган Алжир суюлтулган газды Азияга багыттайт, ал жакта бир топ кымбат сатып алышат. Айрыкча Катар көбүнесе Азияга ыктап калды. Америкалык суюлтулган газ да ошол жакка агылат. Анан да Европанын өзүндө да көгүлтүр от өндүрүү көлөмү эң ири Гронинген газ кенинин акырындап жабылышына байланыштуу азайып жатат. Учурдагы көрүнүштөрдү талдай келсек, европалык рыноктогу газдын баасынын асмандап кетишине кептеген таңсыктыкты жараткан дал ушул ишканаларга доомат койгон оң.

ОГТСУ аркылуу жеткирилген газдын көлөмү боюнча дооматтар негизсиз. "Газпром" менен "Нафтогаздын" ортосунда быйыл 40 миллиард куб метр газ транзитине келишим бар. Жылдын биринчи жарымында "Газпром" Украина аркылуу макулдашылган 20 миллиард куб метрдин ордуна транзит менен 21,7 миллиард куб метр жөнөткөн. Былтыр алгачкы алты айдагы көлөмгө караганда бул аз (24,9 миллиард куб метр), бирок ал убактагы келишимге ылайык ишкана бир жылга 65 миллиард куб метрди сордуруп же транзитке төлөөгө тийиш эле. Талап кылынган көлөм аягына чейин сордурулбаса да дым дебестен транзиттин дал ушул көлөмү үчүн толук төлөп бергенин кошумчалай кетели.

Украина аркылуу транзит биринчи жарым жылдыкта айына орточо 3,62 миллиард куб метрди түзгөн. Өткөн айда газ сордуруунун көлөмү мындан да жогору болуп, 3,85 миллиард куб метрди түздү. Келишимде макулдашылган минималдык көлөмдөн ашыкча жабдуу үчүн "Газпром" кошумча кубаттуулуктарды сатып алууга, болгондо да кымбат баада сатып алат. Анткени, украиналык ГТСтин кошумча кубаттуулуктары негизги келишимдик акыдан 20 пайызга жогору турат. Ал тургай корпорация катуу кошумча кубаттуулуктарды суткасына 15 миллион куб метрге ээлеп коёт Булардан тышкары, ОГТСУ ай сайын үзүлмө кошумча кубаттуулуктарды суткасына 64 миллион куб метрди аукционго чыгарат. Бирок кошумча кубаттуулуктарды ээлөөдө ОГТСУ транзит багытында сордурууга чоң кепилдик бербестен өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жүргүзөт. Албетте, европалык тажрыйбада мындай кубаттуулуктар аукционго арзандатуулар менен коюлат. Бирок Киев айтканынан кайтпай бааны түшүрбөйт, ал эми алардан кем калышпай өжөрлөнгөн "Газпром" аукциондорго катышпайт. Андан соң ОГТСУ ар жолкусунда россиялык өнөктөшү жөнүндө билдирүү жасайт.

ОГТСУнун Европадагы "Газпромдун" газ сактагычтардын начар толтурушуна байланыштуу дагы бир дооматы бар. Анткен менен украиналык оператордон аларга кандай тиешеси бар экени таптакыр түшүнүксүз. Украинада жер алдындагы газ сактагычтардын максималдуу толушу жылдан-жылга эки эсеге чейин көтөрүлүүдө. Бирок буга байланыштуу дүрбөлөңгө түшүү россиялык газчыларга да, европалык керектөөчүлөргө да жакпайт.

"Газпром" газ сактоо боюнча өзүнүн европалык кубаттуулуктарын өз ыңгайына жараша пайдаланат, бул тема дегеле башкаларды санаага салбашы керек эле. Антсе да "Газпромдун" европалык газ сактагычтары азыраак толтурулганы боюнча маселенин себеби да жок эмес. 2020/2021 күзгү-кышкы сезонунда россиялык газ сактагычтардан рекорддук көлөмдө – 60,6 миллиард куб метр чыгарылган. Кышка корпорация 72,3 миллиард куб метр запас менен кирген. "Газпромдун" пландарына ылайык, жаңы жылуулук маалына ишкана 72,6 миллиард куб метр менен кирүүгө тийиш. Эң оболу ал россиялык газ сактагычтарды толтурууга далбас урганы түшүнүктүү. Европалык газ сактагычтар – андан кийинки кезекте.

2009-жылдан бери эле Украинанын "Газпромдун" транзиттик келишими боюнча койгон дооматтары акылга сыйбайт. Бирок Стокгольм арбитражы саясий чечим чыгарып, ошол дооматтарды туура деп тапкан. Эң башкысы, ошол чечим менен Украинаны багууну Россияга жүктөгөндөй эле болгон. Ага ылайык "Газпром" 2019-жылдын аягында "Нафтогазга" 2,9 миллиард доллар которгон. Бул каражат дээрлик толугу менен Украинанын мамлекеттик бюджетине которулган. Балким, ошондогудай жорукту Европа биримдигинин антимонополиялык органдары тарабынан кайра кайталоонун кажети жок чыгар...

292
Белгилер:
Украина, газ, Россия, Европа, Чабуул, Газпром, бюджет, экономика, акча
Тема боюнча
Байден Меркель экөө "Түндүк агым" боюнча ымалага келишти. Украина унчукпашы керек
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кенинде

Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти

1771
(жаңыланган 15:29 18.10.2021)
Буга чейин Кыргызcтандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу максатында кабыл алынган.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, Кара-Кече көмүр кенинин иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

  • Инспекция работы угольного месторождения Кара-Кече во время рабочей поездки председателя Кабинета министров в Нарынскую область.  18 октября 2021 года
    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, Кара-Кече көмүр кенинин иши менен таанышты
    © Фото / пресс-служба Кабинета министров КР
  • Председатель Кабинета министров Акылбек Жапаров во время рабочей поездкой в Нарынскую область, проинспектировал работу угольного месторождения Кара-Кече.  18 октября 2021 года
    Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компания өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңешмеде Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы тийиштигин дагы бир ирет эскертти
    © Фото / пресс-служба Кабинета министров КР
  • Инспекция работы угольного месторождения Кара-Кече во время рабочей поездки председателя Кабинета министров в Нарынскую область.  18 октября 2021 года
    Андан соң көмүр казуучу компания өкүлдөрү жеринде шарттарды жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Мындан тышкары, баа саясатына жана көмүр тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү сунуштар талкууланды.
    © Фото / пресс-служба Кабинета министров КР
  • Председатель Кабинета министров Акылбек Жапаров во время рабочей поездкой в Нарынскую область, проинспектировал работу угольного месторождения Кара-Кече.  18 октября 2021 года
    Буга чейин Кыргызcтандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон
    © Фото / пресс-служба Кабинета министров КР
  • Инспекция работы угольного месторождения Кара-Кече во время рабочей поездки председателя Кабинета министров в Нарынскую область.  18 октября 2021 года
    Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган
    © Фото / пресс-служба Кабинета министров КР
1 / 5
© Фото / пресс-служба Кабинета министров КР
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, Кара-Кече көмүр кенинин иши менен таанышты

Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компания өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңешмеде Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы тийиштигин дагы бир ирет эскертти.

"Көмүр кендеринде коопсуздук жана тартиптин болушу абдан маанилүү. Үстүбүздөгү жылы жылытуу мезгилине даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иш үзгүлтүккө учураса тийиштүү жактар жоопкерчиликке тартылат. Бүгүнкү күндө Кара-Кечеде инфраструктуралык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарыл", — деди Жапаров.

Андан соң көмүр казуучу компания өкүлдөрү жеринде шарттарды жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Мындан тышкары, баа саясатына жана көмүр тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү сунуштар талкууланды.

Буга чейин Кыргызcтандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон. Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

1771
Белгилер:
Акылбек Жапаров, Кара-Кече, көмүр, баа
Тема боюнча
Жакыпов: "Кыргыз көмүр" ишканасынын жеке лабораториясы жок
Жок калыптыр, кымбат сатылууда! Көмүр ала албай карайлаган элдин видеосу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев

Калк үчүн өтө маанилүү дарылардын баасы арзандайт. Ташиев кеңешме өткөрдү

354
(жаңыланган 10:37 18.10.2021)
Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү катышкан.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев дары-дармек менен камсыздоо чөйрөсүндөгү абалды талкуулоо үчүн ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү катышкан.

"Ишкерлер менен конструктивдүү диалог жүрүп, дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды. Ташиев дары-дармектин баасына, фармацевтикалык бизнестин көйгөйлөрүнө, анын ичинде медикамент аткезчилигине, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына тийиштүү маселелерге токтолду. Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектин рыноктук баасын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, эл үчүн өтө маанилүү дары-дармектин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маанилүү дары-дармектин баасына карата чайкоочулукка жол бербөө максатында мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилгени кошумчаланды.

354
Белгилер:
УКМК, Камчыбек Ташиев, дары-дармек, баа, кеңешме
Тема боюнча
УКМК: дары-дармекти элге кымбат саткандар кармалды
Аламүдүн району төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыкты

Аламүдүн: суу сактагычтан эркек кишинин сөөгү табылды. Сүрөт

0
(жаңыланган 00:27 19.10.2021)
Куткаруучулар 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн каналдан алып чыгып, аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Аламүдүн районунун төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя болгон жерге Аламүдүн райондук ӨКБден төрт куткаруучу барган. Алар 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн каналдан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Аламүдүн району, канал, өлүк, куткаруучу
Тема боюнча
Куткаруучулар суудан башка адамды издеп жатып, белгисиз сөөктү алып чыкты. Сүрөт