Ысык-Көлдө кыргыз-россия бизнес-форуму башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековIII кыргызско-российский бизнес-форум в Чолпон-Ате
III кыргызско-российский бизнес-форум в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Форумдун алкагында Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү чыгып сүйлөшү күтүлүүдө.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бүгүн, 19-августта, Ысык-Көл облусунда III кыргыз-россия бизнес-форуму башталды.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү чыгып сүйлөшү күтүлүүдө.

Форумду Кыргыз-россия өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков ачып, бул пандемиядан берки бизнес өкүлдөрү жолуккан алгачкы масштабдуу иш-чара экенин белгиледи.

Пленардык отурумдан тышкары беш пленардык сессия пландалган:

  • Улуу Жибек Жолунда туризмди өнүктүрүүнүн горизонту;
  • Чакан гидроэнергетиканы биргеликте өнүктүрүү;
  • Кластердик саясат экономиканын атаандаштыкка туруштук берүүсүн жогорулатуунун куралы катары;
  • Санарип көчмөндөр. Кыргызстандагы санариптик трансформация жана финансылык технологиялар;
  • Кыргызстан — ЕАЭБге багытталган логистикалык инфраструктуранын борбору.
Жаңылыктар түрмөгү
0