Марипов: пандемия ЕАЭБди алсыраткан жок, кайра бекемдеди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Мариповдун айтымында, ЕАЭБ биздин өлкөлөрдүн жана элдердин жыргалчылыгына жана гүлдөп-өсүшүнө ишенимдүү жол экенин далилдеди.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Пандемиядагы сыноо алсыраткан жок, тескерисинче, Евразия экономикалык биримдигин бекемдеди. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөлөр эгемендүүлүк алгандан бери соода-экономикалык тарыхый байланыштарды системалаштыруу жана институтташтыруу керектигин түшүндү.

"Интеграциянын ар кандай форма жана этаптарынан өтүп, евразиялык интеграцияны камтыган Евразия экономикалык уюмун түзүүгө жетиштик. Мындай интеграциянын идеясы биздин өлкөлөрдүн жана элдердин жыргалчылыгына жана гүлдөп-өсүшүнө ишенимдүү жол экенин далилдеди", — деди Марипов.

III кыргызско-российский бизнес-форум в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
ЕЭКтин төрагасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы кандай абалда экенин айтты
Ошондой эле ал мындан туура эки жыл мурун дал ушул Ысык-Көлдүн жээгинде интеграциянын 5 жылдыгын майрамдап, биргеликте жумшалган күч-аракет менен жетишкен ийгиликтер белгиленгенин айтып өттү.

"Андан бери биз дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясына байланыштуу өнүгүүнүн татаал жолдорун басып өттүк. Деген менен бул сыноолор алсыраткан жок, тескерисинче, биздин биримдиктин потенциалын бекемдеди. Муну биздин дагы бир жетишкендигибиз деп ишенимдүү түрдө айтууга болот", — деген пикирин билдирди Марипов.

Ал айткан кебине ички сооданын темпи өсүп жатканы далил болорун белгилеген.

"Мисалы, Кыргызстандын аталган биримдиктеги өнөктөштөрү менен соода жүгүртүүсү өткөн жылга салыштырмалуу 34,7 пайызга көбөйдү. Бул бизге оптимизм тартуулайт", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Чолпон-Атада өтүп жатат. Ага уюмга мүчө-мамлекеттер: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россиянын өкмөт башчылары жана ЕЭКтин төрагасы катышууда. Ал эми байкоочу катары Өзбекстан, Куба (видеоконференция аркылуу) премьер-министрлери кошулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0