ЕАЭБ: соода жаатында бир катар тоскоолдуктарды жоюу пландалууда

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПродажа мяса птицы и куриных яиц
Продажа мяса птицы и куриных яиц - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Мясникович 2021-2022-жылдары жоюш керек делген чектөөлөрдүн тизмеси бекитилгенин айтып, бул мамлекеттер ортосундагы сооданын жакшырышына өбөлгө боло турганын белгилеген.

ЧОЛПОН-АТА, 20-авг. — Sputnik. Эки жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-сатык жаатында бир катар тоскоолдуктарды жоюу пландалууда. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.

Ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү.

"Товарларды алып-сатуу, кызмат көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу боюнча бир топ сүйлөшүү болду. Бирок жалпы рынокто товарлардын кыймылына тоскоолдуктар гана таасирин тийгизген жок. Бул кырдаалда бир катар чектөөлөрдүн тизмеси бекитилди. Аларды 2021-2022-жылдары жоюу пландалууда. Соодага жолтоо болгон 13 чектөөнү жойгондо биздин мамлекеттер ортосунда соода жакшырат", — деди Мясникович.

Ал эки жылдын ичинде бул тоскоолдуктардын үчтөн бир бөлүгүн жоюу каралып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0