Сом акчалары. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыктар жыл башынан бери канча кредит алганы айтылды

1120
Кредит алган жарандардын көбү Ош облусунда, Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Чүй облустарында катталган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында (январь-июнь) Кыргызстанда микрокредиттик уюмдар тарабынан 17,7 миллиард сом насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Аталган суммадагы каражатты 329 миң кыргызстандык алган. Насыя алуучулардын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 14 пайызга азайган. Бирок берилген каражаттын көлөмү, тескерисинче, 10 пайызга көбөйгөн.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунда (жалпы көлөмүнүн 22 пайызы), Бишкек шаарында (17 пайыз), Жалал-Абад жана Чүй (14 пайыз) облустарында катталды.

Насыянын 33 пайызы айыл чарбадагы ишкердикти өнүктүрүүгө, 32 пайызы керектөөчүлүк муктаждыктарга, 11 пайызы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 7,5 пайызы курулуш тармагына багытталган.

1120
Белгилер:
Кыргызстан, кредит, айыл чарба, көлөм
Тема боюнча
Кыргызстанда депозит чени көбөйдү, насыя үстөгү өспөйбү?
АКШ доллары жана бет кап. Архив

Пандемия учурунда Кыргызстанга кайсы өлкөлөр акча салды? Тизме

9
Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстанга кайсы өлкөдөн канча инвестиция келгенин жана алар кайсы тармактарга жумшалганын Улуттук статистика комитети маалымдады.

КМШга кирбеген өлкөлөрдүн арасынан негизги инвесторлор Канада (жалпы инвестициянын 28,8 пайызы) Кытай (25,3 пайыз), Нидерланд (10,5 пайыз), Швейцария (7,4 пайыз), Улуу Британия (4,9 пайыз) жана Түркия (4,5 пайыз) болду.

Акча салынган тармактар:

  • Канада — өндүрүш;
  • Кытай — өндүрүш, геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу;
  • Нидерланд — маалымат, байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Швейцария — пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Улуу Британия — геологиялык чалгындоо;
  • Түркия — курулуш, дүң жана чекене соода, өндүрүш.
  • КМШдагы өлкөлөр:
  • Россия — өндүрүш, дүң жана чекене соода;
  • Казакстан — пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, геологиялык чалгындоого;
  • Өзбекстан — дүң жана чекене соода, өндүрүш;
  • Азербайжан — дүң жана чекене соода.

Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

Баса, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция 1,6 эсеге, башка мамлекеттерден 2 эсеге азайган.

9
Белгилер:
Кыргызстан, инвестициялар, экономика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү
Кыргызстандан сыртка 290 млн. доллар которулду. 7 айдын жыйынтыгы
Алтын. Архив

Бажы кызматы Кытайга 17 фура алтын концентратынын чыгып кетиши боюнча үн катты

565
(жаңыланган 21:41 22.09.2021)
Депутат бул жерде чоң акча жүрүп жатканын белгилеп, чыгарылып кеткен алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн айткан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы депутат Аккулу Бердиевдин Чоң-Алай районундагы Алтын-Казык кенинен казылган алтын концентратын 17 фура менен Кытайга чыгарып кетишти деген билдирүүсү боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, өткөн жылы "Эркеч-Там" бажысынан 17 фура алтын концентратын мыйзамсыз чыгарып кетип баратканда Финпол тарабынан токтотулуп, кылмыш иши козголгон.

"Кечээ, 21-сентябрда, кытайлар жаңылады деп "Эркеч-Там" менен "Достук" бажысы аркылуу чыгарып кетиптир. Министр, бажычылардын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Ал иш сотто экенине карабай "Кайди" компаниясы коррупциялык жолдор менен эскирген лицензиясын жаңылап алыптыр. Бажы кызматынын башчысы Самат Сатаровичке чалсам "мен билбей калыптырмын, балдар чыгарып жибериптир. "Эркеч-Тамдан" эмес, "Достуктан" өткөрүп поездге жүктөп кетиптир" дейт. Мындай боло берсе мамлекет оңолушу кыйын болот", — деген Бердиев.

Бажы кызматынан билдиришкендей, “тарифсиз жөнгө салуу чаралары колдонулган бажы операцияларын ишке ашырууда товарды алып кирүү жана чыгуу боюнча уруксат берилген эрежелерди жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2015-жылкы чечимине ылайык иш алып барат”.

“Товарды киргизүү жана чыгаруу Кыргызстандын тиешелүү органдары уруксат берген документтин негизинде гана ишке ашырылат. Кыргыз өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы токтомуна ылайык, тиешелүү органдар "Гик Кайди" ЖЧКсына 2021-жылдын август айынан тарта Кыргызстандын сыртына флотациялык концентрат алып чыгууга уруксат берген. Бажы кызматкерлери жогорудагы уруксат документтерин көрүп туруп концентраттарды чыгаруу боюнча операцияны аткарышкан”, — деп айтылат билдирүүдө.

Депутат бул жерде чоң акча жүрүп жатканын белгилеп, чыгарылып кеткен алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн айтты.

Буга байланыштуу эл өкүлү башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, ишти тыкыр текшерүүнү өтүндү.

565
Белгилер:
Кыргызстан, депутат, Мамлекеттик бажы кызматы, алтын, чек ара
Тема боюнча
Тонналап экспорттолчу. Кыргызстан июлда бир дагы грамм алтын саткан жок