В рамках рабочей поездки в Иссык-Кульскую область президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров осмотрел швейную фабрику в Тюпском районе.  21 августа

Түптө 200 киши иштеген тигүү фабрикасы ачылып, ага Жапаров катышты

173
(жаңыланган 13:14 21.08.2021)
Ишкана "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү" фондунун кошумча каржылоосунун эсебинен ишке кирди. Ал токулган кездеме, байпак жана башка продукцияларды чыгарат.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө жасаган иш сапарынын алкагында бүгүн Түп районундагы 200 кишини иш менен камсыздаган тигүү фабрикасына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ишкана "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү" фондунун кошумча каржылоосунун эсебинен ишке кирди.

  • В рамках рабочей поездки в Иссык-Кульскую область президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров осмотрел швейную фабрику в Тюпском районе.  21 августа 2021 года
    Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө жасаган иш сапарынын алкагында бүгүн Түп районундагы 200 кишини иш менен камсыздаган тигүү фабрикасына барды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Работники швейной фабрики в Тюпском районе Иссык-Кульской области
    Ишкана "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү" фондунун кошумча каржылоосунун эсебинен ишке кирди.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Работники швейной фабрики в Тюпском районе Иссык-Кульской области
    Түп айылындагы ишкана "Салкын" ЖЧКсы — Кыргызстандагы пахта продукциясын өндүргөн эң ири фабриканын филиалы болуп саналат.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Продукция производимая швейной фабрикой в Тюпском районе Иссык-Кульской области
    Ал токулган кездеме, байпак жана башка продукцияларды чыгарат.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө жасаган иш сапарынын алкагында бүгүн Түп районундагы 200 кишини иш менен камсыздаган тигүү фабрикасына барды.

Түп айылындагы ишкана "Салкын" ЖЧКсы — Кыргызстандагы пахта продукциясын өндүргөн эң ири фабриканын филиалы болуп саналат. Ал токулган кездеме, байпак жана башка продукцияларды чыгарат.

"Жергиликтүү тургундар жана фабриканын кызматкерлери менен баарлашуу учурунда президент "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү" фондунун каражаты буга чейин ар кыл коррупциялык аракеттерден улам максатсыз пайдаланылганын, натыйжада көптөгөн жакшы регионалдык долбоорлор ишке ашпай калганын белгиледи", — деп айтылат билдирүүдө.

Жапаров Түп айылында бүгүн ачылган 200 орундуу фабриканын мисалында эми фонддун бардык акчасы аймактагы ишкерлердин демилгелерин колдоого ачык-айкын бөлүштүрүлөрүн айтты.

Жергиликтүү тургундар өлкө башчысы менен баарлашууда айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, жер тилкелерин трансформациялоо, ошондой эле социалдык-билим берүү объектилери — мектеп жана бала бакчаларды куруу маселелерин көтөрүштү.

Өлкө башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өзгөчө акимдердин ролун күчөтүү, жөлөк пул жана бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу пландары жөнүндө айтып берди.

173
Белгилер:
президент, Садыр Жапаров, Ысык-Көл, иш сапар, тигүүчү, фабрика, ишкана, ачылыш
Тема боюнча
Иши токтоп турган Балыкчыдагы фабриканы Россия-Кыргыз фонду каржыламай болду
Заправочный пистолет наполняет автомобиль бензином на АЗС в Лондоне. (Великобритания). 18 ноября 2020 года

ЕАЭБ менен коңшу өлкөлөрдө бензин канча турат. Таблица

130
Монополияга каршы күрөшүү агенттиги ЕАЭБ, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндөгү күйүүчү майдын баасын салыштырды. Баалар сомго которулган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдөгү (Кытайды эске албаганда) күйүүчү майга болгон орточо бааны салыштырды.

Баалар 20-сентябрга карата алынып, Улуттук банктын ошол күндөгү курсу менен которулду.

Мындан сырткары, ведомство ар бир мамлекеттеги күйүүчү май рыногу боюнча кыскача маалымат берип кеткен:

Россияда эгер бензин менен дизель майына болгон экспорттук баа ички шарттуу баадан жогору болсо анда мамлекет айырманын бир бөлүгүн өндүрүшчүлөргө компенсация катары төлөйт. Эгер көрүнүш тескерисинче болсо, анда мунай компаниялары айырманы бюджетке төлөйт. Адистердин айтымында, бул нерсе ички рыноктогу бааларды кармап турууга жардам берет.

Казакстанда мунай өзүнөн чыгат жана өлкө ичиндеги заводдордо кайра иштетилип, республикадагы керектөөчүлөрдү бензин менен толук камсыздайт. Ал эми дизель майынын 30 пайызга жакыны Россиядан импорттолот. Мунай Казакстандын заводдоруна базардыкы эмес, өз баасында жеткирилет.

Белоруссияда мунайды кайра иштетүүчү эки ири завод бар. Мамлекет анын көзөмөлдөөчү акция пакетине ээлик кылат. Өндүрүш өлкөнү күйүүчү май менен толук камсыздайт. Мындан сырткары, республика мунай продуктыларын экспорттойт. 2020-жылы экспорттун көлөмү 8,49 миллион тоннаны түздү.

Армения Кыргызстан сыяктуу эле импорттон көз каранды. 2020-жылы Армениянын импорту 20,5 пайызга өскөн. Өлкөнүн негизги импортчулары: Россия — 69 пайыз, Иран — 23,3 пайыз.

130
Белгилер:
Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, мунай, бензин
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте ишкер аялдарды колдоого багытталган бизнес-форум өтүп жатат
Чет элдик валюталар менен алтын кымбаттады. Соңку маалымат
Кыргызстандан сыртка 290 млн. доллар которулду. 7 айдын жыйынтыгы
Газпром ишкананын кызматкерлери. Архив

Европа "сууктун экспорттолушуна" Россияны айыптоодо

52
Реалдуулук европалыктардын энергетика жаатындагы пландарын кыйратты. Өткөн жылы газдын споттук баасы дээрлик он эсеге өстү. Анын артынан электр, күйүүчү май, ташуу кызматы, азык-түлүк да кымбаттады.

Адегенде мындай көрүнүш тооруктарда гана байкалган. Бир-эки айда ал катардагы европалыктын да чөнтөгүн жукартары турулуу иш. Жок эле дегенде катардагы британиялык үй кожойкеси электр акысына мурдагыга караганда 1500 фунтка (150 миң рублге) көп төлөөгө туура келет. Ансыз да калк үчүн аталган өлкөдө бир киловатт Россияга караганда алты эсе кымбат эле, эки миллион үй чарбасы акчасынын жоктугунан улам мындай төлөмдөрдү төгө албай калган. Кырдаалга сереп салган Виктория Никифорованын макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Жашыл энергетикага эмне болду? Шамалдан кубат өндүрүүчү жабдуулар жана күн панелдери азырынча бул тармактын жүгүн көтөрө албай келет. Быйыл Европада кайра калыптануучу булактардан кубат алуу көлөмү кыйла кыскарды. Январда Европа биримдиги сөздүн түз маанисинде күндүн көзүн көрө алган жок. Жайкысын шамал сокпой, булут каптап турушу, былтыркы кычыраган кыш, алдыда мурдагыдан да аяздуу суук күтөт деген божомолдор — бааны түзө турган күчтүү факторлордон.

Кесепеттери көп күттүргөн жок. Электрдин кымбатташы жер семирткичтерди өндүрүүчү заводдордун жабылышына алып келди. Ташуу кызматы күн санап өсүүдө. Кооптонгон фермерлер өз өндүрүмдөрүнүн баасын көтөрүүдө. Адамдар жумушунан ажырап, супермаркеттердеги бааларды карап үрөйлөрү учууда.

Европалыктардын энергетикалык каатчылыктан чыгуунун жолу айдан ачык. Россия менен кызматташып, Атомдук электр станцияларына буюртма кыла алат. Бүгүнкү күндө мындан таза жана кубаттуу энергия булагы жок. Бирок америкалык өнөктөштөрү түшүнбөй калышынан чочулашат. Ошентип европалык бийлик өзүнүн экологиялык бардык ураандарына карабай жапырт түрдө көмүргө – окумуштуулардын баары кескин сындап келген эң кир, эң зыяндуу отунга өтүүдө.

Европалык орто класс жыл бою рекорддук ыргакта жакырланып келе жатканына күбөбүз. Баалардын тынымсыз өсүшү дагы түбүнө жетчүдөй. 2020-жылдын сентябрында Улуу Британияда тамак-ашка каражаты тартыш үй-бүлөлөр 14 пайыз болсо, быйыл жайда алардын саны 24 пайызга чыкты. Өкмөт жакырларды колдоого тырышты. Мектептерде акысыз тамак берилген балдарга каникул маалында да каралашууга туура келди. Ач калган үй-бүлөлөргө тамакка талон да бериле баштады. Бир аптага берилген бир даана талон үч фунт стерлингге (орточо 300 сом) товар сатып алууга мүмкүндүк түзөт. Ушул тапта ал 4,25 фунтту түзүп калды. Дүкөндөн ага сүт, жашылча-жемиш, буурчак, акшак, балдар азыктарын гана алууга уруксат бар. Анан да бул акчага эмне жетет? Санап көрсөк, болгону эки литр сүт, бир-эки кило картошка, беш банан келет.

Мындай жагдайда укук коргоочулар белгилегендей, бул үй-бүлөлөр жакында азык-түлүк менен жылуулуктун бирин тандоого аргасыз болушат. Британияда кышкысын ондогон пенсионерлер көз жумат. Жылуулуктан үнөмдөө үчүн түнкүсүн батареяларды өчүрүп жатышат. Таңда алардын тоңуп калган сөөгү табышат. 2014-жылы мындай өлүмгө 40 миңден ашуун киши кабылган. Быйылкы кышта да ошондой өлүм учурларынын көбөйүшү күтүлүүдө.

Испанияда кыш жылуураак өткөнү менен тамак-аш жагдайы татаал. Мадридде эле жыл башында 186 миң киши азык-түлүк банктарынан тамак алып турушкан. Бул – 25 жылдан берки эң начар көрсөткүч. Пенсияларын адатта адамдар ишсиз калган балдары жана неберелерине беришет. "Крестная мать" кайрымдуулук уюмунун маалыматына таянсак, аларга жардам сурап кайрылган карыялардын саны быйыл 63 пайызды түзгөн.

Бекер тамак-аш тараткан мадриддик Сан Хуан де Диос чиркөөсүнүн дин кызматчысы Би-би-синин журналисттерине автобуска акчалары жоктугунан улам шаардын башка бир бурчунан жолго эки саат сарптап келишерин айтып берген. Анан да алар – үй-жайсыз же маңзат колдонгондор да эмес, бул европалык орто класстын гана өкүлдөрү. Жумушсуз калып, колундагы топтогонун коротуп, күтүүсүз тооруган кымбатчылыкка туруштук бере албагандар.

Электр акысынын кымбатташы дагы бир көйгөйгө кептейт. Бул жагдай европалык товарларды дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмсүз кылат. Европа биримдиги үчүн негизгилерден болуп америкалык рынок эсептелет. Европалыктарга жашыл күн тартибин таңуулаганы менен америкалык бийлик өздөрү күн жана шамал энергиясына өтүүгө эми ашыкпайт. Өздөрүндөгү арзан электр кубаты аларга атаандаштык артыкчылыгын берип, рыноктон Европа биримдигин сүрүп чыгарууга мүмкүндүк түзөт.

Калк кабылган ушундай абалга европалык саясатчылар чара көрүүгө белсенип, айыптууларды издеп кирди. Акыры буга кайрадан эле орустарды күнөөлүү деп табышты.

Британиялык парламенттин депутаттары "Газпромго" кат жолдошту. Анда компанияны рынокту "манипуляциялап" жана газдын баасын көтөрүүгө айыпташат. Европарламент да ушундай эле нукта аракет этүүдө.

Айрым парламентарийлер Европа комиссиясын антимонополиялык иликтөө жүргүзүп, Европада баары кымбаттап кеткени үчүн "Газпромго" доо коюуга чакырууда. Бирок кеп мында газдын споттук баалары туурасында эмеспи. "Газпром" буга эч качан келишим түзүүгө каршы чыккан. Ал түгүл Европа биримдиги менен дал ушул боюнча соттошуп, утулуп калганы маалым.

"Газпром" биржалык оош-кыйыштардан көз каранды болбогон туруктуу баалары менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүнү сунуштаган. Бирок ошондо европалыктарга споттук баалар пайдалуу болуп, айткандарынан кайтышкан эмес. Өздөрүнүн ачкөздүк жана алысты көрө билбегендигинин айынан кептелген абал үчүн алар эми россиялык ишкананы күнөөлөөгө далбасташууда.

Бир топ жылдар бою "Газпром" европалыктар таңуулаган эрежелерге ылайык иш алып барды. Бүгүн алар баарын бекер алгысы бар. Мындай аракеттер Украинаны эске салат. Албетте, андай доо арыздардын келечеги жок.

Европалыктардын кандай арга көрөт? Америкалык суюлтулган газды сатып алабы? Океан ар жагындагылар рынокту каалагандай калчоону жакшы өздөштүргөн эмеспи. Союздаштары кабылган кыйын кырдаалдан пайдалануу менен алар бааны болушунча көтөрүшү мүмкүн. Анда ЕБ үчүн бүгүнкү көйгөйлөрү анын жанында шоона эшпей калышы ыктымал. Эгер туура ой жүгүртүшсө, орус газына жападан жалгыз альтернатива – россиялык АЭС экенин түшүнүшөт. Ал эми экөө биргеликте алынса, абал алда канча жакшыра түшөт.

52
Белгилер:
газ, отун, май, азык-түлүк, кымбаттоо, Европа, Россия, экономика
Тема боюнча
Уурдалган миллиарддар. АКШда Жемкорлукка каршы фондунун клону түзүлгөн. Иликтөө
"Жол бербешибиз керек": Батыш Россия менен Кытайды алдамак болдубу?

Садыр Жапаров Өзбекстан парламентинин төрайымы менен жолукту

0
(жаңыланган 22:23 21.09.2021)
Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Мамлекет башчы Өзбекстандын парламентине парламент аралык жана регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын мартында президент Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

"Олий Мажлис сенатынын төрайымы Кыргызстанда Садыр Жапаровдун бардык тармактарда жүргүзүп жаткан реформаларынын натыйжасында болгон жакшы өзгөрүүлөрдү белгиледи. Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жалпы кыргыз элине чын дилден бакубатчылык тилеген каалоосун жеткирди. Өзбекстандын парламенти Жапаровдун Ташкентке болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусуна ар тараптуу көмөк көрсөтөрүнө ишендирди", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу соңунда Жапаров кесиптеши Мирзиёевге жылуу салам айтууну өтүнүп, ошондой эле боордош өзбек элине тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалаган.

0
Белгилер:
Өзбекстан, Садыр Жапаров, жолугушуу, Танзила Нарбаева