Прокуратура: маморгандар 1,5 жылда бир эле бизнесмендерди 17 жолу текшерген

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүОткрытие распределительного фулфилмент-центра OZON в Ростове-на-Дону
Открытие распределительного фулфилмент-центра OZON в Ростове-на-Дону - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Ишкананын жетекчилеринин айтымында, мамлекеттик органдар тарабынан улам негизсиз текшерүүлөр болуп, жумуш үзгүлтүккө учураган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. 2020-2021-жылдары мамлекеттик органдар М.В. Фрунзе атындагы мурдагы заводдо жайгашкан жеке ишкана жана мекемелерди 17 жолу кайталап текшеришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Прокуратурага 15 ишкананын жетекчилери кайрылып, улам негизсиз текшерүүлөр болуп, жумуш үзгүлтүккө учурап жатканын айтышкан.

Прокуратура текшерүүлөр бизнеске кедергисин тийгизгенин аныктап, Экономика жана финансы министрлигине мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу прокурордук чара көрүү актысы киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0