Азыр Улуттук банктын алтын кору кандай. Жакында эле үч эсеге азайып кеткен

© REUTERS / Ilya NaymushinАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Май айынан тарта июлга чейин алтындын кору дээрлик эки эсеге, тагыраагы, 62,5 миллиард сомго кыскарып кетти. Улуттук банк жакында эле, августтун башында, жаңы маалыматтарды жарыялады.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Улуттук банктын алтын корунун баасы өткөн айда 1,5 миллиард сомго өскөн. Мындай жыйынтыкты аталган банктын ачык маалыматтарын анализдегенден кийин жасоого болот.

Июлдун башында УБнын алтын активдери 36 миллиард 439,1 миллион сомго бааланса, 1-августта 37 миллиард 940,6 миллион деп айтылган.

Бул мезгил ичинде бааллуу металлдын наркы бир трой унциясына карата 1 781,5 доллардан 1 811,5 долларга өстү (2-августтун маалыматы).

Выделение средств в долларах - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Кыргызстан ЭВФтен 240 миллион доллар алат
Эске салсак, май айынан тарта июлга чейин алтындын кору дээрлик үч эсеге, тагыраагы, 99 миллиарддан 36,4 миллиард долларга чейин кыскарып кетти. Бирок бул баалуу металлдын дүйнөлүк наркы өтө деле өзгөргөн жок.

Алтын-валюталык кор (эл аралык валюталык резервдер) Улуттук банкка сомдун курсун түшүрбөй кармап турууну шарттайт.

Резервдер валютанын ондон ашуун түрлөрүнөн, СDR (карыз алуунун атайын укуктары — Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражатынан) жана алтындан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0