Былтыр өлкөдөгү кафе-ресторандар 15 миллиард сомдон кол жууган

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКафедеги жумушчу. Архив
Кафедеги жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Көбүрөөк Ысык-Көл (68 пайыз), Талас (48 пайыз) облустарында жана Бишкек шаарында (42 пайыз) жайгашкан тамактануу жайлары жабыркаган.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. 2020-жылы тамактануу жайларынын жүгүртүүсүнүн көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 39 пайызга төмөндөп, кафе-ресторандар 15 миллиардга жакын сомдон кол жууду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Мындай төмөндөө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланышкан чектөө чараларынан улам болгону жалпыга белгилүү. Аны менен катар тамак-аш менен камсыздоо боюнча чарбалык субъекттердин саны 2019-жылы 4 547 болсо, 2020-жылы 4 446сы гана калган. Демек, 100дөй мекеме ишин токтоткон.

Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Өкмөт ишкер, инвесторлорду колдоо боюнча иш-чаралардын планын бекитти
Көбүрөөк Ысык-Көл (68 пайыз), Талас (48 пайыз) облустарында жана Бишкек шаарында (42 пайыз) жайгашкан тамактануу жайлары жабыркаган.

Эске салсак, 2020-жылдын жаз айларында коронавирус пандемиясынан улам карантиндик чектөөлөр киргизилип, көптөгөн ишканалар убактылуу ишин токтотуп же чектөөлөр менен иштөөгө аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0