Кант менен суу май ташыгандарга берилген жеңилдиктин мөөнөтүн узартуу пландалууда

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүПравительству поручено принять меры в связи с ростом цен на социально значимые продукты
Правительству поручено принять меры в связи с ростом цен на социально значимые продукты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
1-июлдан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы токтотулган. Анын ичинде 1-июлдан 31-августка чейин кумшекер жана өсүмдүк майы өлкө аймагына салык жана бажы төлөмдөрү жагынан жеңилдик алган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстанга кумшекер, кант тростниги жана суу майды алып кирүүдөгү бажы пошлинасы менен кошумча нарк салыгын токтотуп туруу мөөнөтүн узартуу боюнча токтом долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Күйүүчү май куйуучу жайдагы унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
ЕАЭБ жана кошуна өлкөлөрдө күйүүчү май канчадан сатылууда? Баалар
Эске салсак, 1-июлдан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы токтотулган. Анын ичинде 1-июлдан 31-августка чейин кумшекер жана өсүмдүк майы өлкө аймагына салык жана бажы төлөмдөрү жагынан жеңилдик алган.

Мындан улам Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде "Кайыңды-Кант" ЖЧКсы, кумшекер импорттоочулар менен Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

"Жолугушуунун катышуучулары үч жыл катары менен аба ырайынын шарты жакшы болбой жаткандыктан кант өндүрүүнүн көлөмү дүйнө жүзү боюнча азайып кеткенин айтышты. Андыктан Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Экономика жана финансы министрлиги кант иморттоо үчүн бажы пошлинасы менен товарларга кошумча нарк салыгын нөл пайыз менен калтыруу мөөнөтүн 30-сентябрга чейин, суу майга бул мөөнөттү жыл аягына чейин калтырууну сунуштады", — деп айтылат билдирүүдө.

Өлкөгө ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрдөн кант импорттоону каалагандар Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 0312 623644, 0557 557529, 0995 754875 номерлерине кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0