"Центерранын" карьер боюнча билдирүүсүнө "Кумтөр" жооп берди. Сүрөт, видео

© Фото / пресс-служба "Кумтор голд компани"Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
"Кумтөрдүн" мурдагы жетекчилиги азыркы башкаруучуларды кыргызстандык жана эл аралык журналисттерди Кумтөргө киргизип, андагы абалды чагылдырууга уруксат берүүгө чакырган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" Centerra Gold Inc. компаниясынын "Кумтөрдүн борбордук карьерин суу басып кетти" деген маалыматына жооп кылып, адистердин пикирин жана суу дайыма болуп келгендигин далилдеген фотофактыларды берди. Бул туурасындагы маалымат аталган ишкананын сайтына жарыяланды.

Эске салсак, Centerra Gold Inc. алтын казылган Кумтөр кенинде суу борбордук карьерди басып кеткендиктен, ал рудникке жана анда иштегендерге олуттуу коркунуч жаратууда деген билдирүү тараткан. Бул боюнча компания сүрөттөрдү жарыялап, билдирүүгө видеоматериал да тиркеген.

"Тартылган сүрөттөргө таянып, Centerra Кумтөрдүн борбордук карьеринде кеминде 40 метр тереңдиктеги суу топтолгон болуу керек деп эсептейт. Бул кенди Centerra көзөмөлдөп иштеткен 25 жылдан ашуун мезгилдеги топтолгон суунун көлөмүнөн да көп болууда. Мындай кырдаал айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды эсепке албаганда да кендин жана анда иштегендердин коопсуздугуна болуп көрбөгөндөй коркунуч жаратат. Андыктан эксплуатация жана коопсуздуктун көйгөйүн чечиш үчүн токтоосуз чечим кабыл алыш керек деп эсептейбиз", — деп айтылган Centerra Gold Inc. тараткан маалыматта.

Centerra компаниясына жооп кылган "Кумтөр голд компани" карьерде суу дайыма эле болуп келген, ал муктаждыктар үчүн колдонулат деген билдирүүсүн таратты.

"Чынында карьерде суу дайыма эле бар болчу. Ал алтынды кайра иштетүүчү фабриканын муктаждыктары үчүн колдонулуп келген. Бул билдирүү боюнча биз улук инженер, гидрогеолог Кирилл Алексеевдин видеокомментарийин сунуштайбыз", — дешти "Кумтөрдөн".

Ал эми Centerra компаниясынын башкы операциялык директору, "Кумтөр голд компанини" бир нече жыл жетектеген Дэн Дежардендин комментарийин да тараткан.

Ал кендин коопсуз иштеши үчүн карьерге топтолуп калган сууну тазалоо жана сордуруп туруу өтө маанилүү деп билдирген.

Кумтөр голд компани (КГК) ишканасынын тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Тизелетүү аракетиңер таш кабат. Бөлтүрүк Centerra башчыларына жооп кайтарды
"Биз кенди иштетип турган чакта мөңгүнүн эриген суусу карьерге жеткиче эле жок кылынчу. Өкмөт дайындаган менеджмент жетекчилик кылып турган чакта мөңгүнүн суусу кароосуз калып, агып жатат. Бул кендин кызматкерлерине кооптуулук жаратат", — деген Дэн Дежарден.

Ал өкмөт дайындаган менеджмент тез арада тоо-кен тармагындагы көз карандысыз эксперттерди кендеги абалга баа берип, анын жыйынтыгын коомчулукка жарыялоо керек деп эсептээрин айткан. "Кумтөрдүн" жетекчилигин кыргызстандык жана эл аралык журналисттерди кенге барып, ал жерде эмне болуп жатканын чагылдырууга уруксат берүүгө чакырган.

© Фото / пресс-служба "Кумтор голд компани"Карьер золоторудного месторождения "Кумтор"
Кумтөр голд компани Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөрдүн борбордук карьерин суу басып кетти деген маалыматына жооп кылып, адистериин пикирин жана суу дайыма болуп келгендигин далилдеген фотофактыларды берди - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Кумтөр голд компани" Centerra Gold Inc. компаниясынын "Кумтөрдүн борбордук карьерин суу басып кетти" деген маалыматына жооп кылып, адистериин пикирин жана суу дайыма болуп келгендигин далилдеген фотофактыларды берди
© Фото / пресс-служба "Кумтор голд компани"Карьер золоторудного месторождения "Кумтор"
Эске салсак, Centerra Gold Inc. алтын казылган Кумтөр кенинде суу борбордук карьерди басып кеткендиктен, ал рудникке жана анда иштегендерге олуттуу коркунуч жаратууда деген билдирүү тараткан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Эске салсак, Centerra Gold Inc. алтын казылган Кумтөр кенинде суу борбордук карьерди басып кеткендиктен, ал рудникке жана анда иштегендерге олуттуу коркунуч жаратууда деген билдирүү тараткан
© Фото / пресс-служба "Кумтор голд компани"Карьер золоторудного месторождения "Кумтор"
Centerra компаниясына жооп кылган Кумтөр голд компани карьерде суу дайыма эле болуп келген, ал муктаждыктар үчүн колдонулат деген билдирүүсүн таратты - Sputnik Кыргызстан
3/3
Centerra компаниясына жооп кылган "Кумтөр голд компани" карьерде суу дайыма эле болуп келген, ал муктаждыктар үчүн колдонулат деген билдирүүсүн таратты
1/3
"Кумтөр голд компани" Centerra Gold Inc. компаниясынын "Кумтөрдүн борбордук карьерин суу басып кетти" деген маалыматына жооп кылып, адистериин пикирин жана суу дайыма болуп келгендигин далилдеген фотофактыларды берди
2/3
Эске салсак, Centerra Gold Inc. алтын казылган Кумтөр кенинде суу борбордук карьерди басып кеткендиктен, ал рудникке жана анда иштегендерге олуттуу коркунуч жаратууда деген билдирүү тараткан
3/3
Centerra компаниясына жооп кылган "Кумтөр голд компани" карьерде суу дайыма эле болуп келген, ал муктаждыктар үчүн колдонулат деген билдирүүсүн таратты

Мындай маалыматка жооп берген "Кумтөр" ар кыл жылдар аралыгында тартылган сүрөттөрдү тизмектеп, фотофактыларды келтирген.

"Мурда, алардын мезгилинде, "карьерде мындай ири көлөмдөгү суулар байкалган эмес" деген "Центерранын" карандай калпын ачыктоо үчүн мындай көлөмдөгү суу дайыма болгонун фотофактынын негизинде далил келтиребиз. Бул пресс-релизде камтылган маалыматтын бардыгы чындыкка дал келбейт жана Кумтөр кенинин айланасындагы кырдаалды атайын курчутуу, элди дүрбөлөңгө түшүрүү максатын көздөйт деп эсептейбиз", — деп жазылган маалыматта.

"Кумтөр голд компани" боюнча абал

Эске салсак, 2021-жылдын 7-майында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр голд компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компанинин" жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ознакомление с деятельностью рудника Кумтор президента КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Нью-Йорк соту Centerra ишканасынын Кумтөр боюнча доо арызын четке какты
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо арыз берүү каралган.

17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Учурда компанияны Теңиз Бөлтүрүк башкарып жатат.

21-май күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри кыргыз өкмөтү менен мурдагыдай эле конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирген.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр голд компани" анын туундуу ишканасы. Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызына Кыргызстан ээлик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0