Доллар, бензин жана алтын кымбаттады

© REUTERS / Lee Jae WonКурс доллара в Сеуле
Курс доллара в Сеуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү эртең мененкиге салыштырмалуу доллар, евро жана ири компаниялардын бирине тиешелүү май куюу жайларында бензиндин баасы көтөрүлдү.

Акча алмаштыруу жайларында долларды орто эсеп менен 84,82 сомдон, еврону 101,28 сомдон сатып алууда. Бул сутка ичинде доллар 2 тыйынга, евро 40 тыйынга кымбаттады дегенди түшүндүрөт. Теңге менен рублдин курсу билинер-билинбес гана өзгөрдү.

АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы "Газпром нефть Азия" май куюучу жайында 40 тыйынга кымбаттады. Калган баа ошол бойдон кармалып турат.

"Роснефть":

  • АИ-92 — 55,8 сом;
  • АИ-95 — 60,8 сом;
  • Дизель майы — 50,9 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 55,9 сом;
  • АИ-95 — 60,9 сом;
  • Дизель майы — 50,9 сом.

Алтындын баасы дагы жогорулап, 1 граммы 4,5 сомго кымбатыраак сатылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0