Май куйуучу жай. Архив

Бензин дагы 2 сомго кымбатташы күтүлүүдө. Нефтетрейдерлер себебин атады

285
(жаңыланган 13:07 03.09.2021)
Сентябрдан тарта жергиликтүү нефтетрейдерлер күйүүчү майды пошлина менен ала башташат. Россиядан товарга буюртма берип жатканда ар бир тоннасына 19,3 доллардан кошулат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Россиялык нефть иштетүүчү заводдордун продукциясына экспорттук бажы пошлинасынын алына баштаарына байланыштуу бензин дагы 1,3-1,7 сомго кымбатташы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзунан билдиришти.

Сентябрь айынан тарта жергиликтүү нефтетрейдерлер күйүүчү майды пошлина менен ала башташат. Россиядан товарга буюртма берип жатканда ар бир тоннасына 19,3 доллардан кошулат.

"Беш жылдан бери Россия тарап пошлинасыз берип жаткан күйүүчү майдын көлөмү өзгөрбөй келет. Ошол эле учурда биздин өлкөдө бензинге болгон суроо-талап жыл сайын өсүп келе жатат. Муну көчөдөгү транспорттун көбөйүшүнөн эле байкаса болот. Өкмөттөр аралык сүйлөшүүнүн негизинде Кыргызстанга деп бөлүнгөн көлөм август айында эле колдонулуп бүтүп калды", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам нефтетрейдерлер Энергетика жана өнөр жай министрлигине индикатордук баланста нефть продуктуларынын көлөмүн көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылган.

"Ведомство Россиянын Энергетика министрлигине кат жолдоду. Бирок ал жактан көлөмдү көбөйтүү боюнча өтүнүчтү четке кагышты. Муну алар ички рынокто бензиндин тартыш болуп жатканы менен түшүндүрдү. Ошондой эле экспортко тыюу салынышы мүмкүн экенин дагы божомолдошту. Буга байланыштуу бензин 1,3-1,7 сомго кымбатташы күтүлүп жатат", — дешти союздан.

Нефтетрейдерлер колдонулбаган нефть (50 миң тонна) менен дизель майынын (50 миң тонна) эсебинен бензин алып туруу боюнча маселени карап чыгууну сунуштоодо. Мындай болсо компаниялар дагы үч ай бою пошлинасыз бензин ала алышат.

285
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, бензин, баалар
Тема боюнча
Кант менен суу май ташыгандарга берилген жеңилдиктин мөөнөтүн узартуу пландалууда
Акча топтоонун жеңил жолу. Кыргызстандыктарга 7 кеңеш

Бишкектеги батирлердин сентябрдагы ижара акысы

65
Сентябрда Бишкектеги батирлердин бир нече түрүнүн ижара акысы кымбаттаган. Рынокту карап чыгып, арзандоо такыр эле болбогонун байкадык.
Бишкектеги батирлердин сентябрь айына  карата ижара акысы 27.09.2021

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо учурунда 886 жарнама каралды. Сентябрда деле өткөндөгүдөй эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.

Окуу жылынын башталышы менен эмереги бар бир нече категориядагы батирлердин орточо ижара баасы көтөрүлгөн. Эң көп кымбаттаганы 105-сериядагы эки бөлмөлүүлөрү болду. Наркы орточо алганда дароо эле 3400 сомго секирик жасады.

Бардык түрдөгү бир бөлмөлүү эмереги менен берилген батирлер эки айдан бери кымбаттап жатат. 106-сериядагы бир бөлмөлүү жайлардын акысы орточо эсеп менен алганда 1000 сомго өстү. Ушул эле сериядагы 3-бөлмөлүүлөрүнө 2600 сом кошулду.

Үч бөлмөлүү "элиткаларга" эмереги менен өткөн айга салыштырмалуу 2 400 сомго кымбат киресиз.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына таянсак, сентябрь айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 14 900 сом (10 000ден 17 000ге чейин);
  • 105-серия — 15 300 (12 0000ден 20 000ге чейин);
  • 106-серия — 16 500 (10 000ден 23 000ге чейин);
  • Жеке типтегилер — 15 900 (9 000ден 25 400гө чейин);
  • "Элитка" — 25 400 (14 000ден 42 000ге чейин);
  • Мейманкана тибиндеги батирлер — 6 600 (4 000ден 8 000гө чейин).
  • Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
  • 104-серия — 18 400 сом (10 000ден 26 000ге чейин);
  • 105-серия — 20 700 (13 000ден 29 700гө чейин);
  • 106-серия — 21 400 (14 000ден 28 000ге чейин);
  • Жеке типтегилер — 25 400 (18 000ден 38 200гө чейин);
  • "Элитка" — 42 700 (20 000ден 84 800гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 24 500 сом (21 200дөн 29 700гө чейин);
  • 105-серия — 27 000 (17 500дөн 46 000ге чейин);
  • 106-серия — 29 300 (17 000дөн 42 400гө чейин);
  • Жеке типтегилер — 30 200 (20 000ден 42 400гө чейин);
  • "Элитка" — 65 500 (24 400дөн 186 600гө чейин).
65
Белгилер:
Бишкек, баа, ижара, батир, нарк
Тема боюнча
"Элиткалар" кымбаттады. Бишкектеги батирлердин августтагы ижара акысы
Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кени. Архив

Кумтөрдөн мамлекетке канча акча түшүп жатат? Үч жылдык отчётту салыштыруу

469
(жаңыланган 16:25 28.09.2021)
Үстүбүздөгү жылдын жети айында Кыргызстан Кумтөрдөн 4,16 миллиард сом салык алды. Бул сумма былтыркыга караганда 1,1 миллиардга аз, бирок 2019-жылдагыдан 582 миллионго көп. Өлкөнүн ири алтын кени бюджетке канча акча төгөрүн билүүгө кызыксаңыз бул материалды окуңуз.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 25-сентябрда мамлекет Кумтөрдөн буга чейин 21 жылдын аралыгында болгону 84 миллион доллар алганын, ал эми быйыл эки айдын (июнь, июль) ичинде эле 90 миллион доллар пайда көргөнүн билдирди. Бирок кеп эмне жөнүндө болуп жатканын так айткан эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы расмий документтерге таянып Кумтөр алтын кенинен түшүп жаткан каражатка көз чаптырды.

Былтыркыдан аз, мурунку жылдан көп салык түштү

Экономика жана финансы министрлигинин 2021-жылдын январь-июль айларына карата бюджеттин аткарылышы тууралуу жарыялаган отчётунда Кумтөрдөн түшкөн каражат да камтылган.

Анда жети айда компания киреше салыгы катары 4 миллиард 159,9 миллион сом төккөнү жазылат.

Министрликтин буга чейинки отчётторун карай турган болсок, былтыр ушул эле мезгилде компания тапкан кирешесинен 5 миллиард 275,9 миллион сом салык төлөгөн. Ал эми 2019-жылы 3 миллиард 577,7 миллион сом чегерген.

Бул цифралар быйыл январь-июлдан түшкөн салыктын суммасы былтыркыга (ушул мезгил) салыштырмалуу 1 миллиард 116 миллион сомго аз экенин, бирок 2019-жылкыдан 582,2 миллион сомго көп чыкканын айгинелейт.

Ал эми жалпы бир жылдык киреше салык төгүмү 2020-жылы — 9,6 миллиард, 2019-жылы 7,5 миллиард сомду түзгөн.

Канча алтын сатылды?

"Кыргыз алтын" ишканасы Кумтөр тышкы башкарууга өткөндөн кийин канча алтын сатылганы боюнча маалымат берген жок. Аны билүү үчүн расмий түрдө кат жөнөтүүнү сунуштады.

Буга чейин Улуттук статистика комитети быйыл январь-июнь айында чет өлкөгө 4 тонна 141 килограмм 879,4 грамм алтын сатылганын билдирген. Бул көлөм 234 миллион 909,7 миң долларга бааланган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,6 тоннага аз экспорттолгон.

Статкомдун маалыматы боюнча, июлда бир грамм дагы алтын сатылган эмес, өткөн жылы бул айда 1 тонна 390 килограмм экспортко чыккан.

КГК быйыл коомчулукка отчёт бере элек

Кумтөр кенин убактылуу сырттан башкарып жаткан "Кумтөр голд компани" (КГК) ишканасы мамлекетке төккөн салыктары тууралуу 2021-жылдын отчётун сайтына чыгарбай жатат. Ага чейин кварталдык, жылдык отчётторун жарыялап келген.

Компаниянын маалымат катчысы Марианна Шермур отчёт даярдалып Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссияга жана министрлер кабинетине жөнөтүлгөнүн билдирди. Эгер алар бекитип берсе, анан коомчулукка жарыяланарын айтат.

Деген менен министрлер кабинетинин маалымат кызматы өкмөт алардын отчетун бекитип бербей турганын белгилеп, "ал маселени "Кумтөр голд компани" ишканасы өзү чечет" деп жооп берди.

Кумтөрдүн соңку эки жылдык отчёту

2021-жылга карата отчётту таба албаган соң соңку эки жылдык маалыматты карап көрдүк.

2020-жылы Кумтөр алтын кенин Centerra Gold Inc. иштетип жатканда салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө мамлекеттик бюджетке 344 миллион 680 миң доллар чегергени көрсөтүлгөн. Буга салык, аффинаж, жергиликтүү жабдуучулар үчүн төлөмдөр, инфраструктураны колдоо, кайрымдуулук кирет. Компания сом түрүндө гана маалымат берген. 

Анын ичинен:

  • Киреше салыгы — 124,05 миллион доллар;
  • Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна — 10,1;
  • Жаратылышты өнүктүрүү фондуна салым — 3,7;
  • Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна төлөм — 18,04;
  • Онкологиялык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү фондуна салым — 3;
  • Экологиялык төлөм — 310 миң доллар.

Компания салыктын ар бир түрүн сом түрүндө көрсөткөн эмес. Бирок жалпы суммасы 12,7 миллиард сомду түзгөнү жазылган. 

Ал эми 2019-жылы мамлекетке 366,9 миллион доллар төккөнү жазылган.

Анын ичинен:

  • Киреше салыгы — 108,1 миллион доллар;
  • Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна — 8,5;
  • Жаратылышты өнүктүрүү фондуна салым — 61;
  • Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна төлөм — 6;
  • Экологиялык төлөм — 310 миң доллар.

КГК билдиргендей, бир жылдык салыктык жана милдеттүү төлөмдөрдүн жалпы суммасын улуттук валютага которгондо 12,8 миллиард сом болгон.

Кумтөр кени ишке киргизилген 26 жылдын (1994-2020-жылдары) аралыгындагы чегерүүлөрдүн жалпы суммасы 4,48 миллиард доллар экени белгиленет.

Эске салсак, май айында өкмөт Кумтөр кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизип, жетекчилигине Теңиз Бөлтүрүктү дайындаган. Жаңы администрациянын берген маалыматына караганда, кен пландык режимде иштеп жатат.

469
Белгилер:
Кыргызстан, Кумтөр, отчет, каражат, бюджет, алтын
Тема боюнча
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү
Тамеки чегип жаткан адам. Архив

Пляж, базарда. Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

602
(жаңыланган 21:34 28.09.2021)
Тыюу салынган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да уруксат берилбейт. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

Ага ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинде кайсы жерде чегүүгө тыюу салынары жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайларды аныктоо жана белгилерди коюу тартибин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби тамеки тартуу экенин буга чейин белгилешкен.

Ошондой эле чылым чегүүгө бардык эле жерлерде тыюу салынбасын айтышкан. Бирок башкалардын эркин дем алуусуна тоскоол болбошу керек деген принцип сакталышы шарт.

602
Белгилер:
тамеки, тыюу салуу, имарат, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти