Мигранттардын акчасы өлкөдөгү жакырчылыкка канчалык таасир этет. Статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын облусундагы үй. Архив
Нарын облусундагы үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Жазылуу
Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли боюнча акыркы маалыматтарды жарыялады.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли керектөө чыгымдары боюнча эсептелип, жалпысынан республикада 25,3 пайызды түздү. Көрсөткүч андан мурунку жылга салыштырмалуу 5,2ге жогорулаганын Улуттук статистика комитети билдирди.

2020-жылы 1 миллион 678 миң адам жакырчылыкта жашаган, анын 73,7 пайызы айыл тургундары. Өткөн жылы эң жакыр катмар 0,9 пайызды түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 0,4кө өстү. Жетпеген турмушта 59,2 миң адам жашайт деп көрсөтүлсө, анын 87,2 пайызы айылдыктар болгон.

"Түштүк аймактын калкынын материалдык жашоосуна тышкы фактордун таасири даана байкалат. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, мигранттар жиберген каражаттарды кошпогондо республикада орточо жакырчылыктын деңгээли 25,3 пайыздан 34,6 пайызга чейин жогорулайт. Ошол эле учурда Баткен облусунда жакырчылык 34,7ден 53,6 пайызга, Ошто 18,8ден 37,6 пайызга чейин, Жалал -Абадда 37,2ден 50,2 пайызга чейин, Чүйдө 25,4төн 29,4 пайызга, Ошто 14,7ден 24,2 пайызга чейин жогорулайт. Ал эми башка региондордо мындай көрсөткүч анчалык өзгөрбөйт", — деп айтылат маалыматта.

Эмгек мигранттарынын кирешелери жакырчылыкка олуттуу таасирин тийгизет. Эгерде акча которууларды эске албаганда, көрсөткүч 0,9дан 10 пайызга чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0