Доллар менен күйүүчү май кымбаттады. Бишкектеги валюта курсу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖүз долларлык купюра. Архив
Жүз долларлык купюра. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
АКШ валютасынын курсун, күйүүчү майдын жана алтын куймаларынын наркын Sputnik Кыргызстандын материалынан биле аласыз.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстанда дем алыш күнү доллар менен евронун курсу көтөрүлүп, бензиндин наркы кымбаттады. Алтын куймалардын да баасы өстү.

Доллар 84,54 сомдон сатып алынып, 84,83 сомдон сатылууда. Ал эми Улуттук банктагы расмий курс 84,75 сом деп белгиленген.

Күйүүчү майдын наркы "Роснефть" май куюу түйүндөрүндө 0,6 сомго өскөн. Алтындын куймалары дагы кымбаттап, бир граммдыгы 31,5 сомдон, ал эми жүз граммдыгы үч миң сомдон ашты.

Кыргызстандагы эң өтүмдүү  машиналар кымбаттадыбы?  Унаа базарындагы абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Эң көп сатылган унаалардын наркы кандай өзгөрдү. Базар баасына талдоо
АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин наркы "Газпром нефть Азияда" 55,9 сом, ал эми АИ-95тин баасы 60,9 сом болууда. "Роснефть" май куюу түйүндөрүндө АИ-92 56,4 сомдон, ал эми АИ-95 61,4 сомдон сатылууда.

Алтын куйманын бир граммы 6 450,5 сомдон сатып алынып, 6 482,5 сомдон сатылууда. Ал эми жүз граммдык куйма 504 902,5 сомдон сатып алынып, 520 049,5 сомдон сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0