Чет элдик валюталар кымбаттап, алтын арзандады. 7-сентябрга карата баа

© Фото / Pexels / PixabayЕвро купюралары. Архив
Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү эртең мененкиге салыштырмалуу доллар менен евро кымбаттады. Май куюучу жайларда бензиндин баасы ошол бойдон калган. Ал эми алтын бир аз төмөнүрөөк баага сатылып жатат.

Акча алмаштыруучу жайларда долларды орто эсеп менен 84,61 сомдон, еврону 100,03 сомдон сатып алууда. Бул сутка ичинде доллар 7 тыйынга, евро 8 тыйынга кымбаттады дегенди түшүндүрөт. Теңге менен рублдин курсу билинер-билинбес гана өзгөрдү.

АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы ошол бойдон кармалып турат.

"Роснефть":

  • АИ-92 — 56,4 сом;
  • АИ-95 — 61,4 сом;
  • Дизель майы — 51,5 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 55,9 сом;
  • АИ-95 — 60,9 сом;
  • Дизель майы — 50,9 сом.

Алтындын баасы төмөндөп, 1 граммы 2,5 сомго арзан сатылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0