АКШ долларлары. Архив

Кыргызстандан чыккан инвестиция өлкөгө кирген каражаттын көлөмүнөн ашты

315
(жаңыланган 12:40 09.09.2021)
Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанга инвестициянын көбү Кытай, Түркия, Нидерланд жана Улуу Британиядан келген.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. 2020-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу чет өлкөдөн келген түз инвестициянын көлөмү эки эсеге көбөйгөнү менен чыккан каражат андан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ага ылайык, аталган убакта 321 миллион долларлык инвестиция келген. Ошол эле учурда быйылкы жылдын биринчи жарымында чет өлкөлүк түз инвестициянын чыгып кетүү агымы 9,2 пайызга кыскарып, 548,2 миллион долларды түздү. Муну менен өлкөдөн чыгарылган инвестиция келгенинен 227,0 миллионго долларга көп экени белгилүү болду.

Түз келген чет өлкөлүк инвестициянын негизги көлөмү (97 пайыздан ашыгы) геологиялык чалгындоо ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, өндүрүш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка, ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталган.

Каражаттын көбү Кытайдан (31,8 пайыз), Түркиядан (19,35), Нидерланддан (11,4) жана Улуу Британиядан (10,1) салынып, Жалал-Абад, Чүй облустарына жана Бишкек шаарына көбүрөөк инвестицияланган.

Ал эми чыккан инвестициянын ири үлүшү Канадага (49,5 пайызы), Кытайга (29,8 ), Улуу Британияга (3,2 ) жана Түркияга (3,0) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнө чыккан инвестиция 2,5 пайызга төмөндөгөн, бул агымдын Казакстанга кыскарышынан (3,7 эсеге) болгон. Ошол эле учурда Россияга инвестициянын көлөмү 1,3 эсеге көбөйгөн.

315
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук статистика комитети, инвестициялар, каражат
Тема боюнча
Кыргызстанда бажы салыгы эки эсеге көбөйдүбү? Расмий жооп
Өкмөт Россия менен пошлинасыз бензиндин көлөмүн көбөйтүүнү сүйлөшүүдө
Доллар жана евро купюралары. Архив

Чет элдик валюталар менен алтын кымбаттады. Соңку маалымат

48
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү эртең мененкиге салыштырмалуу доллар, евро жана алтындын баасы азыраак жогорулады. Ал эми күйүүчү май ошол бойдон калды.

Банктар жана акча алмаштыруу жайларында доллар менен еврону сатып алуу 5 тыйынга, сатуу 2 тыйынга кымбаттады. Тагыраагы, АКШ акчасы 84,68 сомдон сатып алынып, 84,88 сомдон сатылууда. Еврону сатып алуу 98,91 сом, сатуу 100,23 сомдон болууда. Рубль 1 тыйынга арзандады.

Күйүүчү майдын баасы ошол бойдон кармалып турат:

"Роснефть":

  • АИ-92 — 56,8 сом;
  • АИ-95 — 61,8 сом;
  • Дизель майы — 51,9 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 56,9 сом;
  • АИ-95 — 61,9 сом;
  • Дизель майы — 51,9 сом.

Ал эми алтын кымбаттап, 1 граммы 5 сомго жогору сатылып жатат.

48
Белгилер:
Бишкек, Кыргызстан, алтын, доллар, евро, баалар
Тема боюнча
Бишкекте дагы бир мамлекеттик лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады
Кыргызстандан сыртка 290 млн. доллар которулду. 7 айдын жыйынтыгы
АКШ долларлары. Архив

Кыргызстандан сыртка 290 млн. доллар которулду. 7 айдын жыйынтыгы

40
Учурдагы көрсөткүч өлкө тарыхында рекорд койду. Азыркы сандар өткөн жылдын сегиз айына салыштырмалуу ондогон миллион долларга көп.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ушул жылдын жети айында Кыргызстандан тышка 291 миллион 980 миң доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирди.

Кеп жеке тараптар атайын система аркылуу которгон каражат жөнүндө болуп жатат.

Учурдагы көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,8 миллион долларга көп.

Ошондой эле бул рекорд экенин ар кайсы жылдагы январь-июль айларындагы маалыматтарды салыштыруу менен байкоого болот:

  • 2020 — 259 миллион 230 миң доллар;
  • 2019 — 291 миллион 970 миң доллар;
  • 2018 — 285 миллион 250 миң доллар.
40
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, каражат, Акча которуулар, көрсөткүч
Тема боюнча
Акчаны кайсы валютада сактаган оң? Жөнөкөй, бирок маанилүү кеңеш
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив

Нарындын мэри Болотбеков сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду

0
Шаар башчысы 2020-жылы өткөн паралменттик шайлоо маалында коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим кечээ, 20-сентябрда, чыккан. Болотбеков шайлоодогу коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө.

УКМК былтыркы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Руслан Чойбековду 16-сентябрда кармаган. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылып, Чойбеков тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 18-сентябрда аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен шайлоодо "Кыргызстан" партиясынан талапкер болгон, учурда Нарындын мэри Самарбек Болотбеков кармалган болчу.

0
Белгилер:
Самарбек Болотбеков, мэр, кармоо, коррупция, бошотуу
Тема боюнча
500 миң долларлык мүлк. "Кыргызстандын" дагы бир экс-депутаты кармалды