Заправочные пистолет на автозаправочной станции сети Газпромнефть, расположенной на Симферопольском шоссе.

Бензиндин кымбатташы. Антимонополдук орган май куюучу жайларга эки талап койду

287
Эгер Кыргызстандын атаандаштык жөнүндөгү мыйзамдарындагы талаптар нефтетрейдерлер тарабынан бузула турган болсо, антимонополдук орган тийиштүү чара көрө тургандыгы эскертилди.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. 2021-жылдын январь-сентябрь айларында бензин 70 пайызга, ал эми дизель майы 50 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматка караганда, аталган агенттик өз ыйгарым укуктарынын алкагында бааны кармап туруу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатат. Бүгүн, 9-сентябрда, агенттик май куюучу жайлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөргөн. Анда бардык нерсе кымбаттап жатканына карабастан, бааларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө сунушталган. Ошондой эле төмөнкүдөй талаптар коюлган:

  • Ачык атаандаштыктын принциптерин сактоо;
  • Чыгымдарды оптималдаштыруу жана баанын деңгээлин кармаган ыкмаларды колдонуу жолу менен күзгү талаа иштеринин башталышында баалардын кескин жогорулап кетишине жол бербөө.

Эгер Кыргызстандын атаандаштык жөнүндөгү мыйзамдарындагы талаптар нефтетрейдерлер тарабынан бузула турган болсо, антимонополдук орган тийиштүү чара көрө тургандыгы эскертилди.

287
Белгилер:
Кыргызстан, Күйүүчү май, бензин, Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков. Архив

Курманбеков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан ГЭС курууну колдойт

10
(жаңыланган 12:55 26.09.2021)
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков РКӨФ чакан ГЭС куруу долбоорлорун каржылоого артыкчылык берерин айтты.

Баткен жана Талас облустарында чакан жана ири ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор каралып, бизнес-план иштелип жатат. Мындай маалыматты Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Курманбеков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан ГЭС курууну колдойт

Анын айтымында, алыскы аймактарда жеңил өнөр жайга басым жасалууда.

"Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду насыялык каржылоону энергетика тармагына салууда. Өзгөчө кичи гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорго артыкчылык берилип жатат. Биздин абдан чоң гидрологиялык потенциалыбыз бар. Учурда Баткенге чакан ГЭС куруу пландалууда. Ал боюнча тиешелүү иштер жүрүп, жабдуулар орнотула баштады. Мындан тышкары, Таласта көзөмөлдө ири ГЭС долбоору турат, ага бизнес-план иштелип чыгууда. Жакында гана өлкө башчы Ысык-Көлдө эки тигүү цехин ачып келди. Көбүнесе алыскы аймактарда аялдарды колдоо максатында да иш жүргүзүп жатабыз. Фонд насыяларды узак мөөнөткө бергенге аракет кылып, пайыздарын да төмөндөтүү боюнча иштерди жасап келет", — деди Курманбеков.

Ошондой эле адис Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлер үчүн атайын маалыматтык кампания уюштуруп, бизнес-план түзүп, долбоорлордун ишке ашышына көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

10
Белгилер:
Бакыт Курманбеков, Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду, насыя, ишкерлик, өнүктүрүү
Тема боюнча
Кыргызстанда ишкер аялдар үчүн онлайн-платформа ачылды
Акча жана көз айнек. Архивдик сүрөт

Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу

382
(жаңыланган 14:00 25.09.2021)
Аткаруу бийлигинин башчысы айткандай, быйыл бир катар маанилүү чыгашалар болгон. Анын катарында айлык-маяналарды жогорулатууга бөлүнгөн каражат бар.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун айтымында, 2022-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси мамлекеттик инвестициялар грантын эске алганда 203,6 миллиард сом же ИДПга карата 28,5 пайыз деңгээлинде болжолдонууда.

2021-жылга белгиленген бюджетке салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешеси номиналдык көрсөткүчтө 30,7 миллиард сомго жогорулайт. Республикалык бюджеттин 2022-жылдагы жалпы чыгаша көлөмү 212,7 миллиард сом деңгээлинде (ИДП карата 31,3 пайыз) белгиленүүдө. Демек, мында тартыштык 9,1 миллиард сомду түзөт.

Марипов белгилегендей, быйыл бир топ маанилүү чыгымдар болду. Анын ичинде медицина, маданият жана аскер кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулатылды.

"Көптөн бери биринчи жолу аскерлердин тамак рациону жакшыртылды, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен облусун калыбына келтирүүгө каражат бөлүндү. Коронавирустук инфекцияга каршы вакцина сатып алынды, 1-октябрдан тарта пенсиянын жана социалдык төлөмдөрдүн базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат. Мындан тышкары, мамлекет айлыкты жана пенсияны төлөө боюнча социалдык милдеттенмелерин толук аткарууда. Мунун бардыгы экономиканы пандемиядан кийинки кризистен калыбына келтирүү менен катар жүрүп жатат", – деген Марипов.

Ал кошумчалагандай, фискалдык системаны санариптештирүү олуттуу натыйжаларды берип жатат – Салык кызматы салык боюнча белгиленген планды 105 пайызга аткарды.

"Бажы кызматынын иши жөнүндө айта турган болсок, биз канчалык кадрдык өзгөртүүлөрдү жасабайлы, бажы системасын толугу менен автоматташтырбасак, иш оңолбойт. Биз бажы кызматы менен бизнес өз ара байланышпаган процессти түзүшүбүз керек. Жакын арада бажы декларациясын дистанциялык түрдө толтуруу системасы ишке киргизилиши керек", – деген ал.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбооруна макулдук берүү чечими кабыл алынды.

Бюджетти кабыл алуу үчүн парламент менен президенттин макулдугу керек.

382
Белгилер:
Министрлер кабинети, бюджет, киреше, чыгаша, Улукбек Марипов, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
Медиктердин айлыгын көбөйтүүгө бюджеттен канча каражат кеткени айтылды
Алмаз Мамбетов Ош шаарынын бюджетин 500 млн. сомго көбөйтүү тапшырмасын берди
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш. Архив

БУУ: дүйнө өзөктүк куралдан жок болуп кетүү коркунучунда турат

0
Антониу Гутерриш берген маалыматка караганда, ушул тапта дүйнөнүн булуң-турчунда 14 миңден ашык өзөктүк курал катылуу.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйнө коомчулугу өзөктүк куралдардан улам жок болуп кетүү алдында турат. Мындай пикирин бүгүн БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш айтты.

РИА Новости анын Twitter баракчасындагы билдирүүсүнө таянып жазганына караганда, ушул тапта дүйнөнүн булуң-турчунда 14 миңден ашык өзөктүк курал катылуу.

"Адам баласы ушул тапта өзөктүк куралдын көптүгүнөн улам жок болуп кетүү коркунучуна мурда болуп көрбөгөндай жакын турат. Андыктан ал куралдарды жок кылып, мындан ары ишеним жана сый-урмат менен жашоого чакырам. Ядролук коркунучту жоготууга кез келди. Дүйнөдө ансыз дагы кооптуу нерселер көп", — деди Гутерриш.

Сөзүнүн аягында ал акыркы жылдары өзөктүк куралы бар мамлекеттер модернизациялоо иштерин жүргүзүп, ким күчтүү экенин далилдөө үчүн жарышка түшүп жатканын кошумчалады.

0
Белгилер:
БУУ, Антониу Гутерриш, коркунучтар, өзөктүк курал
Тема боюнча
Согуш отун тутантпасын деп… АКШ президентинен өзөктүк баскычты алып коюшту