Кыргызстан Түркия менен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштоодо. Видео

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушу
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Бишкекте Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын X кеңешмесинен тышкары "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Түркия менен келечектүү орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык фонд түзүүнү сунуштайбыз. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолукканда айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматы Октайдын өлкөгө Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесине катышуу үчүн келгендигин билдирди.

"Кыргызстан Түркияны стратегиялык өнөктөш катары карайт. Бизди тилибиз, динибиз, бир туугандык жана достук мамилелерге негизделген байыркы тарыхый-маданий байланыштарыбыз бириктирип турат. Үстүбүздөгү жылы эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Биз түрк тарапка бул мезгилде көрсөтүлгөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмеси ийгиликтүү өтөрүнө жана натыйжасы жакшы болоруна ишенем", — деген Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы Түркия Кыргызстандын бирден-бир ири соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналарын айткан.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов
Кыргызстан Түркия менен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштоодо. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов
"Менин пикиримде, биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин 1 миллиард долларга жеткирүү үчүн күч-аракетти жумшоо зарыл. Келечектүү орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык фонд түзүүнү сунуштайбыз", — деген Марипов.

Ал ошондой эле социалдык-гуманитардык тармактагы кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын кошумчалады.

Вице-президент Фуат Октай кыргыз тараптын жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелер ар кыл багыттарда ырааттуу өнүгүп жатат деп белгилеген.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевТүркиянын вице-президенти Фуат Октай
Кыргызстан Түркия менен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштоодо. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай
"Кыргызстан биз үчүн стратегиялык өнөктөш, бир тууган элбиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн 1 миллиард долларга чейин жеткирүү максаты бар, кызматташтыкты чыңдоо үчүн күч-аракет жумшайбыз. Кыргызстанга инвестиция тартууга даярбыз", — деген Октай.

Вице-президент өз ара кызыкчылык туудурган жана социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүккө ээ болгон тармактарда стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнүн маанилүү экендигин кошумчалаган.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын актуалдуу бир нече маселеси талкууланган.

Алар:

  • медициналык багыттагы түрк университеттеринде кыргыз студенттерин окутууга квоталардын бөлүнүшү;
  • Түркиянын ооруканаларында акысыз негизде 150 кыргызстандыкты дарылоо үчүн ар жылкы квота берүүнү жаңыртуу;
  • эки өлкө жарандарынын республикалардын аймагында жүрүү мөөнөтүн узартуу;
  • эмгек ишмердүүлүгү үчүн уруксат берүүчү документтердин наркын паритеттик негизде төмөндөтүү.

Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинен тышкары "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0