Өлкөгө кант менен суу май ташыгандарды салыктан бошотуу пландалып жатат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДүкөндө аялдар өсүмдүк майды тандап жатышат. Архив
Дүкөндө аялдар өсүмдүк майды тандап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Кыргызстанга кантты алып кирүүгө жеңилдиктер 30-сентябрга чейин, суу майга бул мөөнөттү жыл аягына чейин калтыруу сунушталууда.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстанга кумшекер жана суу майды алып кирүүдөгү бажы пошлинасы менен кошумча нарк салыгын токтотуп туруу мөөнөтүн узартуу боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документти министрлер кабинетинин сайтынан көрүүгө болот.

Эске салсак, 1-июлдан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы токтотулган. Анын ичинде 1-июлдан 31-августка чейин кумшекер жана өсүмдүк майын ташыгандар салык, бажы төлөмдөрү жагынан жеңилдик алган.

"Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жеңилдиктер менен киргизилчү канттын көлөмүн 1293,8 тонна деп белгилеген. 25-августка чейин анын 614 тоннасы кирди. Иран жана Польшадан алган 679,8 тоннасы жолдо", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, кантты алып кирүүгө жеңилдик 30-сентябрга чейин, суу майга бул мөөнөттү жыл аягына чейин калтыруу сунушталууда.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0