Бал. Архив

Дүйнөнүн бардар өлкөлөрү Кыргызстандан балды көбүрөөк сатып ала баштады

548
Европадан араб өлкөлөрүнө чейин. Кыргызстандан бал сатып алгандар көбөйдү Үстүбүздөгү жылдын алты айында чет өлкөгө 944,8 миң долларга 228,4 тонна бал сатылган. Былтыркыдан 425 миң долларга көбөйгөн.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстан бир катар мамлекеттерге бал экспортунун көлөмүн жогорулатты. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитет  маалымдады.

Маалыматтарга таянсак, үстүбүздөгү жылдын алты айында чет өлкөгө 944,8 миң долларга 228,4 тонна бал сатылган. Былтыр ушул эле мезгилде 160 тонна (540 миң доллар) экспорттолгон.

Кыргыз балы Европадан араб өлкөлөрүнө чейин жеткен.

Төмөнкү мамлекеттер көбүрөөк сатып ала баштаган:

  • Сауд  Аравиясы — 63,4 тонна (өткөн жылы — 33,2 тонна);
  • Бириккен Араб Эмираттары — 36 тонна (19,9 тонна);
  • Кувейт — 29,2 тонна (17,3 тонна);
  • Япония — 25,2 тонна (3,7 тонна);
  • Испания — 19,1 тонна (2020-жылы сатылган эмес);
  • Франция — 17,8 тонна (4,7 тонна);
  • АКШ — 16,1 тонна (6 тонна);
  • Малайзия — 7,5 тонна (2020-жылы сатылган эмес);
  • Бахрейн — 2,5 тонна (0,1 тонна);
  • Иордания — 2,1 тонна (0,1 тонна).

Ошол эле учурда Түштүк Кореяга 1,3 тонна (өткөн жылы 10,3 тонна болгон), Катарга 4,3 тонна (7 тонна болчу) сатылып, экспорттун көлөмү азайган. Былтыр Кытайга 23,8, Оманга 2,8, Тайванга 9,9 тонна сатылган, бирок быйыл аталган өлкөлөргө жөнөтүлгөн эмес.

548
Белгилер:
бал, Кыргызстан, экспорт, сатуу
Тема боюнча
Кыргызстан сырасын кайсы өлкөлөргө сатат. Тизме
Алишеров: ЕАЭБге экспорт өткөн жылга салыштырмалуу 70%га өстү
Алтын. Архив

Бажы кызматы Кытайга 17 фура алтын концентратынын чыгып кетиши боюнча үн катты

366
(жаңыланган 21:41 22.09.2021)
Депутат бул жерде чоң акча жүрүп жатканын белгилеп, чыгарылып кеткен алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн айткан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы депутат Аккулу Бердиевдин Чоң-Алай районундагы Алтын-Казык кенинен казылган алтын концентратын 17 фура менен Кытайга чыгарып кетишти деген билдирүүсү боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, өткөн жылы "Эркеч-Там" бажысынан 17 фура алтын концентратын мыйзамсыз чыгарып кетип баратканда Финпол тарабынан токтотулуп, кылмыш иши козголгон.

"Кечээ, 21-сентябрда, кытайлар жаңылады деп "Эркеч-Там" менен "Достук" бажысы аркылуу чыгарып кетиптир. Министр, бажычылардын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Ал иш сотто экенине карабай "Кайди" компаниясы коррупциялык жолдор менен эскирген лицензиясын жаңылап алыптыр. Бажы кызматынын башчысы Самат Сатаровичке чалсам "мен билбей калыптырмын, балдар чыгарып жибериптир. "Эркеч-Тамдан" эмес, "Достуктан" өткөрүп поездге жүктөп кетиптир" дейт. Мындай боло берсе мамлекет оңолушу кыйын болот", — деген Бердиев.

Бажы кызматынан билдиришкендей, “тарифсиз жөнгө салуу чаралары колдонулган бажы операцияларын ишке ашырууда товарды алып кирүү жана чыгуу боюнча уруксат берилген эрежелерди жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2015-жылкы чечимине ылайык иш алып барат”.

“Товарды киргизүү жана чыгаруу Кыргызстандын тиешелүү органдары уруксат берген документтин негизинде гана ишке ашырылат. Кыргыз өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы токтомуна ылайык, тиешелүү органдар "Гик Кайди" ЖЧКсына 2021-жылдын август айынан тарта Кыргызстандын сыртына флотациялык концентрат алып чыгууга уруксат берген. Бажы кызматкерлери жогорудагы уруксат документтерин көрүп туруп концентраттарды чыгаруу боюнча операцияны аткарышкан”, — деп айтылат билдирүүдө.

Депутат бул жерде чоң акча жүрүп жатканын белгилеп, чыгарылып кеткен алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн айтты.

Буга байланыштуу эл өкүлү башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, ишти тыкыр текшерүүнү өтүндү.

366
Белгилер:
Кыргызстан, депутат, Мамлекеттик бажы кызматы, алтын, чек ара
Тема боюнча
Тонналап экспорттолчу. Кыргызстан июлда бир дагы грамм алтын саткан жок
Депутат Аккулу Бердиев. Архив

Депутат: Чоң-Алайдан 17 фура алтын концентратын Кытайга чыгарып кетишти

443
(жаңыланган 15:14 22.09.2021)
Депутат бул жерде чоң акча ойноп жатканын белгилеп, чыгарылып кеткен алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн айтты.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Чоң-Алай районундагы Алтын-Казык кенинен казылган алтын концентратын 17 фура менен Кытайга чыгарып кетишти. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы "Эркеч-Там" бажысынан 17 фура алтын концентратын мыйзамсыз чыгарып кетип баратканда Финпол тарабынан токтотулуп, кылмыш иши козголгон.

"Кечээ, 21-сентябрда, кытайлар жаңылады деп "Эркеч-Там" менен "Достук" бажысы аркылуу чыгарып кетиптир. Министр, бажылардын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Ал иш сотто экенине карабай "Кайди" компаниясы коррупциялык жолдор менен эскирген лицензиясын жаңылап алыптыр. Бажы кызматынын башчысы Самат Сатаровичке чалсам "мен билбей калыптырмын, балдар чыгарып жибериптир. "Эркеч-Тамдан" эмес, "Достуктан" өткөрүп поездге жүктөп кетиптир" дейт. Мындай боло берсе мамлекет оңолушу кыйын болот", — деди Бердиев.

Депутат бул жерде чоң акча жүрүп жатканын белгилеп, чыгарылып кеткен алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн айтты.

Буга байланыштуу эл өкүлү башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, ишти тыкыр текшерүүнү өтүндү.

443
Белгилер:
алтын, Чоң-Алай, чыгарып кетүү, Аккулу Бердиев
Тема боюнча
УКМК "Кумтөрдү" иштетүүдө 200 млн. доллар чыгарып кеткендерге издөө жарыялады
Тонналап экспорттолчу. Кыргызстан июлда бир дагы грамм алтын саткан жок
Бала көтөргөн аял. Архив

Индиядагы кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча ТИМ маалымат берди

0
(жаңыланган 23:29 22.09.2021)
Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индиянын Нью-Дели шаарында баласы менен чогуу киши колдуу болгон келиндин өлүмү тууралуу комментарий берди.

Буга чейин 28 жаштагы кыргызстандык кош бойлуу келин Нью-Дели шаарында бир жашар уулу менен чогуу өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган.

“Тергөөнүн маалыматы боюнча, келин курбусунун үйүндө 21-сентябрга караган түнү киши колдуу болгон. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, полиция кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр суракка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

Элчилик бул ишти өз көзөмөлүнө алып, учурда сөөктөрдү Кыргызстанга алып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

0
Белгилер:
Индия, Кыргызстан, келин, бала, өлүм, ТИМ
Тема боюнча
Аялдын өлүмүнө себепчи болгон мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыкты