Артка кеткен тармактар. Кыргызстанда ИДПнын көлөмү дагы төмөндөдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын желеги жана акча. Архив
Кыргызстандын желеги жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Улуттук статистика комитети жыл башынан берки ички дүң продукциянын көлөмү тууралуу маалымат таратты. Андан көпчүлүк тармактар артка кеткенин көрүүгө болот.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) сегиз ай ичинде (январь-август) 405 миллиард сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 0,7 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 369 миллиард сомго жетип, 3,6 пайызга жогорулаган.

Товар өндүрүү тармагында өсүү темпи 7,6 пайызга төмөндөп, кызмат көрсөтүү тармагында 5,6 пайызга жогорулады. Ошондой эле өнөр жайда, курулушта жана айыл чарбада артка кетүүлөр болду.

"Мисалы, өнөр жай продукцияларынын көлөмү өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 7,3 пайызга азайып кетти. Буга фармацевтикалык (39,5 пайызга), химиялык продукциялардын (35,6 пайызга) жана металл буюмдарын өндүрүүнүн көлөмү (27,2 пайызга) кыскарганы себеп болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу керектөө баалары жана тарифтер 9,5 пайызга өскөн.

Мында тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктар 11,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктер, азык-түлүк эмес товарлар 10,9 пайызга кымбаттаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0