Жапаров Лондондогу ассоциациянын "Кыргыз алтын" боюнча чечимине комментарий берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЗампредседателя кабинета министров, министр экономики и финансов КР Акылбек Жапаров
Зампредседателя кабинета министров, министр экономики и финансов КР Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жазылуу
Буга чейин "Кыргыз алтын" ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгарылган. Акылбек Жапаровдун айтымында, санкциялар киргенден кийин экономикалык абал дайыма жакшырат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгарганы боюнча комментарий берди.

Кечээ күнү ассоциация мындан ары "Кыргыз алтын" аффинаждык заводунун продукциясын албай турганы маалым болгон.

Жапаровдун айтымында, баары болжолдонгон сценарий боюнча баратат жана Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу.

"Жокко чыгаруу убактылуу гана иш, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет. Канадалыктар Кыргызстандын элине, республиканын экономикасына жана экологиясына келтирген зыяны үчүн кечирим сурап, бардык жоготууларды кайтарып, тынч жол менен кетет деп эч ким күткөн эмес. Алар тараптан башка тоскоолдуктар жана "кыйынчылыктар" болушу мүмкүн экенин айта алам, бул да алдын ала божомолдонууда, биз муну да эске алабыз", — деди Жапаров.

Министр азыркы шарттар мурдагыдан начар болбоорун белгилеген.

УКМКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
УКМК "Кумтөрдү" иштетүүдө 200 млн. доллар чыгарып кеткендерге издөө жарыялады
"Баштаганда эле биз алтынды жеткирүүнүн жаңы каналдарынын үстүндө иштөөдөбүз. Учурда да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча шарттар мурдагыдан начар болбойт деп айта алам. Ошондой эле Нью-Йорктун банкроттук иштер боюнча соту 15-сентябрда Centerra Gold Inc. компаниясынын адвокаттарынын доо арызына Кумтөр кени боюнча Кыргызстандын өкмөтүнө айып пул салуудан баш тартканын да эстен чыгарбоо керек. Бул биздин туура жолдо бара жатканыбыздын дагы бир далили", — деди ал.

Министр кандай болгон күндө да бул кампания бүтүндөй Кыргызстан үчүн оң мультипликативдик эффект берет деп ишенерин айтты.

"Көптөр үчүн бул ачык эмес, бирок санкциялардын киргизилиши менен экономикада кырдаал дайыма жакшырат. Бул нерсе Россияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө болгон. Мындай шарттар технологиялык өнүгүүгө жол ачып, өзүбүздүн инновациялык өндүрүштү пайда кылат жана жаңы экспорттук байланыштарды түзүүгө жардам берет", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле көңүлдү зергерчилик индустриясына буруу керектигин белгилеген.

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Тонналап экспорттолчу. Кыргызстан июлда бир дагы грамм алтын саткан жок
"Биз зергерчилик индустриясын, жогорку сапаттагы өндүрүш базасын, маданиятыбызды өнүктүрүшүбүз керек. Алтынды зергерчиликке сатсак, анын баасы бир нече эсе кымбат болот. Болуп жаткан нерселердин баары баалуу металлдарды колдонгон жогорку технологиялуу өндүрүштөргө жана технологияларга көңүл буруунун эң сонун себеби. Дагы бир, жарым-жартылай парадоксалдуу жагдай пайда болууда. Санкциялар республикада алтынды көбөйтүү үчүн иштейт жана алтын — бул жогорку категориядагы резервдик валюта, алар менен иштөөгө олуттуу эл аралык кредиторлор кубанычта болот", — деди ал.

Жапаров дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин белгиледи.

Кырдаал тууралуу кыскача

Июнь айында LMBA "Кыргыз алтын" тарабынан алдамчылык жасалышы мүмкүн делген фактыны карап жатканын билдирген. Анда канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы уюмдун иликтөөсүн кубаттай турганын айткан.

"Кыргыз алтынды" толугу менен кыргыз өкмөтү көзөмөлдөйт. Мындан улам алардын 29 миллион доллар каражатты жасалма төлөм инструкциясын колдонуу менен чыгарып кетүү аракети азыркы администрация жана аны менен бирге иштешип жаткандар биздин келишимди бузуп Кумтөр кенин экспроприациялап, активдерин басып алышынын бир мисалы болуп саналат", — деп жазылган маалыматта.

Буга чейин The Wall Street Journal каржылык кызматтарды көрсөтүү менен алектенген америкалык StoneX Group Inc. компаниясы "Кыргыз алтын" ААКсын 1 миллион долларга сотко бергенин жазган. Доо арыз Лондондогу соттордун биринде каралат. Басылманын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын май айында "Кыргыз алтын" жарым тонна алтындын жеткирилишин үзгүлтүккө учуратып, 29 миллион долларды алууга аракет жасаган.

"Кыргыз алтын" мындай дооматтар чындыкка дал келбестигин айтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0