Судьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт

"Кумтөр": Нью-Йорк соту тетик сатып алуу боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн четке какты

1683
(жаңыланган 12:02 20.09.2021)
Тетиктерге Kumtor Gold Company кен тышкы башкарууга алынганга чейин буюртма берилген. Сырткы башкарууга алуу чечими чыккан учурда товар жолдо болчу. Ушул тапта тетиктер Латвия менен Нидерланддардын портунда сакталып турат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Нью-Йорктун Түндүк округунун банкроттук боюнча соту Кыргызстан өкмөтүнүн кенде иштеп жаткан жабдуулар үчүн маанилүү тетиктерди алып келүү өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Sputnik редакциясына соттук документтерди карап чыккан соң белгилүү болду.

Соттук отурум 15-сентябрда видеоконференция режиминде өтүп, ага Лиза Г. Бекерман судьялык кылды.

Документтеги маалыматтарга караганда, Caterpillar жүк ташуучу унаалары үчүн тетиктерге Centerra Gold Inc. компаниясынын Kumtor Gold Company туунду ишканасы тарабынан кен тышкы башкарууга алынганга чейин буюртма берилген. Сырткы башкарууга алуу чечими чыккан учурда товар жолдо болчу. Ушул тапта тетиктер Латвия менен Нидерланддардын портунда сакталып турат.

"Сөз болуп жаткан тетиктер чет мамлекеттерде гана өндүрүлөт. Кендин ишинин уланышы үчүн алар абдан зарыл болуп турат. Учурда көптөгөн тетиктер жетишпей жатат", — деп түшүндүрүштү кыргыз өкмөтүнүн жактоочулары.

Arnold & Porter Kaye Scholer LLP компаниясынын юристтери тетиктер кен тышкы башкаруу башталганына карабай убагында жеткирилиши керектигин айтууда.

Анткен менен судья Бекерман Kumtor Gold Company (Centerra тараптан) ишканасынын юристтери компания кенге ээлик кылбагандыктан, товарды өндүрүүчүгө кайтарып берерин айтканын билдирди. 

"Кумтөр голд компани" боюнча абал

2021-жылдын 7-майында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр голд компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компанинин" жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо арыз берүү каралган.

17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Учурда компанияны Теңиз Бөлтүрүк башкарып жатат.

21-май күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри кыргыз өкмөтү менен мурдагыдай эле конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирген.

Эске салсак, Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканалары июнь айында Нью-Йорк түштүк округунун сотуна доо арызы менен кайрылган. Процесс учурунда АКШнын банкроттук тууралуу федералдык кодексинин 11-бөлүмүнө ылайык, "Кумтөр голд компани" жана "Кумтор оперейтинг" компанияларына коюлган бардык доолор автоматтык түрдө токтотулат.

15-сентябрь күнү Нью-Йорктун Түштүк округунун соту Centerra Gold Inc. компаниясынын кыргыз өкмөтүнө "Кумтөр" кени боюнча санкция салуу арызын четке каккан.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр голд компани" анын туунду ишканасы. Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызына Кыргызстан ээлик кылат.

1683
Белгилер:
Нью-Йорк, Кыргызстан, Кумтөр, соттук чечим
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (108)
Тема боюнча
Экс-премьер Жоомарт Оторбаев камакка алынды
Лондондогу уюм "Кыргыз алтынды" ишенимдүү компаниялардын катарынан чыгарды
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

36
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

36
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме
Иран желеги. Архив

ЕЭК министри ЕАЭБ менен Ирандын макулдашуусунун пайдалуу жактарын айтты

33
(жаңыланган 15:10 07.12.2021)
ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү өсүп жатат. Пандемияга чейинки статистика боюнча экспорт 47, импорт 67 пайызга жогорулаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы убактылуу макулдашууну ишке ашыруу эки тараптын тең соода-сатыгына жакшы таасирин тийгизет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепнев кабарлады.

ЕЭКтин маалымат кызматы билдиргендей, министр Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жамали менен жолуккан.

Тараптар Евразия экономикалык биримдиги менен Ирандын ортосунда эркин соода жүгүртүүгө шарт түзгөн убактылуу келишим соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешкен.

Генеральный директор Российского экспортного центра Андрей Слепнёв во время пресс-подхода по итогам бизнес-диалога Россия – Африка в рамках Петербургского международного экономического форума 2019 (ПМЭФ-2019).
© Sputnik / Александр Гальперин
Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепнев
"2021-жылдын январь-август айларында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60 пайызга өстү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экспорту 80 пайызга жогорулап, 1,12 миллиард доллардан 2 миллиардга чейин жетти. Импорттун көлөмү 30 пайызга көбөйүп, 803 миллион доллардан 1 миллиардга чыкты", — деди Слепнов.

Ошону менен катар ал соода жүгүртүү пандемияга чейинки статистика боюнча да өсүп жатканын баса белгиледи. 2019-жылкыга салыштырмалуу экспорт 47 пайызга, ал эми импорт 67 пайызга жогорулаган.

Соңунда ЕАЭБ министри менен Ирандын элчиси соода жүгүртүү тууралуу толук форматтуу макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн жогору баалап, өз ара иштешүүгө канааттануусун билдирген.

33
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, Иран, макулдашуу, ЕЭК, министр, соода
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Казакбаев Иранды өлкө экономикасына инвестиция жасоого чакырды