ЕАЭБ менен коңшу өлкөлөрдө бензин канча турат. Таблица

© AFP / DANIEL LEAL-OLIVASАЗС в Лондоне
АЗС в Лондоне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Монополияга каршы күрөшүү агенттиги ЕАЭБ, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндөгү күйүүчү майдын баасын салыштырды. Баалар сомго которулган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдөгү (Кытайды эске албаганда) күйүүчү майга болгон орточо бааны салыштырды.

Баалар 20-сентябрга карата алынып, Улуттук банктын ошол күндөгү курсу менен которулду.

Мындан сырткары, ведомство ар бир мамлекеттеги күйүүчү май рыногу боюнча кыскача маалымат берип кеткен:

Россияда эгер бензин менен дизель майына болгон экспорттук баа ички шарттуу баадан жогору болсо анда мамлекет айырманын бир бөлүгүн өндүрүшчүлөргө компенсация катары төлөйт. Эгер көрүнүш тескерисинче болсо, анда мунай компаниялары айырманы бюджетке төлөйт. Адистердин айтымында, бул нерсе ички рыноктогу бааларды кармап турууга жардам берет.

Казакстанда мунай өзүнөн чыгат жана өлкө ичиндеги заводдордо кайра иштетилип, республикадагы керектөөчүлөрдү бензин менен толук камсыздайт. Ал эми дизель майынын 30 пайызга жакыны Россиядан импорттолот. Мунай Казакстандын заводдоруна базардыкы эмес, өз баасында жеткирилет.

Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Нефтетрейдерлер бензиндин баасы боюнча жакынкы күндөргө прогноз берди
Белоруссияда мунайды кайра иштетүүчү эки ири завод бар. Мамлекет анын көзөмөлдөөчү акция пакетине ээлик кылат. Өндүрүш өлкөнү күйүүчү май менен толук камсыздайт. Мындан сырткары, республика мунай продуктыларын экспорттойт. 2020-жылы экспорттун көлөмү 8,49 миллион тоннаны түздү.

Армения Кыргызстан сыяктуу эле импорттон көз каранды. 2020-жылы Армениянын импорту 20,5 пайызга өскөн. Өлкөнүн негизги импортчулары: Россия — 69 пайыз, Иран — 23,3 пайыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0