Кумтөр алтын кени. Архив

Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү

694
(жаңыланган 17:08 22.09.2021)
Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы кыргыз өкмөтүнүн үстүнөн Кумтөргө байланыштуу эл аралык сотторго бир нече арыз жазган. Нью-Йорк соту айрымдарын четке какты. Бирок соттук отурумдар кийинки айларда уланары маалым.

Өткөн аптада Нью-Йорктун Түштүк округунун соту кыргыз өкмөтүнүн "Кумтөрдөгү" жабдууларга тетиктерди алып келүү өтүнүчүн колдогон жок. Көп өтпөй Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү компаниялардын тизмесинен чыгарып салды. "Кыргыз алтындын" мындай тизмеден чыгып калышы эл аралык баалуу металлдар рыногуна чыгуусуна бөгөт коюшу мүмкүн.

Баса, Centerra Gold Inc. компаниясы кыргыз өкмөтүнө Кумтөр кени боюнча санкция салуу арызы менен сотко кайрылган. Бул боюнча отурум 15-сентябрда өтүп, судья Лиза Г. Бекерман канадалык компаниянын өтүнүчүн жактырган эмес. Бирок кийинки процесстер октябрь айына белгиленген.

Кийин Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу чечимин кабыл алса, абал кандай болот? Өлкө экономикасына кандай таасир этет? Бул суроолорго экономисттерден жооп издеп көрдүк.

Кыргызстандын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жогоруда айтылган сот менен ассоциациянын чечими күтүлгөн эле иш экенин айтып, санкциялардан бир топ артыкчылыктарды тапса болорун билдирген.

Заместитель председателя кабинета министров, министр экономики и финансов КР Акылбек Жапаров
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров
"Санкциялардын киргизилиши менен экономикада кырдаал дайыма жакшырат. Бул нерсе Россияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө болгон. Мындай шарттар технологиялык өнүгүүгө жол ачып, өзүбүздүн инновациялык өндүрүштү пайда кылып, жаңы экспорттук байланыштарды түзүүгө жардам берет. Көңүлдү зергерчилик индустриясына буруу керек", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал алтын жеткирүүнүн жаңы каналдары иштелип жатканын кошумчалаган.

Анткен менен мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бул пикирге кошулбайт. Ал экономикалык санкциялар көпчүлүк учурда залака алып келерин айтат.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Мекен Эльдар Абакиров
© Фото / пресс-служба партии "Ата-Мекен"
Мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров
"Экономикалык санкциялар кайсы өлкө же уюм тарабынан экенине карап, ар кандай болот. Мисалы, банктык операцияларга, ири компаниялардын ишмердүүлүгүнө, импортко, экспортко чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Биздин экономикабызда товардын 70-80 пайызы импорттолот. Санкцияда эч кандай жакшы нерсе жок, ишкерлер кыйналат, экономика жабыркайт", — деди адис.

Ал эми Мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик башкаруу жана өнүктүрүүнү изилдөө институтунун директору, экономист Улукман Мамытов кыйынчылыктар сөзсүз болорун, бирок анын канча убакытка созулары өзүбүздөн көз каранды экенин белгиледи.

Директор Института государственного управления и исследований развития Академии государственного управления при Президенте, экономист Улукман Мамытов
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик башкаруу жана өнүктүрүүнү изилдөө институтунун директору, экономист Улукман Мамытов
"Албетте, экономикада кыйынчылыктар болот, алтын өндүрүү боюнча артка кетишибиз толук ыктымал. Бирок бардыгы өзүбүздөн көз каранды. Биз канчалык жыйнактуу болуп ыкчам кыймылдасак, ошончолук бутубузга эртерээк турабыз. Мисалы, алтын кендердин көбүн чет элдиктер иштетип, чечүүчү кызматтарда өз жарандары отурат. Алар бизге билимин, тажрыйбасын берүүгө кызыкдар эмес", — деди экономист.

Андыктан ал тез арада өзүбүздүн тоо-кен тармагындагы адистерди тажрыйба алууга чет өлкөлөргө жиберип, эл аралык деңгээлде иш алып барууга үйрөтүү керектигин айтат. Антпесе мамлекет тышкы күчтөргө көз карандылыгынан арыла албайт.

"Нью-Йорк соту сыяктуу батыштагы соттор биздикиндей жагдайда көбүнчө ири корпорациялардын кызыкчылыгын коргошот. Өздөрүн инвестор атаган мындай тараптарды "финансылык кузгундар" деп коет. Алар кайсы өлкө менен пикир келишпестик болсо ошол тараптын алсыз жагын таап, юридикалык жактан кысымга алышат. АКШлык соттор буларга адатта жардам берип, канчалаган мамлекетти миллиарддаган доого жыгышты. Андыктан биз белди бекем бууп, өзүбүз иштей башташыбыз керек", — деди Мамытов.

Мындан тышкары, адис алтын эскпорттоо саясатын кайра карап чыгып, баалуу металлды топтосок пайдалуураак болорун айтты. Буга доллардын олку-солку абалын жүйө келтирди.

"Пандемиянын шылтоосу менен акыркы 1,5 жылда өнүккөн өлкөлөр 11 триллион долларга барабар акча басып чыгарышты. Дүйнөдөгү менмендеген аналитиктер мындан улам доллар ири инфляцияга бара жатканын божомолдоодо. Андыктан көпчүлүк өлкөлөр алтын запасын көбөйтүүдө. Мисалы, Казакстан, Өзбекстан, Түркия тонналап алтын сатып алып жатат", — деди ал.

Экономист Расул Түлеев азыркы жагдайдан пайда көрсө болорун айтып, бирок өкмөт ал үчүн ыкчам иштөөгө даяр эмес деген пикирин кошту.

Экономист Расул Тулеев
© Фото / Бексултан Окенов
Экономист Расул Түлеев
"Экономикалык санкцияда сырткы соода, алакаларга бөгөт коюлат. Мындай шартта ата мекендик бизнеске жакшы шарт түзүлүп, ЕАЭБдин дагы жардамы болушу мүмкүн. Бирок жеке пикиримде, өкмөт ыкчам иштеп кетүүгө даяр эмес", — деди адис.

Мындан тышкары, эксперт негативдүү сценарий ишке ашып калса абал кандай болорун түшүндүрдү. Анын айтымында, алтын сатуу боюнча эмитен эле "мыйзамсыз рынокко" муктаждык пайда болууда.

"Эми алтынды көп жерлерге сата албайбыз, айласыздан "мыйзамсыз рынокко" чыгарууга туура келет. Бирок ал жактан түшкөн кирешени адалдоо өтө татаал. Кыскасы, Африкадагы бандиттик өлкөлөрдөй, Колумбия, Афганистан сыяктуу болобуз. Анда бизге инвестор келбейт, бизнес жүрбөйт", — деди экономист.

Сөзүнүн соңунда ал бийликтин алтынды запас катары Улуттук банк алат деген сөзүнө ынанбасын кошумчалады. Анткени Кумтөрдөн чыккан алтындын баарын сатып алууга анын каражаты жетпейт деп эсептейт.

Адистердин бардыгы экономикалык санкциялар киргизилсе товарлардын баасы бир топ көтөрүлөрүн айтууда.

"Кумтөр голд компани" боюнча абал

2021-жылдын 7-майында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр голд компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компанинин" жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо арыз берүү каралган.

17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Учурда компанияны Теңиз Бөлтүрүк башкарып жатат.

21-май күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри кыргыз өкмөтү менен мурдагыдай эле конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирген.

Эске салсак, Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканалары июнь айында Нью-Йорк түштүк округунун сотуна доо арызы менен кайрылган. Процесс учурунда АКШнын банкроттук тууралуу федералдык кодексинин 11-бөлүмүнө ылайык, "Кумтөр голд компани" жана "Кумтор оперейтинг" компанияларына коюлган бардык доолор автоматтык түрдө токтотулат.

15-сентябрь күнү Нью-Йорктун Түштүк округунун соту Centerra Gold Inc. компаниясынын кыргыз өкмөтүнө "Кумтөр" кени боюнча санкция салуу арызын четке каккан.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр голд компани" анын туунду ишканасы. Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызына Кыргызстан ээлик кылат.

694
Белгилер:
Кыргызстан, Кумтөр, алтын, экономика, сот, санкциялар
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (108)
Тема боюнча
Айрым инвесторлор киреше издеп экологияга зыян келтирүүдө. Жапаровдун кайрылуусу
"Кумтөр": Centerra Кыргызстанды дүйнө коомчулугунун алдында каралап жатат
Кийинки жылы Кара-Балтада текстиль фабрикасын ачуу пландалууда

Кара-Балтада 1000 адам иштей турган текстиль фабрикасын ачуу пландалууда

86
(жаңыланган 19:51 03.12.2021)
Фабрика Кара-Балта килем комбинатынын базасында ишке киргизилип, имараттын жалпы аянты 53 миң чарчы метрди түзөт.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кийинки жылы Кара-Балтада текстиль фабрикасын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Инвестициялар агенттиги билдирди.

  • Строительство текстильной фабрики в Кара-Балте на базе простаивающего Кара-Балтинского коврового комбината
    Кийинки жылы Кара-Балтада текстиль фабрикасын ачуу пландалууда
    © Фото / пресс-служба Агентства по инвестициям и развитию КР
  • Строительство текстильной фабрики в Кара-Балте на базе простаивающего Кара-Балтинского коврового комбината
    Аны Кара-Балта килем комбинатынын базасында ишке киргизүү каралган, имараттын жалпы аянты 53 миң чарчы метрди түзөт
    © Фото / пресс-служба Агентства по инвестициям и развитию КР
  • Строительство текстильной фабрики в Кара-Балте на базе простаивающего Кара-Балтинского коврового комбината
    Аталган долбоор 25 миллион долларга бааланууда, аны жүзөгө ашырууга түркиялык инвесторлор каражат берет
    © Фото / пресс-служба Агентства по инвестициям и развитию КР
  • Строительство текстильной фабрики в Кара-Балте на базе простаивающего Кара-Балтинского коврового комбината
    Агенттик билдиргендей, учурда фабриканын курулушуна 400 миң доллар бөлүндү.
    © Фото / пресс-служба Агентства по инвестициям и развитию КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба Агентства по инвестициям и развитию КР
Кийинки жылы Кара-Балтада текстиль фабрикасын ачуу пландалууда

Аны Кара-Балта килем комбинатынын базасында ишке киргизүү каралган, имараттын жалпы аянты 53 миң чарчы метрди түзөт.

Аталган долбоор 25 миллион долларга бааланууда, аны жүзөгө ашырууга түркиялык инвесторлор каражат берет. Агенттик билдиргендей, учурда фабриканын курулушуна 400 миң доллар бөлүндү.

"Ишкананын уникалдуулугу ар тармактуу экенинде. Мында калдыктар чыгарылбайт. Текстилдик калдыктардан кайра иштетүү жолу менен жип чыгарып, ал жиптен материал токулат", — деп жазылган маалыматта.

Фабрика толук иштеп баштагандан кийин 800-1000 адамга жумуш оруну түзүлөрү айтылды.

86
Белгилер:
Кара-Балта, фабрика, текстиль, долбоор
Тема боюнча
Түптө 200 киши иштеген тигүү фабрикасы ачылып, ага Жапаров катышты
Балыкчыда саатына 3 миң тоок сойгон ишкана ачылды. Сүрөттөр
Кумшекер. Архив

ЕАЭБ өлкөлөрүнө кумшекер ташыгандар бажы төлөмдөрүнөн бошотулат