АКШ доллары жана бет кап. Архив

Пандемия учурунда Кыргызстанга кайсы өлкөлөр акча салды? Тизме

1575
Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстанга кайсы өлкөдөн канча инвестиция келгенин жана алар кайсы тармактарга жумшалганын Улуттук статистика комитети маалымдады.

КМШга кирбеген өлкөлөрдүн арасынан негизги инвесторлор Канада (жалпы инвестициянын 28,8 пайызы) Кытай (25,3 пайыз), Нидерланд (10,5 пайыз), Швейцария (7,4 пайыз), Улуу Британия (4,9 пайыз) жана Түркия (4,5 пайыз) болду.

Акча салынган тармактар:

  • Канада — өндүрүш;
  • Кытай — өндүрүш, геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу;
  • Нидерланд — маалымат, байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Швейцария — пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Улуу Британия — геологиялык чалгындоо;
  • Түркия — курулуш, дүң жана чекене соода, өндүрүш.
  • КМШдагы өлкөлөр:
  • Россия — өндүрүш, дүң жана чекене соода;
  • Казакстан — пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, геологиялык чалгындоого;
  • Өзбекстан — дүң жана чекене соода, өндүрүш;
  • Азербайжан — дүң жана чекене соода.

Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

Баса, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция 1,6 эсеге, башка мамлекеттерден 2 эсеге азайган.

1575
Белгилер:
Кыргызстан, инвестициялар, экономика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус (129)
Тема боюнча
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү
Кыргызстандан сыртка 290 млн. доллар которулду. 7 айдын жыйынтыгы
Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров

Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт

79
(жаңыланган 19:26 21.10.2021)
Кыргызстанда туристтик тармакка дем берүү үчүн эми жерди пайдалануу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилери айтылды.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Туризмди өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктары кеңири болгон мамлекеттик фонд түзүлүп, бул тармакка 1 миллиард сом бөлүнөт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Маданий же тарыхый баалуулукка ээ объектилер өлкөнүн ар бир аймагында бар. Бирок ушул кезге чейин туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулган эмес. Анын зарылдыгы тууралуу канча тапшырма берилбесин, иш ордунан козголгон жок. Муну эске алуу менен Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд түзүү жана 1 миллиард сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Мындан тышкары, туристтик объектилерге алып баруучу жолдорду оңдоп-түзөө ишке ашырылып, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн башка маселелери чечилет", — деген Жапаров.

Ал Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд туристтик тармакты өнүктүрүү максатында кеңири ыйгарым укуктарга ээ болорун айткан.

"Туризмди өнүктүрүү фонду туристтик индустрия объектилерин ижарага берүүгө, аларды сатып алуу-сатуу тууралуу келишим түзүүгө, туризм объектилерин биргелешип өнүктүрүү жана алардын үлүштүк курулушу тууралуу келишим түзүүгө, инвестицияларды тартууга, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында тартууга ыйгарым укукка ээ болот. Туристтик тармакка дем берүү үчүн жер пайдалануу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилет", — деген министрлер кабинетинин жетекчиси.

Туристтик кластерлерди өнүктүрүүгө чоң маани берилерин: Караколдо — тоо лыжа, Ошто — тарыхый-маданий, Жалал-Абад шаарынын базасында — рекреациялык жана башка ири кластерлер ишке киргизилерин билдирген.

Андан сырткары, Жапаров туризмди өнүктүрүү үчүн Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолдун Ысык-Көл облусундагы айланма жолдун курулушу туризм индустриясын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот деген пикирин айткан.

Ар бир аймак калктуу пунктулардын дароо таанылышы жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүү максатында аймактын жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша жөнөкөй жана жеткиликтүү логотиптерди иштеп чыгууга милдеттендирилди.

79
Белгилер:
Кыргызстан, Акылбек Жапаров, туризм, фонд, акча
Тема боюнча
Пенсия менен жөлөк пул 6300 сомдон жогору болот. Президенттин талабы
Акылбек Жапаров: элибиз телефон менен ушакташууга 20 млрд. сом коротуп жатат
Улгайган аял. Архив

Пенсия менен жөлөк пул 6300 сомдон жогору болот. Президенттин талабы

172
(жаңыланган 18:10 21.10.2021)
Кыргызстанда 1,6 миллион адам жакырчылыкта жашаары аныкталган. Анын ичинен 73,7 пайызы айыл тургундары.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. 2023-жылдын 1-январынан тарта кыргызстандыктар пенсия, жөлөк пулду кеминде 6 382 сомдон алышы мүмкүн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык кеңешмеде сүйлөп жатып, президент "пенсия, пособиенин эң азы жашоо минимуму менен барабар болушу керек" деген талап койгонун айтты.

"Ошон үчүн биз киреше бөлүгүн көбөйтүшүбүз керек. Биринчи жардам жакыр жана өтө жакыр жашаган адамдардын жакшы жакка өнүгүүсүнө багытталат. Аймактагы жакыр жашаган адамдардын тагдыры, жетим-жесирлердин ыйы, элдин көз жашы ойлондурушу керек. Жакыр адамдар жылдан жылга азайып, орто жашагандардын катары калыңдап, орто класстагылар байларга кошулушу зарыл", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал 2021-жылдын башына карата Кыргызстан калкынын саны 6 637 000 болсо, анын ичинен 1,6 миллион адам жакырчылыкта жашаары аныкталган. Мунун 73,7 пайызы айыл тургундары, басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарында жашайт. Ал эми өтө жакыр жашагандар 59 166 адамды түзгөн.

Белгилей кетсек, жаңы кабыл алынган Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүмүндө "Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш" деп жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери белгиленген. Демек, 2023-жылы жашоо минимуму канча деп белгиленсе, мамлекет жарандарга андан кем эмес пенсия, пособие берүүгө милдеттендирилет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, учурда жашоо минимумунун өлчөмү 6 382,69 сомду түзөт.

172
Белгилер:
Акылбек Жапаров, пенсия, пособие, жакырчылык
Тема боюнча
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди
Бийлик жети миллионунчу кыргызстандык качан төрөлө турганын айтты
Акылбек Жапаров: айыл өкмөттөн келип мага акыл үйрөткөндү токтоткула
Санарип коомчулук 2021 конференциясын банери

Huawei компаниясынын конференциясында санариптик тренддер талкууланат

0
(жаңыланган 21:20 21.10.2021)
Huawei ишканасынын өкүлдөрү "Келечектеги бирдиктүү санарип коомчулук" деп аталган өнүктүрүү стратегиясынын пландары менен бөлүшөт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Huawei компаниясы 26-27-октябрда жыл сайын болуучу экинчи "Санарип коомчулук 2021" конференциясын (Huawei Digital Community Conference 2021, HDCC) өткөрөт. Бул тууралуу компаниядан билдирди.

Huawei ишканасынын өкүлдөрү Россияда коопсуз жана көз карандысыз экосистема тармагын куруу процессине катышуунун алкагында "Келечектеги бирдиктүү санарип коомчулук" деп аталган өнүктүрүү стратегиясынын пландары менен бөлүшөт.

"Конференция – бул кардарларга жана өнөктөштөргө санарип трансформациясына байланыштуу өзгөрүүлөргө байкоо салууга жардам бере турган ачык платформа. Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык экосистеманы өнүктүрүүнү тездетүү үчүн биргеликте иштөө жана тажрыйба алмашуу каралган. Жарандар онлайн режиминде пленардык сессияны жана форумду көрө алышат жана санарип жаатындагы маселелерди эксперттер менен талкуулоого шарт түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Конференцияга катышуучуларына дүйнөдө жана Россияда маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүп жаткан тренддери менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле санарип энергетика, "булут" технологиялары жана уюлдук экосистема боюнча маалымат берилет.

Президент Huawei в Евразии Дэниел Чжоу
© Фото / пресс-служба Huawei / ARSEN GALSTYAN
Huawei компаниясынын Евразиядагы президенти Дэниела Чжоу
"Маалыматтык технология жаатындагы алдыңкы эксперттер менен биргеликте биз ар кандай тармактагы санариптик бизнес-моделдерди колдонуунун практикалык кейстерин изилдейбиз жана санарип технологиялар доорунда бизнести өнүктүрүү үчүн соңку чечимдерди ортого салабыз", — деди Huawei компаниясынын Евразиядагы президенти Дэниела Чжоу.

Иш-чарада маалыматтык-коммуникациялык технология индустриясынын ар кандай аспектилерин талкуулоо үчүн алты темада форум уюштурулат.

Катышуучулар үчүн виртуалдуу көргөзмө зонасы жеткиликтүү болот. Ал жактан Huawei компаниясы өзүнүн ийгиликтүү кардарлары менен өнөктөштөрүнө өнөр жайды санариптештирүү үчүн жасап берген продукциялары көрсөтүлөт. Ошондой эле Huawei эксперттери менен реалдуу убакыт режиминде сүйлөшүүгө шарт түзүлмөкчү.

0
Белгилер:
Huawei, конференция, эксперт, санарип
Тема боюнча
Бишкектин борбордук бөлүгүндө акысыз Wi-Fi зона иштей баштады
Кыргызстанда Илон Масктын Starlink компаниясынын өкүлчүлүгү ачылышы мүмкүн