Россиядан келген бензин азайышы мүмкүн. Адистердин жоромолу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Россиянын Энергетика министрлиги өлкөнүн ичинде күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп кетпеши үчүн экспортко болгон тыюуну азырынча албай турат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун экспортунун көлөмү жай мезгилине караганда дагы төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу "Прайм" порталы жазган.

Цистерналар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Өкмөт Россия менен пошлинасыз бензиндин көлөмүн көбөйтүүнү сүйлөшүүдө
Агенттиктин маалыматына таянсак, Россиянын бензин боюнча экспорту сентябрда 167 миң тоннага чейин түшүшү мүмкүн. Январь-май айларында Россиядан сыртка болжол менен айына 421 миң тонна чыгып турса, июль-августта кыскарып, орто эсеп менен 208 миң тоннанын тегерегинде болгон. 

Өкмөттүн ички рынокко чыгарчу мунай заттарынын көлөмүн арттыруу сунуштарынан улам компаниялар жаздан тарта бензиндин экспортун кыскартып келе жатат. Министрлер кабинети бензиндин экспортун жаз айларынан бери катуу талкуулай баштаган. Анда мунай заттарын биржа аркылуу сатуу ченемдерин көбөйтүү жана күйүүчү майдын баасын мунайчылар менен сүйлөшүп, бир калыпта кармап туруу айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0