Автоунаалар. Архив

Импорт үч эсе азайып кетти. Кыргызстанга сырттан унаа алып келүү жайлады

282
Өткөн жылдын жети айында Кыргызстанга сырттан 21 миңге жакын автоунаа алып келинген. Кайсы өлкө менен импорт кыскарганын инфографикадан көрүңүз.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанга алып келинген автоунаалардын саны быйыл 14,6 миңге азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Январь айынан июлга чейин өлкөгө 6 398 автотранспорт импорттолгон. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 20 950 даана унаа алып келинген болчу.

Эгер статистиканы карай турган болсок, быйыл Россия, Түштүк Корея, Грузия жана Литвадан автоунаа көп келе баштады.

Ал эми кээ бир өлкөлөрдөн импорттоо кескин азайып кеткен. Мисалы, АКШдан 13,6 миңден 555ке, Казакстандан 4,8 миңден 208ге чейин түшкөн.

Кыргызстандын базарларында жеңил унаалардын баасы тынымсыз өсүп жатат. Sputnik эксперттерден "арзандашын күтүш керекпи?" деген суроого жооп алды.

 

282
Белгилер:
Кыргызстан, автоунаа, импорт
Тема боюнча
Кыргызстанда машина арзандабай калдыбы? Унаа базарындагы абал
"Элиткалар" кымбаттады. Бишкектеги батирлердин августтагы ижара акысы
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү банктардын жетекчилери менен жолугушту

Акылбек Жапаров банк жетекчилери менен көмүскө экономиканы талкуулады

119
(жаңыланган 16:14 22.10.2021)
Жолугушууда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатуу жана экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу боюнча сөз болгон.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

  • Бизнес-завтрак руководителей коммерческих банков с кабинетом министров. 22 октября 2021 года
    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Участники бизнес-завтрака руководителей коммерческих банков с кабинетом министров. 22 октября 2021 года
    Жолугушуунун негизги максаты накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу болгон
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Участники бизнес-завтрака руководителей коммерческих банков с кабинетом министров. 22 октября 2021 года
    Жапаров экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу үчүн ачык-айкындуулук керек экендигине токтолгону айтылат
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту

Жолугушуунун негизги максаты накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу болгон. Жапаров экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу үчүн ачык-айкындуулук керек экендигине токтолгону айтылат.

"Эң алдыңкы технологиялар ар дайым банктарда болгон. Биз накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатууну стимулдаштыруу иши министрлер кабинетинин карамагында болуусун каалайт элек. Алсак, Казакстанда салыктарды чогултуу банктардын биринин телефондогу тиркемесине жараша жогорулаган. Анда адамдар базардагы азык-түлүктөр үчүн да ал тиркеме аркылуу эсептеше баштады. Банктар жаңы технологияларды киргизүүдө жардам берет деп ишенем. Министрлер кабинетинин алдыга койгон милдеттерине толугу менен жетишүүгө болот", — деген Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы банктардын сунушун эске алуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу боюнча чаралар кабыл алынарын убадалаган.

119
Белгилер:
коммерциялык банктар, жетекчи, Акылбек Жапаров, көмүскө, экономика
Тема боюнча
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди
Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады
Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров

Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт

228
(жаңыланган 19:26 21.10.2021)
Кыргызстанда туристтик тармакка дем берүү үчүн эми жерди пайдалануу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилери айтылды.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Туризмди өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктары кеңири болгон мамлекеттик фонд түзүлүп, бул тармакка 1 миллиард сом бөлүнөт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Маданий же тарыхый баалуулукка ээ объектилер өлкөнүн ар бир аймагында бар. Бирок ушул кезге чейин туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулган эмес. Анын зарылдыгы тууралуу канча тапшырма берилбесин, иш ордунан козголгон жок. Муну эске алуу менен Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд түзүү жана 1 миллиард сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Мындан тышкары, туристтик объектилерге алып баруучу жолдорду оңдоп-түзөө ишке ашырылып, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн башка маселелери чечилет", — деген Жапаров.

Ал Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд туристтик тармакты өнүктүрүү максатында кеңири ыйгарым укуктарга ээ болорун айткан.

"Туризмди өнүктүрүү фонду туристтик индустрия объектилерин ижарага берүүгө, аларды сатып алуу-сатуу тууралуу келишим түзүүгө, туризм объектилерин биргелешип өнүктүрүү жана алардын үлүштүк курулушу тууралуу келишим түзүүгө, инвестицияларды тартууга, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында тартууга ыйгарым укукка ээ болот. Туристтик тармакка дем берүү үчүн жер пайдалануу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилет", — деген министрлер кабинетинин жетекчиси.

Туристтик кластерлерди өнүктүрүүгө чоң маани берилерин: Караколдо — тоо лыжа, Ошто — тарыхый-маданий, Жалал-Абад шаарынын базасында — рекреациялык жана башка ири кластерлер ишке киргизилерин билдирген.

Андан сырткары, Жапаров туризмди өнүктүрүү үчүн Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолдун Ысык-Көл облусундагы айланма жолдун курулушу туризм индустриясын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот деген пикирин айткан.

Ар бир аймак калктуу пунктулардын дароо таанылышы жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүү максатында аймактын жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша жөнөкөй жана жеткиликтүү логотиптерди иштеп чыгууга милдеттендирилди.

228
Белгилер:
Кыргызстан, Акылбек Жапаров, туризм, фонд, акча
Тема боюнча
Пенсия менен жөлөк пул 6300 сомдон жогору болот. Президенттин талабы
Акылбек Жапаров: элибиз телефон менен ушакташууга 20 млрд. сом коротуп жатат
Голос долбоорунун сахнасы. Архив

Кыргызстандык "Голос" шоусуна катышып, Билан менен Агутинди таң калтырды

0
(жаңыланган 00:18 23.10.2021)
Бишкектик ырчы Адилет Жумабековду дароо үч насаатчы командасына алгысы келди. Ал долбоордогу чыгармасын апасына арнаган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Адилет Жумабеков Россиянын "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү.

Бул шоуда насаатчылар аткаруучуларды артты карап алып угуп, жакса бурулушат. Адилет кесипкөй ырчы эмес экенин, бирок бир нече аспапта ойной турганын айткан.

"Апам төрт баланы жазгыз өстүрдү. Мен музыкалык окуу жайда окучумун, бирок финансылык кыйынчылыктан улам музыкант, ырчы болуп иштеп кеткем. "Голос" долбоору — менин көптөн берки кыялым", — деген Жумабеков.

30 жаштагы бишкектик ырчы долбоордо Boyz II Men — End of the road ырын аткарды. Ал ырдап жатканда Александр Градский, Леонид Агутин менен Дима Билан бурулуп караган. Залда отургандар да ага кол чаап, "Баракелде!" деген. 

Пелагея кыргызстандык ырчынын аткаруусуна таң берген, Агутин стилин жана тембрин баалаган, Билан дагы аны өз командасынан көргүсү келип жатканын билдирген. Натыйжада Жумабеков Биланды тандаган.

0
Белгилер:
Россия, 'Голос' долбоору, ырчы
Тема боюнча
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт