Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу

Деньги и очки - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Жазылуу
Аткаруу бийлигинин башчысы айткандай, быйыл бир катар маанилүү чыгашалар болгон. Анын катарында айлык-маяналарды жогорулатууга бөлүнгөн каражат бар.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Кыргызстандын бюджети профицитке чыкты. Каражат кайдан көп түшүп жатат
Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун айтымында, 2022-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси мамлекеттик инвестициялар грантын эске алганда 203,6 миллиард сом же ИДПга карата 28,5 пайыз деңгээлинде болжолдонууда.

2021-жылга белгиленген бюджетке салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешеси номиналдык көрсөткүчтө 30,7 миллиард сомго жогорулайт. Республикалык бюджеттин 2022-жылдагы жалпы чыгаша көлөмү 212,7 миллиард сом деңгээлинде (ИДП карата 31,3 пайыз) белгиленүүдө. Демек, мында тартыштык 9,1 миллиард сомду түзөт.

Марипов белгилегендей, быйыл бир топ маанилүү чыгымдар болду. Анын ичинде медицина, маданият жана аскер кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулатылды.

"Көптөн бери биринчи жолу аскерлердин тамак рациону жакшыртылды, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен облусун калыбына келтирүүгө каражат бөлүндү. Коронавирустук инфекцияга каршы вакцина сатып алынды, 1-октябрдан тарта пенсиянын жана социалдык төлөмдөрдүн базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат. Мындан тышкары, мамлекет айлыкты жана пенсияны төлөө боюнча социалдык милдеттенмелерин толук аткарууда. Мунун бардыгы экономиканы пандемиядан кийинки кризистен калыбына келтирүү менен катар жүрүп жатат", – деген Марипов.

Ал кошумчалагандай, фискалдык системаны санариптештирүү олуттуу натыйжаларды берип жатат – Салык кызматы салык боюнча белгиленген планды 105 пайызга аткарды.

"Бажы кызматынын иши жөнүндө айта турган болсок, биз канчалык кадрдык өзгөртүүлөрдү жасабайлы, бажы системасын толугу менен автоматташтырбасак, иш оңолбойт. Биз бажы кызматы менен бизнес өз ара байланышпаган процессти түзүшүбүз керек. Жакын арада бажы декларациясын дистанциялык түрдө толтуруу системасы ишке киргизилиши керек", – деген ал.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбооруна макулдук берүү чечими кабыл алынды.

Бюджетти кабыл алуу үчүн парламент менен президенттин макулдугу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0