Кумтөр алтын кени. Архив

Ташиев: өлкө эки айда Кумтөрдөн 21 жыл ичиндегиге караганда көп акча алды

1376
(жаңыланган 09:26 27.09.2021)
Ташиев мурун Кумтөрдөн ай сайын 1,5-2 тонна алтын казылып, анын баары учак менен ташылып кетсе, учурда бир да граммы сыртка чыкпаганын белгиледи.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы эки айдын ичинде Кумтөр кенинен 90 миллион доллар түшкөнүн билдирди.

Видеону Facebook баракчасына Өткүрбек Рахманов жүктөгөн. Анда Ташиев 25-сентябрда Алай районунда атайын кызматтын бөлүмүнүн ачылышында сүйлөгөнү айтылат.

Ташиев Садыр Жапаров бийликке келген маалда эл арасында айлык акы, жөлөк пул төлөнбөй калат деген кооптонуулар болгонун белгилеген. Бирок, анын айтымында, андай болгон эмес, керек болсо жарым жылдын жыйынтыгы менен бардык талаптар аткарылып, бюджеттин профицити 564 миллион сомду түзгөн. Эгер быйылкы жылдын бюджети 162 миллиард сом болсо, кийинки жылы 220 миллиардга көбөйөрүн, дагы бир жылдан кийин 250 миллиарддан аша турганына токтолду.

"Мунун баары каяктан деп сураарсыңар. Айтып берейин. 21 жыл аралыгында биз Кумтөрдөн 84 миллион доллар алыптырбыз. Ал эми июнь менен июлдун ичинде 90 миллион доллар алдык. Мына, акча каякта жатат", — деди Ташиев.

Ал мурун байлык уурдалып келгенин, мурунку президенттер, премьер-министрлер, спикерлер аралашкан коррупциялык схемалар ачыкка чыгарылганын кошумчалады. Ташиев мурда Кумтөрдөн ай сайын 1,5-2 тонна алтын казылып учак менен ташылып кетсе, учурда бир да граммы сыртка чыкпаганын белгиледи.

1376
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, Кумтөр, алтын, коррупция, УКМК
Тема боюнча
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү
Ташиев: мамкызматкерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачтык
Ар бирине отчёт бербейбиз. "Кумтөр" депутаттардын сынына катуу жооп берди
Мамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив

Салык кызматына Финполдун функциялары берилет. Жаңы кодекстин долбоору

168
(жаңыланган 18:41 28.10.2021)
Финпол жоюлгандан кийин салык мыйзамдары жаатындагы кылмыштар үчүн кайсы орган жооп берет деген суроо ачык бойдон калган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Салык кызматына өз тармагы боюнча кылмыштарды териштирүү укугун берүү сунушталууда. Мындай демилге Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорунда жазылган.

Учурдагы кодекс боюнча Салык кызматынын органдары салыктык башкаруу жана саясатын ишке ашыруу менен гана алектенет.

Долбоордо КР Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына, башкаруу жана салык мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча ыкчам-издөө иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык, тергөө органынын алгачкы функциялары менен сотко чейинки өндүрүштү кошумча аткарары көрсөтүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган Салык кызматынын органдары укук коргоо органы статусуна ээ болот.

Долбоордо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жоюлгандан кийин салык мыйзамдары жаатындагы кылмыштар үчүн кайсы орган жооп берет деген суроо ачык бойдон калганы белгиленген.

168
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, кылмышкер, кармоо, укук, салык кодекси
Тема боюнча
Электрондук тамеки менен кальяндын салыгы 10 эсе жогорулайт. Жаңы кодекс
Кыз электрондук тамеки менен. Архив

Электрондук тамеки менен кальяндын салыгы 10 эсе жогорулайт. Жаңы кодекс

133
Салыктык ставкалар кадимки тамеки менен теңделип, натыйжада жылына бюджетке кошумча 50 миллион сом түшөрү болжолдонууда.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кальян, электрондук тамеки, вейп сыяктуу тамекини алмаштыруучу каражаттардын акциздик салыгы 10 эсеге жогорулайт. Бул туурасында жаңы Салык кодексинин долбоорунда жазылган.

Ага ылайык, 1 000 даанасына 2 250 сомго чейин (ысытылуучу тамеки таякчалар, ысытылуучу тамеки капсулалары жана башка) акциз салыгын көбөйтүү, башкача айтканда, кадимки тамекинин салыгы менен теңдөө каралууда.

"Азыркы учурда тамекини алмаштыруучулар кеңири колдонулууда, салык салуу шарттарын теңдөө үчүн аталган категориядагылардын акциз салыгынын ставкасын жогорулатуу боюнча чечим кабыл алынды. Бир даана ысытылуучу тамекиге болгон акциз салыгы кадимки чылымдын акциз салыгынан 10 эсеге аз. Салыкты көтөрүүнүн натыйжасында жылына бюджетке кошумча 50 миллион сом түшөрү болжолдонууда", — деп жазылган долбоордо.

Ошондой эле мындай норманы киргизүүгө жакында коомдук жайлар менен мекемелерде чылымдын бардык түрүн чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынганы да түрткү болгон.

133
Белгилер:
кальян, салык кодекси, электрондук тамеки
Тема боюнча
Жапаров бюджетти 400 млрд. сомго чыгаруу үчүн каяктан акча табарын айтты. Видео
Instagram да, блогер да салык төлөйт. Жаңы кодекске кошулган берене
Кол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан кыз. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
29-октябрга караган түнү өлкөнүн айрым райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жума күнү эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жамгыр, кар жана тоолуу жерлерде кар жаайт. Таластын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас чөлкөмүндө +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +10...+15, Нарын жергесинде +9...+14 градус болот.

Бишкек менен Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ошто +15...+17 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы