Кризистен чыгуу үчүн аткаминерлерден Консультативдик кеңеш түзүү пландалууда

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖыйындын катышуучусу. Архив
Жыйындын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Кеңештер азык-түлүк коопсуздугу, фискалдык консолидация, экономиканы калыбына келтирүү багытында иш алып барат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өкмөт кризистен чыгуу үчүн ар кайсы тармактар боюнча консультативдик кеңештерди түзүүнү пландап жатат. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Импорт үч эсе азайып кетти. Кыргызстанга сырттан унаа алып келүү жайлады
Маалыматка ылайык, бул "Өнүктүрүү программасы — 2026" долбоорунун алкагында Антикризистик башкармалык негизделет. Кармагында мамлекеттик жогорку кызматта иштегендерге аянтча түзүп берүү сунушталууда. Алар бир жумалык кырдаалга анализ жүргүзүү, консультацияларды өткөрүү, макулдашылган чечимдерди ыкчам кабыл алуу үчүн керек экени белгиленген.

Ал эми башкармалыктын бүтүндүгүн сактоо үчүн ыкчам анализдер жана күн тартибиндеги маанилүү чечимдерди иштеп чыгуу боюнча Консультативдик кеңештерди түзүү пландалууда. Мындай аянтча аркылуу азык-түлүк коопсуздугу, фискалдык консолидация, эпидемиологиялык кырдаал, экономиканы калыбына келтирүү жана атаандаштыкка туруштук берүү багытында иш жүргүзүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0