Акча санап жаткан адам. Архив

Кыргызстанда акчанын көлөмү боюнча рекорд коюлду

4437
(жаңыланган 09:58 27.09.2021)
Эки ай катары менен Улуттук банктын маанилүү үч көрсөткүчү боюнча өлкөдөгү акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жеткени катталды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. 1-сентябрда Кыргызстандын акча базасынын көлөмү боюнча рекорд коюлду. Бул туурасында Улуттук банктын маалыматтарына таянып билүүгө болот.

Акча базасынын көлөмү 158 миллиард 782 миллион сом (былтыр рекорд августтун башында болуп, 155,4 миллиард сомго жеткен) болду.

Кеңири аныктамадагы акча базасы 167 миллиард 981,7 миллион (былтыр рекорд августта катталып, дээрлик 164,6 миллиардды чапчыган) деп катталды.

Пайдалануудагы акча 142 миллиард 145,4 миллион сомго жетти (былтыр рекорд августта катталып, 139,1 миллиард сомду көрсөткөн).

Акчанын көлөмү соңку жылдары өсүп жатат, кеңири аныктамадагы акча базасы 2017-жылы биринчи ирет 100 миллиард сомдон ашып, ошондон бери уланууда.

Аныктама

Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын каражаты, анда насыя берүүчү уюмдардын кассаларындагы калдыктар да эсепке алынат.

Акча базасы — жүгүртүүдөгү акча жана финансы (депозиттик) уюмдарынын резерви.

Кеңири аныктамадагы акча базасы — жүгүртүүдөгү акча, ага кошумча Улуттук банкта турган бардык резервдер (чет элдик валюталар жана сом) жана финансы уюмдарынын депозити.

4437
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, акча, рекорд
Тема боюнча
ЕАЭБде жана коңшуларда орточо айлык акынын көлөмү кандай? Салыштыруу
Импорт үч эсе азайып кетти. Кыргызстанга сырттан унаа алып келүү жайлады
Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров

Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт

96
(жаңыланган 19:26 21.10.2021)
Кыргызстанда туристтик тармакка дем берүү үчүн эми жерди пайдалануу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилери айтылды.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Туризмди өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктары кеңири болгон мамлекеттик фонд түзүлүп, бул тармакка 1 миллиард сом бөлүнөт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Маданий же тарыхый баалуулукка ээ объектилер өлкөнүн ар бир аймагында бар. Бирок ушул кезге чейин туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулган эмес. Анын зарылдыгы тууралуу канча тапшырма берилбесин, иш ордунан козголгон жок. Муну эске алуу менен Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд түзүү жана 1 миллиард сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Мындан тышкары, туристтик объектилерге алып баруучу жолдорду оңдоп-түзөө ишке ашырылып, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн башка маселелери чечилет", — деген Жапаров.

Ал Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд туристтик тармакты өнүктүрүү максатында кеңири ыйгарым укуктарга ээ болорун айткан.

"Туризмди өнүктүрүү фонду туристтик индустрия объектилерин ижарага берүүгө, аларды сатып алуу-сатуу тууралуу келишим түзүүгө, туризм объектилерин биргелешип өнүктүрүү жана алардын үлүштүк курулушу тууралуу келишим түзүүгө, инвестицияларды тартууга, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында тартууга ыйгарым укукка ээ болот. Туристтик тармакка дем берүү үчүн жер пайдалануу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилет", — деген министрлер кабинетинин жетекчиси.

Туристтик кластерлерди өнүктүрүүгө чоң маани берилерин: Караколдо — тоо лыжа, Ошто — тарыхый-маданий, Жалал-Абад шаарынын базасында — рекреациялык жана башка ири кластерлер ишке киргизилерин билдирген.

Андан сырткары, Жапаров туризмди өнүктүрүү үчүн Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолдун Ысык-Көл облусундагы айланма жолдун курулушу туризм индустриясын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот деген пикирин айткан.

Ар бир аймак калктуу пунктулардын дароо таанылышы жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүү максатында аймактын жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша жөнөкөй жана жеткиликтүү логотиптерди иштеп чыгууга милдеттендирилди.

96
Белгилер:
Кыргызстан, Акылбек Жапаров, туризм, фонд, акча
Тема боюнча
Пенсия менен жөлөк пул 6300 сомдон жогору болот. Президенттин талабы
Акылбек Жапаров: элибиз телефон менен ушакташууга 20 млрд. сом коротуп жатат
Улгайган аял. Архив

Пенсия менен жөлөк пул 6300 сомдон жогору болот. Президенттин талабы

210
(жаңыланган 18:10 21.10.2021)
Кыргызстанда 1,6 миллион адам жакырчылыкта жашаары аныкталган. Анын ичинен 73,7 пайызы айыл тургундары.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. 2023-жылдын 1-январынан тарта кыргызстандыктар пенсия, жөлөк пулду кеминде 6 382 сомдон алышы мүмкүн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык кеңешмеде сүйлөп жатып, президент "пенсия, пособиенин эң азы жашоо минимуму менен барабар болушу керек" деген талап койгонун айтты.

"Ошон үчүн биз киреше бөлүгүн көбөйтүшүбүз керек. Биринчи жардам жакыр жана өтө жакыр жашаган адамдардын жакшы жакка өнүгүүсүнө багытталат. Аймактагы жакыр жашаган адамдардын тагдыры, жетим-жесирлердин ыйы, элдин көз жашы ойлондурушу керек. Жакыр адамдар жылдан жылга азайып, орто жашагандардын катары калыңдап, орто класстагылар байларга кошулушу зарыл", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал 2021-жылдын башына карата Кыргызстан калкынын саны 6 637 000 болсо, анын ичинен 1,6 миллион адам жакырчылыкта жашаары аныкталган. Мунун 73,7 пайызы айыл тургундары, басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарында жашайт. Ал эми өтө жакыр жашагандар 59 166 адамды түзгөн.

Белгилей кетсек, жаңы кабыл алынган Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүмүндө "Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш" деп жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери белгиленген. Демек, 2023-жылы жашоо минимуму канча деп белгиленсе, мамлекет жарандарга андан кем эмес пенсия, пособие берүүгө милдеттендирилет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, учурда жашоо минимумунун өлчөмү 6 382,69 сомду түзөт.

210
Белгилер:
Акылбек Жапаров, пенсия, пособие, жакырчылык
Тема боюнча
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди
Бийлик жети миллионунчу кыргызстандык качан төрөлө турганын айтты
Акылбек Жапаров: айыл өкмөттөн келип мага акыл үйрөткөндү токтоткула
В одном из магазинов Москвы во время пандемии коронавируса. Архивное фото

Путин: азык-түлүккө болгон кризис мындан ары да курчушу мүмкүн

0
Россиянын лидери Валдай форумунда суу жана электр энергиясына болгон тартыштыкты да эске алуу керектин белгиледи.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Азык-түлүккө болгон кризис мындан ары дагы өрчүшүнө бардык негиздер бар. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин Валдай форумунда билдирди.

Анын айтмында, бир нече мамлекеттерде, жада калса региондордо мезгил-мезгили менен азык-түлүк кризиси жаралууда.

"Балким бул боюнча дагы сүйлөшөрбүз. Бирок бул кризис жакынкы күндөрү дүйнө боюнча өрчүшүнө бардык негиз бар. Эң жогорку формасына жетиши мүмкүн", — деди Путин.

Ошондой эле ал суу жана электр энергиясынын тартыштыгын да эске алуу керектин айтты.

0
Белгилер:
Владимир Путин, кризис