Кыргызстандын өкмөтү баалуу зер буюмдарга эн белги коюудан бошотууну сунуштоодо

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗер буюмдар
Зер буюмдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Амангелдиев азыр иштеп жаткан мыйзам учурдун талабына жооп бербей калгандыктан, аны жаңыртуу зарылчылыгы келип чыкканын белгилеген.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү бир граммга чейинки алтындан жасалган зер буюмдарга жана үч граммга чейинки күмүштөн жасалган зер буюмдарга белги коюудан (проба) бошотууну сунуштап жатканы боюнча маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзам долбоорду министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов демилгелеген. Документти Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети карап, анын концепциясын жактырды.

Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Амангелдиев азыр иштеп жаткан мыйзам учурдун талабына жооп бербей калгандыктан, аны жаңыртуу зарылчылыгы келип чыкканын белгилеген.

"Мурдагы мыйзамда бир топ чалкештиктер бар болчу. Жаңы долбоор ЕАЭБ талаптарын эске алуу менен иштелип чыкты. Ошондой эле ал баалуу металлдар жүргүзүлүүчү операциялардын жана андан жасалган зер буюмдардын жүгүртүлүшүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылат", — деди ал.

 Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Ташиев: өлкө эки айда Кумтөрдөн 21 жыл ичиндегиге караганда көп акча алды
Маалыматка караганда, ушу тапта зер буюмдарын өндүрүүчүлөргө жыл сайын болжол менен 47 килограмм алтын, 100 килограмм күмүш бөлүнөт. Ал эми 1,5 тоннадан ашык алтын буюмдары сырттан келип жатат.

Эске салсак, буга чейин Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгарганы кабарланган. Экономика министри Акылбек Жапаров түзүлгөн кырдаалдардан жеңил чыгып кетиш үчүн көңүлдү зергерчилик индустриясына буруу керектигин айткан. Министр эгер алтынды зергерчилик үчүн сатса баасы кыйла кымбат болорун белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0