Улуттук банк 33,1 млн. доллар сатты. Беш айдан берки биринчи интервенция

© AFP / MARK WILSONЖүз долларлык купюралар. Архив
Жүз долларлык купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Бул жыл ичинде Кыргызстандын башкы банкы жети ирет интервенция жасап, 303 миллион 550 миң доллар сатты.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 27-сентябрда, Улуттук банк 31,1 миллион доллар сатканы туурасында маалымат аталган банктын сайтына жайгаштырылды.

Бүгүн кечээкиге караганда долларды сатып алуу курсу 5 тыйынга түшүп, ал эми сатуу мурдагы деңгээлинде (84,9 сом) кармалып турат.

Бул беш айдан бери биринчи ирет жасалган интервенция. Башкы банк акыркы ирет чет элдик валютаны 29-апрелде саткан. Анда көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 62 миллион доллардан ашкан.

Жыл ичинде өлкөнүн башкы банкы жети ирет интервенция жасап, жалпысынан 303 миллион 550 миң доллар саткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0