Өлкөдөн канча баалуу металл концентраты чыгарылып кетти? Статистика

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАлтын. Архив
Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Өлкөдө казылган руда, концентраттарды төрт мамлекетке алып кетишкен. Булардын баасы 66,6 миллион долларды түзөт.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын жети айында 97,5 миң тонна баалуу металл концентратын жана рудасын чет өлкөгө экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.

Кыргызстандан 2020-жылы канча тонна руда, концентрат чыгарылган? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Кыргызстандан жыл сайын канча руда, концентрат чыгып жатат. Инфографика
Буга чейин ЖК депутаты Аккулу Бердиев былтыр ноябрда "Эркеч-Там" бажысынан кармалган 17 фура алтын концентратын "Достук" (Өзбекстан менен чектешет) посту аркылуу Кытайга чыгарып кеткенин билдирген. Концентрат ташыган компанияга Финпол тарабынан кылмыш иши козголгонуна карабай "Гик Кайди" компаниясы лицензиясын жаңылап алганына нааразы болгон. Ал эми Бажы кызматынын башчысы 17 фура эмес, 14 контейнер болгонун белгилеп, мында мыйзам бузуу болбогонун айтты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан Статкомдун концентрат боюнча соңку маалыматтарын (январь-июль) карап чыкты.

Ага ылайык, быйыл жети айда 97 миң 447,5 тонна баалуу металл рудасы жана концентраты экспорттолгон. Аталган жүк 66,6 миллион долларга бааланган. Бирок металлдардын кайсы түрү чыгарылып кеткенин бөлүп көрсөткөн эмес. Былтыр ушул эле мезгилде 143 миң тонна чыгарылып, баасы 86,2 миллион долларды түзгөн.

Быйыл январь-июнда руда, концентраттар төмөнкү өлкөлөргө чыгарылган:

  • Казакстан — 93 миң 648,2 тонна;
  • Түркия — 2 миң 291,6 тонна;
  • Кытай — 1 504,9 тонна;
  • Канада — 2,8 тонна.
Жаңылыктар түрмөгү
0