Жүзүм. Архивдик сүрөт

Кыргызстандан жүзүм менен мейизди кайсы өлкөлөр сатып алат. Тизме

529
Кыргызстандын жүзүмүн көп көлөмдө сегиз өлкө сатып алган. Аталган жемиштин арбыны экспортко мейиз түрүндө кеткен.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жети ай ичинде Кыргызстан сыртка 20,8 тонна жүзүм жана мейиз экспорттоду. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлады.

Аталган продукциянын канча акчага кеткенин эсептей келгенде, 520 миң доллар болгон.

Кыргыз жүзүмүн кимдер алып кеткен:

  • Россия — 825 тонна;
  • Казакстан — 185;
  • Монголия — 7,5;
  • АКШ —2;
  • Чехия —1;
  • Катар — 0,1.

Андан да азыраак көлөмдө Малайзия менен Түркмөнстанга кеткен. Тактай келгенде экспорттун 200 тоннадан ашыгы жүзүм түрүндө чыгарылса, калганын мейиз кылып алып кетишкен.

Былтыркы жылдын январь-июль айында 1800 тоннадан ашыгыраак көлөмдө сатылган.

529
Белгилер:
Кыргызстан, жүзүм, экспорт
Тема боюнча
Дүйнөнүн бардар өлкөлөрү Кыргызстандан балды көбүрөөк сатып ала баштады
Кыргызстан сырасын кайсы өлкөлөргө сатат. Тизме
Кыз электрондук тамеки менен. Архив

Электрондук тамеки менен кальяндын салыгы 10 эсе жогорулайт. Жаңы кодекс

25
Салыктык ставкалар кадимки тамеки менен теңделип, натыйжада жылына бюджетке кошумча 50 миллион сом түшөрү болжолдонууда.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кальян, электрондук тамеки, вейп сыяктуу тамекини алмаштыруучу каражаттардын акциздик салыгы 10 эсеге жогорулайт. Бул туурасында жаңы Салык кодексинин долбоорунда жазылган.

Ага ылайык, 1 000 даанасына 2 250 сомго чейин (ысытылуучу тамеки таякчалар, ысытылуучу тамеки капсулалары жана башка) акциз салыгын көбөйтүү, башкача айтканда, кадимки тамекинин салыгы менен теңдөө каралууда.

"Азыркы учурда тамекини алмаштыруучулар кеңири колдонулууда, салык салуу шарттарын теңдөө үчүн аталган категориядагылардын акциз салыгынын ставкасын жогорулатуу боюнча чечим кабыл алынды. Бир даана ысытылуучу тамекиге болгон акциз салыгы кадимки чылымдын акциз салыгынан 10 эсеге аз. Салыкты көтөрүүнүн натыйжасында жылына бюджетке кошумча 50 миллион сом түшөрү болжолдонууда", — деп жазылган долбоордо.

Ошондой эле мындай норманы киргизүүгө жакында коомдук жайлар менен мекемелерде чылымдын бардык түрүн чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынганы да түрткү болгон.

25
Белгилер:
кальян, салык кодекси, электрондук тамеки
Тема боюнча
Жапаров бюджетти 400 млрд. сомго чыгаруу үчүн каяктан акча табарын айтты. Видео
Instagram да, блогер да салык төлөйт. Жаңы кодекске кошулган берене
Блогер кыз. Иллюстративдик сүрөт

Instagram да, блогер да салык төлөйт. Жаңы кодекске кошулган берене

155
(жаңыланган 17:09 28.10.2021)
Жаңы кодекс ишке кирсе Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу компанияларга, интернет-дүкөндөргө салык салына баштайт.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Сунушталып жаткан Салык кодексинин жаңы редакциясы "Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салык" деген глава менен толукталды. Бул норма интернет аркылуу товар саткан жана кызмат көрсөткөн тармактарга салык салууну жол-жоболоштурат.

Ошондой эле блогерлер да соцтармактан тапкан пайдасынан салык төлөөгө милдеттендирилет. Бул туурасында Электрондук формада кызмат көрсөтүү терминине түшүндүрмө берген 32-берененин 3-бөлүгүндө жазылган.

Салык кызматынын Методология башкармалыгынын башчысы, кодексти иштеп чыгуу тобунун мүчөсү Нурлан Умтулов бул эки топко бөлүнөрүн билдирди.

Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу компаниялар жарнама жана башка кызматтардан киреше таап жатканы үчүн кошумча нарк салыгын (12 пайыздык ставка) төлөйт. Ал эми Кыргызстанда катталган интернет-дүкөндөр үчүн атайын режим киргизилди, алар пайдасынын 2 пайызын салыкка чегерет. Аталган компаниялар Салык кызматына каттоого турууга милдеттүү болот. Ал эми блогерлер сыяктуу соцтармактан акча тапкан жарандар 10 пайыздык ставка менен киреше салыгын төлөйт.

"Учурдагы салык мыйзамдары боюнча деле блогерлер салык төлөшү керек. Себеби алар кызмат көрсөтүү үчүн акча алып, пайда таап жатпайбы. Андыктан блогерлер да милдеттүү. Болбосо жеке ишкер катары катталып бирдиктүү салык (4 пайыздык ставка менен — ред.) төлөшү керек", — деди Жумалиев.

Салык кодексинин долбоорунун маалыматтык негиздемесинде учурда электрондук коммерция чөйрөсүндөгү иштерге салык салууну башкаруу мүмкүн эместиги, колдонуудагы мыйзамдарда салыктын ушул түрү каралбаганы белгиленген.

Жаңы Салык кодексинин долбоору парламентте биринчи окуудан өттү. Аны 2022-жылдын 2-январынан тарта колдонууга чыгаруу пландалууда.

155
Белгилер:
салык кодекси, блогер, электрондук коммерция, интернет-дүкөн
Тема боюнча
Салык төлөбөгөндөр чет өлкөгө чыга албайт. Сунушталган Салык кодекси