Жаңы жетекчи келери менен Улуттук банк 7,6 млн. доллар сатты

© AFP / MARK WILSONДоллар купюралары. Архив
Доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Жыл башынан бери өлкөнүн башкы банкы сегиз жолу интервенция жүргүзүп 311 миллион 150 миң доллар сатты.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Улуттук банк 1-октябрда валюта рыногуна 7,6 миллион доллар сатты. Бул туурасында өлкөнүн башкы банкы маалымдады.
Бул — өткөн аптанын аралыгында жасалган экинчи интервенция. Беш айлык тыныгуудан кийин 27-сентябрь күнү да 31,1 миллион доллар сатылган болчу.
Жалпысынан жыл башынан бери Улттук банк сегиз жолу интервенция жүргүзүп 311 миллион 150 миң доллар сатканы белгилүү болду.
Белгилей кетсек, 30-сентябрда Улуттук банктын жамаатына жаңы төрага Кубанычбек Бөкөнтаев тааныштырылган. Бирок аны кызматка дайындоо жана мурунку жетекчи Толкунбек Абдыгуловду кызматтан бошотуу тууралуу президенттин жарлыгы расмий жарыялана элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0