Сом жана АКШ долларлары. Архив

Кыргызстандыктардын банктарга болгон карызы рекорддук суммага жетти

757
(жаңыланган 09:49 05.10.2021)
Мындай көрсөткүч жаңы рекорд катары саналууда. Буга чейин эң жогорку чек үстүбүздөгү жылдын июнь айында катталган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жай мезгилинин аягында кыргызстандыктардын банктардан алган кредитинин суммасы 174,4 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдап жатат.

Насыялардын болжол менен 122,8 миллиарды улуттук валютада, калганы чет элдик валюта менен берилген.

Мындай көрсөткүч жаңы рекорд катары саналууда. Мурда эң жогорку чекке июнь айынын аягында чыгып, 173,5 миллиард сомду түзгөн. Бирок июлдун соңунда 173,3 миллиардга төмөндөгөн.

Соңку жылдары элдин насыясынын көлөмү тездик менен өсүп жатат. 2017-жылы жайында 100 миллиард сомду чамаласа, өткөн жылдын мартында 150 миллиардга жеткен.

757
Белгилер:
Кыргызстан, банк, кредит, рекорд
Тема боюнча
Былтыр кайсы аймактан канча киши чакан кредит алып, эмнеге жумшаган. Тизме
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

1310
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

1310
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу
Товарларды санарип маркалоо жана фискалдаштыруу ассоциациясынын төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров

Абдыров: товарды маркалоого даяр болбосок ЕАЭБ рыногуна чыга албай калабыз

24
Товарларды санарип маркалоо жана фискалдаштыруу ассоциациясынын төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров ишкерлерди көмүскөдөн чыгаруу үчүн шарт түзүп берүү зарылдыгын белгиледи.

Маркалоону өз убагында жүргүзбөсөк ЕАЭБ рыногуна товарларды сата албай калабыз. Мындай пикирин Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Абдыров: товарды маркалоого даяр болбосок ЕАЭБ рыногуна чыга албай калабыз

Анын айтымында, учурда маркалоо иштери ЕАЭБ өлкөлөрүндө кызуу жүрүп жатат.

"Мамлекеттен жардам албай ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөндөр көп. Тескерисинче, мамлекеттик органдар "баса калып" текшерет. Мындан улам алар көмүскөгө кетип калышууда. Бирок ошолордун баарын начар, акылы жок адамдар деп ойлобош керек. Анткени бардык ишкер легалдуу, ачык иш алып баргысы келет. Ошол эле учурда ачыкка чыгууга тийиштүү шарт түзүлгөн эмес. Андыктан көмүскө экономиканы ачыктоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүлүп, атайын программа же кадамдар ишке ашуусу зарыл. Эң башкысы, товарларды маркалоону жолго салуу шарт. Себеби ЕАЭБдин алкагында бул иштер кызуу жүрүп жатат. Эгерде алдын ала даярдык көрбөсөк, кийин кеч болуп калат. Учурда Россияда, Беларуста, Арменияда, Казакстанда товарларды маркалоо иштери өз нугунда жүрүүдө. Бизде бул боюнча иш негизинен ыктыярдуу болуп жатат. Эртеңки күнү милдеттүү маркалоо талап кылынса, ишкерлер аны жасап жетишпейт. Натыйжада ЕАЭБ рыногуна товарларды сата албай калат", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал маркалоо экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн жакшы мүмкүндүк түзөрүн кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

24
Белгилер:
Төлөнбек Абдыров, Евразиялык экономикалык биримдик, маркалоо, экономика
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кемелова: "Чек арасыз жумуш" тиркемеси ЕАЭБ алкагында иш издөөнү жеңилдетет
Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев

Үсөналиев: Париж Олимпиадасына катышууга болгон күчүмдү жумшайм

0
Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев 2024-жылы Парижде өтө турган XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына катышууга үмүтү чоң экендигин айтты.

Бокс боюнча Токио Олимпиадасына тандап алуунун эрежеси пандемияга байланыштуу өзгөрүп, тиешелүү упай жетпей ири турнирге катыша албай калдым. Бул тууралуу Азат Үсөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде айтып берди.

Үсөналиев: Париж Олимпиадасына катышууга болгон күчүмдү жумшайм

Ал тажрыйбаны арттыруу максатында окуу-машыгуулардын санын көбөйтүп жана сапатын жакшыртуу зарыл экенин белгилеген.

"Буга чейинки тажрыйбамды колдонуп, дагы бир олимпиадалык циклде күчүмдү сыноону чечтим. Негизи Олимпиадага катышуу үчүн боксто эки квалификациялык мелдеш бар. Тилекке каршы, мен бирөөнө катышып, экинчисине барарда пандемияга байланыштуу упай менен эсептөө эрежесин киргизишти. 2017-жылы дүйнө чемпионатына катыша албай калганым үчүн беш упай жетпей Токио Олимпиадасынан кол жууп калдым. Эгерде биринчиликке катышканымда 15 упай берилмек. Менин ордума филиппиндик боксчу катышып, Токиодо экинчи орунду камсыз кылды. Эми келе жаткан Париж Олимпиадасына жакшы даярданып, лицензия алам деп ишенип турам", — деди Үсөналиев.

Ошондой эле спортчу боксту өнүктүрүү үчүн аймактарда бокс залдарын ачып, жаш таланттарга көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

0
Белгилер:
Азат Үсөналиев, спорт, бокс, олимпиада, Париж
Тема боюнча
Чемпионго 100 миң доллар! Дүйнө чемпионатына барчу КР боксчулары аныкталды