Газдын баасы Европада асмандады, Кыргызстанда эмне болот

© Sputnik / Жоомарт УраимовГаз төлөм эсеп-квитанциясы. Архив
Газ төлөм эсеп-квитанциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Көгүлтүр отту колдонгондордун тарифине таасир этүүчү бирден-бир нерсе доллардын сомго карата болгон расмий курсунун өзгөрүшү экендиги айтылды.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Европадагы жаратылыш газынын өсүп жаткан наркы Кыргызстандагы бааларга таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын экономика жана финансы боюнча генералдык директорунун орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.
Анын айтымына караганда, жаратылыш газын узак мөөнөткө түзүлгөн келишимдин негизинде "Газпром Экспорт" компаниясы алып келет. Алдаяров республиканын ЕАЭБге мүчөлүгү жана Россия менен болгон жеткирүү, бөлүштүрүү жана сатуу жаатындагы өкмөт аралык макулдашуусу Кыргызстанга жаратылыш газын рынок наркынан төмөн сатып алууга преференция берерин айтты.
"Газды колдонгондордун тарифине таасир этүүчү бирден-бир нерсе — доллардын сомго карата расмий курсунун өзгөрүшү. Себеби көгүлтүр оттун эсеп-кысабы дүйнө боюнча эл аралык валюта менен жүргүзүлөт", — деди Алдаяров.
Ал арада РИА Новости Financial Times басылмасына шилтеме берип, Россия лидери Владимир Путиндин энерготашуучу заттарга өсүп жаткан бааны турукташтырууга көрүлгөн даярдык боюнча билдирүүсү дүйнөлүк рыноктогу кымбаттоону кескин төмөндөткөндүгүн жазды.
Путин отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүүгө арналган кеңешмеде сүйлөгөн. Ал инфляцияны кескин жогорулатып, өнөр жай активдүүлүгүн чектеп коё турган кооптуулукту жаратып жаткан нерсе — энерготашуучу заттардын улам өсүп жаткан дүйнөлүк баасын турукташтырууга Россия даяр экендигин айткан.
Президент РФ В. Путин провел совещание с членами правительства РФ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Путин Украина аркылуу өткөн газдын транзит милдеттенмелерин сактоого сөз берди
ICE Futures соодасындагы маалыматтарга таянсак, Европадагы көгүлтүр оттун фьючерстердеги баасы шаршемби күнү тарыхый жогорку чекке — 1937 долларга (бир куб метри) жетти. Биржадагы соодалашууда бир күндө 600дөн ашык долларды жоготкон. Ал эми шейшемби күндөгү эсеп-кысаптын баасында 10 пайызга төмөндөп кетти.
Августтун башында жакынкы фьючерстин баасы голландиялык TTF индекси боюнча миң куб метрине 515 долларды чапчыган. Ал эми өткөн айдын соңунда көрсөткүч дээрлик эки эсеге көбөйгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0