Улуттук банктын имараты. Архивдик сүрөт

Улуттук банктын алтын-валюталык резерви рекорддук көлөмгө жетти

118
(жаңыланган 10:02 08.10.2021)
Буга чейин эң чоң көрсөткүч былтыркы жылдын август айында болгон. Анда алтын-валюталык резервдин көлөмү 3 миллиард 71,2 миллион сом болгон.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Сентябрь айынын соңундагы маалыматка караганда, Улуттук банктын валюталык эл аралык резервинин (алтын-валюталык) көлөмү 3 миллиард 241 миллион 140 миң долларга жетти.

Белгилей кетсек, аталган сумма август айына салыштырмалуу 380,4 миллион долларга көп. Бул рекорддук көрсөткүч, бирок каражаттын көбөйүшү эмне менен байланыштуу экени так айтылган эмес.

Буга чейин эң чоң көрсөткүч былтыркы жылдын август айында болуп, алтын-валюталык резервдин көлөмү 3 миллиард 71,2 миллион сомго жеткен. Анда Эл аралык валюта фондунан 170 SDR же болбосо ошол учурдагы курс менен алганда 240 миллион долларлык каражат Кыргызстанга келип түшкөн.

Алтын-валюталык кор (эл аралык валюталык резервдер) Улуттук банкка сомдун курсун түшүрбөй кармап турууга мүмкүнчүлүк берет.

Резервдер валютанын ондон ашуун түрлөрүнөн, SDR (карыз алуунун атайын укуктары — Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражатынан) жана алтындан турат.

118
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, алтын, көлөм
Тема боюнча
Кытай бир шарт менен Кыргызстандын карыз төлөө мөөнөтүн узартууга даяр
Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров

Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт

161
(жаңыланган 19:26 21.10.2021)
Кыргызстанда туристтик тармакка дем берүү үчүн эми жерди пайдалануу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилери айтылды.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Туризмди өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктары кеңири болгон мамлекеттик фонд түзүлүп, бул тармакка 1 миллиард сом бөлүнөт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Маданий же тарыхый баалуулукка ээ объектилер өлкөнүн ар бир аймагында бар. Бирок ушул кезге чейин туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулган эмес. Анын зарылдыгы тууралуу канча тапшырма берилбесин, иш ордунан козголгон жок. Муну эске алуу менен Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд түзүү жана 1 миллиард сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Мындан тышкары, туристтик объектилерге алып баруучу жолдорду оңдоп-түзөө ишке ашырылып, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн башка маселелери чечилет", — деген Жапаров.

Ал Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд туристтик тармакты өнүктүрүү максатында кеңири ыйгарым укуктарга ээ болорун айткан.

"Туризмди өнүктүрүү фонду туристтик индустрия объектилерин ижарага берүүгө, аларды сатып алуу-сатуу тууралуу келишим түзүүгө, туризм объектилерин биргелешип өнүктүрүү жана алардын үлүштүк курулушу тууралуу келишим түзүүгө, инвестицияларды тартууга, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында тартууга ыйгарым укукка ээ болот. Туристтик тармакка дем берүү үчүн жер пайдалануу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилет", — деген министрлер кабинетинин жетекчиси.

Туристтик кластерлерди өнүктүрүүгө чоң маани берилерин: Караколдо — тоо лыжа, Ошто — тарыхый-маданий, Жалал-Абад шаарынын базасында — рекреациялык жана башка ири кластерлер ишке киргизилерин билдирген.

Андан сырткары, Жапаров туризмди өнүктүрүү үчүн Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолдун Ысык-Көл облусундагы айланма жолдун курулушу туризм индустриясын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот деген пикирин айткан.

Ар бир аймак калктуу пунктулардын дароо таанылышы жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүү максатында аймактын жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша жөнөкөй жана жеткиликтүү логотиптерди иштеп чыгууга милдеттендирилди.

161
Белгилер:
Кыргызстан, Акылбек Жапаров, туризм, фонд, акча
Тема боюнча
Пенсия менен жөлөк пул 6300 сомдон жогору болот. Президенттин талабы
Акылбек Жапаров: элибиз телефон менен ушакташууга 20 млрд. сом коротуп жатат
Улгайган аял. Архив

Пенсия менен жөлөк пул 6300 сомдон жогору болот. Президенттин талабы

366
(жаңыланган 18:10 21.10.2021)
Кыргызстанда 1,6 миллион адам жакырчылыкта жашаары аныкталган. Анын ичинен 73,7 пайызы айыл тургундары.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. 2023-жылдын 1-январынан тарта кыргызстандыктар пенсия, жөлөк пулду кеминде 6 382 сомдон алышы мүмкүн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык кеңешмеде сүйлөп жатып, президент "пенсия, пособиенин эң азы жашоо минимуму менен барабар болушу керек" деген талап койгонун айтты.

"Ошон үчүн биз киреше бөлүгүн көбөйтүшүбүз керек. Биринчи жардам жакыр жана өтө жакыр жашаган адамдардын жакшы жакка өнүгүүсүнө багытталат. Аймактагы жакыр жашаган адамдардын тагдыры, жетим-жесирлердин ыйы, элдин көз жашы ойлондурушу керек. Жакыр адамдар жылдан жылга азайып, орто жашагандардын катары калыңдап, орто класстагылар байларга кошулушу зарыл", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал 2021-жылдын башына карата Кыргызстан калкынын саны 6 637 000 болсо, анын ичинен 1,6 миллион адам жакырчылыкта жашаары аныкталган. Мунун 73,7 пайызы айыл тургундары, басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарында жашайт. Ал эми өтө жакыр жашагандар 59 166 адамды түзгөн.

Белгилей кетсек, жаңы кабыл алынган Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүмүндө "Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш" деп жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери белгиленген. Демек, 2023-жылы жашоо минимуму канча деп белгиленсе, мамлекет жарандарга андан кем эмес пенсия, пособие берүүгө милдеттендирилет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, учурда жашоо минимумунун өлчөмү 6 382,69 сомду түзөт.

366
Белгилер:
Акылбек Жапаров, пенсия, пособие, жакырчылык
Тема боюнча
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди
Бийлик жети миллионунчу кыргызстандык качан төрөлө турганын айтты
Акылбек Жапаров: айыл өкмөттөн келип мага акыл үйрөткөндү токтоткула
Түгөйлөр. Архивдик сүрөт

Германияда бойго бүтүүдөн коргоочу инновациялык аппарат ойлоп табышты

0
Аппаратты эркектин жыныстык органына жакын алып келип, бир аз убакытка иштетип кармап туруу керек. Андан чыккан ультраүндүү толкундар бел суунун активдүүлүгүн эки айга чейин токтотуп коёт.

БИШКЕК, 22-окт. – Sputnik. Германиялык дизайнер Ребекка Вайс адистер менен биргеликте эркектин уругунун активдүүлүгүн басаңдатып, бойго бүтүүдөн сактай турган аппарат ойлоп тапты. Бул тууралуу National Geographic Россия басылмасы жазды.

Жаңы аппарат эркектин уругунун активдүүлүгүн ультраүндүү толкундар менен басаңдатып коёт.

"Аппаратты эркектин жыныстык органына жакын алып келип, бир аз убакытка иштетип кармап туруу керек. Бул процедураны эки апта бою кайталоо зарыл. Андан чыккан ультраүндүү толкундар бел суунун активдүүлүгүн эки айга чейин токтотуп коёт. Тагыраак айтканда, урук энелик бездер менен биригип жаңы жашоо жарата албай калат. Бирок анын ден соолукка зыяны жок", — деди Вайс.

Аппаратты иштеп чыккандар алардын табылгасы үй-бүлөнү пландоодо көптөр күткөн жакшы жардамчы болот деп эсептейт.

"Азыркы бойго бүтүп калуудан коргоочу каражаттар бардык эле түгөйлөргө жага бербейт. Ден соолукка дагы залакасын тийгизиши мүмкүн. Мисалы, мага бул идея өзүм жатын моюнчасынын рагына кабылгандан кийин келди. Көп жылдар бою сактануу үчүн гормоналдык дары-дармектерди ичип жүрүп, кийин дартка чалдыктым", — деди адис.

Негизинен ушул сыяктуу аппарат буга чейин жаныбарларга колдонулуп келген, дизайнер аны адамга ылайыктап жасап чыккан. Бирок аны расмий түрдө сатыкка алып чыгуу үчүн клиникалык сыноодон өткөрүү керек.

Баса, идеянын автору бул табылгасы үчүн мыкты инженердик долбоорлорго ыйгарыла турган Жеймс Дайсон атындагы эл аралык сылыкка ээ болду.

0
Белгилер:
Германия, аял, эркек, ден соолук, тукум
Тема боюнча
Окумуштуулар аялдар төрөттөн кийин канча жылга картая турганын айтты