Мигранттар быйыл Кыргызстанга көбүрөөк акча которду. 8 айлык статистика

© AFP / YASIN AKGULКиши доллар купюралар менен. Архив
Киши доллар купюралар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Жазылуу
Азыркы цифра тарыхта экинчи орунда турат. Рекорддук көрсөткүч 2018-жылы болуп, 1 миллиард 744,1 миллион долларды түзгөн.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январынан августка чейин чет жактан Кыргызстанга 1 миллиард 736 миллион 840 миң доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банк маалымдайт.
Бул жеке тараптардын акча которуу системасы аркылуу жөнөткөн каражаты.
Былтыр сегиз айда өлкөгө 1 миллиард 565 миллион 590 миң доллар которулган. 2020-жылдын башында өнөктөш өлкөлөр пандемиядан улам чектөөлөрдү киргизген, каражаттын келип түшүүсү азайганы ушуга да байланыштуу болгон. Бирок 2021-жылдын июнь-июль айындагы көрсөткүч өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу төмөндөгөн, ал эми августта 3,4 миллион долларга өскөн.
Эгер бир нече жылдын сегиз айлык маалыматын карай турган болсок, азыркы цифра тарыхта экинчи орунда турат. Рекорддук көрсөткүч 2018-жылдын январь-августунда болуп, 1 миллиард 744,1 миллион долларды түзгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0