Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЧек ара көзөмөл пунктундагы жүк ташуучу унаа. Архив
Чек ара көзөмөл пунктундагы жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Салыктын көбүрөөк түшүшү Кыргызстан рыногунун көмүскө жагынын кыскара баштаганын көрсөтүп турарын айтты.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 2021-жылдын тогуз айында кошумча нарк салыгы (КНС) былтыркы жылга салыштырмалуу 9 миллиард 868 миллион сомго көп түшкөн. Бул тууралуу Салык боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.
"2021-жылдын тогуз айында КНСтен 29 миллиард 425,6 миллион сом түштү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9 миллиард 868 миллион сомго же 150,45 пайызга көп. Электрондук эсеп-фактураны киргизгенден кийин учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга жана өлкөдөгү экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө карабастан КНС боюнча киреше көбөйдү. Бул рыноктун көмүскө жактан кыскара баштаганын көрсөтүп жана республикалык бюджетке кирешенин өсүшүнө да оң таасирин берет", — деп айтылган маалыматта.
1-октябрга карата система ишке киргенден бери 15 439 ишкер электрондук эсеп-фактура колдонгон.
Баткен окуясында жабыркагандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Баткен окуясында жабыркаган ишкерлер кээ бир салыктардан бошотулду. Тизме
"Алар жалпы жүгүртүүдөгү 1 триллион 222 миллиард 490 миллион 261 327 сомго 8 489 698 электрондук эсеп-фактураларды тариздешкен", — деп билдирди Салык кызматы.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып бардык КНС төлөөчүлөр жана товарлардын импорттоо жана/же экспорттоо менен алектенген субъектилер электрондук эсеп-фактурасын милдеттүү колдонууга өтүшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0