Уругвайдан да келет. Кыргызстанга күрүч ташыган 13 өлкөнүн тизмеси

Күрүч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Мамлекеттердин арасында Азия, Европа жана Америка өлкөлөрү бар. Продукциянын басымдуу бөлүгү Россиядан келет.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстан ушул жылдын жети айында 3 763,9 тонна күрүч сатып алды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Алынган азыктын жалпы наркы 2,7 миллион долларга бааланууда.
Кыргызстанга күрүч импорттоочу өлкөлөрдүн тизмеси:
  • Казакстан — 2 789,3 тонна;
  • Россия — 482,4;
  • Индия — 265,6;
  • Пакистан — 133,9;
  • БАЭ — 30;
  • Иран — 25;
  • Өзбекстан — 10,5;
  • АКШ — 9;
  • Греция — 8;
  • Уругвай — 7;
  • Кытай — 2,1;
  • Болгария — 1;
  • Тажикстан — 0,1.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан жалпы баасы эки миллион доллар турган 3,5 миң тоннадан ашык күрүч ташып келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0