Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12,6 млн. доллар карызын кечет

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЭл аралык валюта фондунун имаратын жанында киши. Архив
Эл аралык валюта фондунун имаратын жанында киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
6-октябрь күнү ЭВФтин Аткаруу кеңеши оор кырдаалда жеңилдик берүү программасынын алкагында кирешеси төмөн 24 өлкөнүн карызын кечүү чечимин кабыл алган. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) алдындагы 12,6 миллион доллар карызы кечилди. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги кабарлады.
6-октябрь күнү ЭВФтин Аткаруу кеңеши оор кырдаалда жеңилдик берүү программасынын алкагында кирешеси төмөн 24 өлкөнүн карызын кечүү чечимин кабыл алган. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар.
"Экономика жана финансы министрлиги ЭВФтин туруктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте быйылкы жылдын сентябрь айынан тарта карызды кыскартуу аракеттерин көрө баштаган. Жыйынтыгында фонд Кыргызстандын 2021-жылдын 8-октябрынан тарта 2022-жылдын 10-январына чейин төлөнүшү керек болгон 12,6 миллион долларын кечти", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрликтен билдиришкендей, үнөмдөлчү каражатты COVID-19дун кесепетин жеңилдетүү үчүн саламаттык сактоо тармагына багыттаса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0