Азык-түлүк. Архив

Кыргызстанда жашоо минимуму 22 пайызга жогорулады. Статистика

303
Үстүбүздөгү жылдын июль-сентябрь айларында республиканын бардык региондорунда жашоо минимумунун өлчөмү өскөнү белгиленди. Эң жогорку өсүш Жалал-Абадда катталган.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылдын үчүнчү кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 6 382,69 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 22,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Июль-сентябрь айларында республиканын бардык региондорунда жашоо минимумунун өлчөмү өскөнү белгиленди. Өткөн жылы ушул эле убакта көрсөткүч 5 225 сомду түзгөн.

Аймактар боюнча статистика (киши башына орточо):

  • Жалал-Абад — 6 767,32 сом (өткөн жылы 5684,54 болчу);
  • Ош — 6 470,63 сом (5 310,07 болчу);
  • Бишкек — 6 470, 6 сом (5 230,91 болчу);
  • Ош облусу — 6 434,18 сом (5 471,39 болчу);
  • Нарын облусу — 6 269,63 сом (5 225,09 болчу);
  • Баткен облусу — 6 165,34 сом (4 886,43 болчу);
  • Чүй облусу — 5 909,63 сом (4 957,99 болчу);
  • Ысык-Көл облусу — 5 886,49 сом (4 970,49 болчу);
  • Талас облусу — 5 850,11 сом (4 848,91 болчу).

Калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн иштелип чыккан жашоо минимум түзүмүнө ылайык, анын 65 пайызын азык-түлүк товарлары, 16 пайызын азык-түлүк эмес товарлар, 17 пайызын кызмат көрсөтүүлөр жана 2 пайызын салыктар түзөт. Кеп адамдын чыгымдарын толук жаппаган минималдуу чыгымдар тууралуу болуп жатат.

303
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук статистика комитети, жашоо минимуму
Тема боюнча
Мигранттар быйыл Кыргызстанга көбүрөөк акча которду. 8 айлык статистика
Мамлекет көмүрдүн баасын үч ай жөнгө салып турат
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны учурунда

ЕЭКтин кеңешинде жактырылган актылардын долбоорлору. Тизме

73
Бүгүн, 14-октябрда, Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны болуп, ага мамлекет башчы Садыр Жапаров онлайн катышкан.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында жактырылган актылардын долбоорлорунун тизмесин жарыялады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-октябрда, Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны болуп, ага мамлекет башчы Садыр Жапаров онлайн катышты.

Жыйында жактырылган актылардын долбоорлорунун тизмеси:

  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге үчүнчү өлкөлөр тарабынан жасалган экономикалык басым жөнүндө маселелердин алкагындагы тапшырма;
  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин климаттык күн тартибинин алкагында экономикалык кызматташтык жөнүндө билдирүүсү;
  • ЕАЭБдин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун калыптандыруунун экинчи этабына өтүү жөнүндө чечим;
  • Ташып кирүү бажы алымынын ченемин өзгөртүү чечими Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши тарабынан кабыл алына турган товарлардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим;
  • 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө макулдашуунун Евразия экономикалык комиссия менен ЕАЭБдин сотунда иштеген Россиянын жараны болгон кызматкерлерин пенсия менен камсыздоо боюнча бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол;
  • 2019-жылы Евразия экономикалык биримдиктин органдарында тышкы аудит (контроль) жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө чечим;
  • Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн орду жана убактысы жөнүндө тескеме;
  • Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим;
  • Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө чечим.
73
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, ЕЭК, жыйын, долбоор
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Президент Жапаров ЕЭК кеңешинин жыйынына катышып, сунуштарын берди
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны учурунда

Президент Жапаров ЕЭК кеңешинин жыйынына катышып, сунуштарын берди

80
(жаңыланган 21:10 14.10.2021)
ЕЭК кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров ЕАЭБ аймагында товар ташуудагы тоскоолдуктар, экология, пандемия сыяктуу бир нече маселелерди көтөрүп, өз сунуштарын берди.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара онлайн өтүп, Жапаров видеоконференция режиминде сөз сүйлөгөн.

"ЕАЭБ калыптануу фазасынан өттү, бирок моюнга алчу нерсе, Евразиялык экономикалык интеграциянын реалдуу ыргагы мындан да жогору боло алмак. Буга байланыштуу интеграциянын келечектүү багыттарына эле эмес, ошол эле учурда биримдиктин жетишилген ийгиликтерин бекемдөө жана арттыруунун үстүндө иштөөгө көңүл буруу маанилүү деп эсептейм. Бизде жетиштүү маселелер чогулду – бул товарлардын эркин өтүүсү жана тоскоолдуктарды жоюу боюнча көйгөйлөр. Буга байланыштуу биздин Стратегияда коюлган тоскоолдуктарды жоюу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу максатында тоскоолдук аныкталган учурда аны автоматтык түрдө жокко чыгарууну жана анын кайра кайталанып колдонулуусуна жол бербөөнүн механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. Макулдашууларды аткаруу сапатына жана ишке ашыруу мөөнөттөрүнүн сакталышына өзгөчө көңүл буруу керек. Бул өзгөчө биздин 2025-жылга чейинки экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын ишке ашырууга тиешелүү", — деп билдирген Жапаров.

Ал ошондой эле Кыргызстан ЕАЭБ аралык ар тараптуу кызматташтыкка өзгөчө маани берерин, интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүүгө өз салымын кошо турганын белгилеген.

Экология маселеси

Кыргызстан жана ЕАЭБдин желектери. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Глобалдык процесстердин ылдамдыгы, табигый кырсыктардын өсүүсү жана дүйнөлүк экономиканын өзгөрүү динамикасы келечекте климаттын өзгөрүшүнө алып келерин көрсөтүүдө. Төмөн көмүртектүү өндүрүшкө карай жолдогу глобалдык өзгөрүүлөр өлкө экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө олуттуу таасир этери анык", — деген Жапаров.

Өлкө башчы экономикаларды төмөн көмүртек жолу менен өнүктүрүүгө умтулуу үчүн Биримдиктин бул жатта биргелешкен позициясын иштеп чыгуу зарылдыгын айткан.

Газ, мунай

"Газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү бүгүнкү күндө мындан аркы интеграция үчүн маанилүү маселе боюнча калууда. Бул маселелер биздин өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугуна тикелей таасирин тийгизет.

Биримдиктин жалпы газ рыногун калыптандыруунун негизги максаттарынын бири – мүчө мамлекеттердин газ муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат. Буга байланыштуу, биз жалпы газ рыногунун өз убагында иштеп башташын камсыз кылышыбыз керек", — деди президент.

Коронавирус

"Коронавирус пандемиясынан улам биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикаларынын ортосунда олуттуу ажырым байкалууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн биз калктын кирешелерин арттырууга жана экономикабызды түздөп кетүүгө багытталган механизмдерди жана максаттуу программаларды иштеп чыгышыбыз керек", — деди президент.

Азык-түлүк коопсуздугу

"Бүгүнкү күндө биримдикке кирген ар бир өлкө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзүнчө механизмдерин түзүп жатат. Бул потенциалдуу коркунучтарды өз алдынча чечүүгө алып келүүдө. Ошону менен бирге ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрү менен потенциалы эске алынбай келет. Буга байланыштуу, аялуу жана негизги азык-түлүк өнүмдөрүнө манипуляция кылууга жана баалардын өсүшүнө жол бербөө үчүн рыноктун катышуучуларынын тең салмактуу жана алдын ала болжолдонгон аракеттер менен көйгөйдү чечүүгө көңүл бурууну сунуштайм", — деди ал.

Жапаров ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөрдүн экономикалык басым жасоосунун тушунда иштеп жаткандыктан интеграцияны бекемдеп, аны тереңдетүүгө багыт алышы керектигин белгилеген.

80
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, президент, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кемелова: "Чек арасыз жумуш" тиркемеси ЕАЭБ алкагында иш издөөнү жеңилдетет
ЕАЭБде зер буюмдар арзандашы мүмкүн. Себеби
Россиялык Су-25

Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык

0
Афганистанга Ирак жана Сириядан келген террорчулардын топтолушу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч туудурат.

Мындай кырдаал афган чек араларынын түндүк жактагы аймактардын баарында атайын кызматтардын активдешүүсүн жана аскердик күчтөрдүн даярдыгын күчөтүүнү талап кылууда.

13-октябрда Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушууда РФ президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнө Афганистандан ирактык жана сириялык тажрыйбасы бар террорчулардын келиши, "түз экспансиянын башталышы" толук ыктымал экенин билдирди. Ошону менен катар биргелешкен атайын операцияларга күч түзүмдөрүнүн алдын ала камылгасынын маанисин баса белгиледи. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко алдыдагы атайын операциялардын даярдыгына токтолду.

Жолугушуу өткөн күнү эле россиялык чалгындоо кызматы Афганистандагы азыркы кырдаалды мурдатан болжогону да белгилүү болду. Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети афган территориясынан баңгизат, курал, ок-дарынын агымы күч алганын маалымдады. Бул жакшы жышаан эмес.

Андан мурун РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко талибдер Афганистан провинциясын көзөмөлдөөгө чамасы келбей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын айткан эле. "Талибан"* кыймылынын айрым куралдуу топтору Тажикстанга басып кирүүгө да даяр. Ушундай кооптуулуктардан улам ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун) күчтөрүнүн афган чек арасына жакын жерге белгиленген "Аскердик боордоштук – 2021" биргелешкен ыкчам-стратегиялык окуулары зарыл жана жетиштүүдөй көрүнөт.

Тажикстандагы Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда 18–23-октябрь аралыгына белгиленген машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан 5 000дин тегерегинде аскер кызматкери катышмакчы.

Окуунун алкагындагы операцияларга курал жана аскердик техниканын 700 бирдиги, анын ичинде 40тан ашуун учак жана тик учак (Су-24МР, Су-25, Ми-8МТВ, Ми-24), ошондой эле ар кыл багыттагы 15 учкучсуз аппарат да бар. Эске салсак, "Аскердик боордоштук – 2021" машыгууларынын жүрүшүндө "Өз ара аракеттешүү", "Издөө", "Эшелон" атайын операциялары өткөрүлөт, бул тууралуу биз да кабарлаган элек.

ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров кечээ аскердик күчтөрдүн биргелешкен тобунун күч жана каражаттары көбөйтүлгөнүн кабарлап, окууларда тажик-афган чек арасындагы окуялардын ар кыл нугун, абдан курчуп кеткен вариантына дейре эске аларын белгиледи.

Чабуулчулардын кезеги

ЖККУ боюнча союздаштар Афганистан менен чектешкен аймактарда атайын окууларга даярдыгын аяктап калды. Тажикстанга РФтин Борбордук аскердик округунун фронттук Су-24МР бомбалоочулары, Кыргызстанда жайгашкан "Кант" россиялык авиабазасынын Су-25 чабуулчулары да жеткирилген. Биргелешкен окуулар эң кызып калган убакта учкучтар шарттуу душманды издөө, анын объектилерин жок кылуу, мотоаткычтар бөлүгү жана танкисттердин чабуулуна көктөн ок атуу менен көмөк көрсөтүүгө машыгышат.

Чабуулчу Су-25 жердеги чакан көлөмдөгү кыймылдуу жана кыймылсыз объектилерин жок кылууга багытталган. Бул – буталар так көрүнгөн шарттарда же 30 метрден 5 чакырымга чейинки бийиктикте Кургактагы күчтөрдү күнү-түнү түздөн-түз колдоодо алмашкыс аскердик бирдик. Су-25тин бурулушунун чакан радиусу (500 метр) чабуул коюучу учкучтарына чабуулду майнаптуу уюштурууга, аскердик запасты (30 миллиметрлик замбирек снаряддары, тескелүүчү жана башкарылбаган ракеталар, түзөтүлчү жана кассеталык аба бомбалары, күчтүү көлөмдүү-жардыруучу аба бомбалары жана күйүүчү май аралашмасы толтурулган челектер) сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Су-25 чабуул коюучу учагынын максималдык аскердик жүгү – 4 тоннадан ашуун. Күчтүү жана универсалдык бул аба бирдиги Афганистанда 1980-жылдардын башында эле өзүн көрсөтө алган. Андан бери бир нече ирет заманга ылайыкташтырылганы да маалым.

Алдыдагы машыгууларга даярдык абдан кызуу жана олуттуу жүрүүдө. Россиялык Борбордук аскердик округунун командачысынын орун басары Алексей Лемякин сириялык тажрыйбаны эске алуу менен Тажикстанда ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоо милдеттеринин кеңири түрлөрү аткарыларын айткан.

Айтмакчы, "Аскердик боордоштук – 2021" ыкчам-стратегиялык окууларында ЖККУга мүчө болбогон Өзбекстандын күчтөрү келбегени менен буга чейинки биргелешкен контртеррордук машыгууларга катышканын да белгилей кетели.

Ыкчам жагдай

Талибдердин бул айдагы тышкы саясий активдешүү аракеттери, Дохадагы бир катар маанилүү жолугушуулары, чет элдик гуманитардык жана каржылык жардам алууга, кыймылды эл аралык деңгээлде мыйзамдуу саясий күч катары таанытууга кадамдары деле өлкөнүн мындан аркы экономикалык жана ички саясий бүлгүнүн токтото албачудай. Коңшу мамлекеттер жана Бириккен Улуттар Уюму талибдер инклюзивдик өкмөт куруу жана аялдардын укугун коргоо боюнча убадаларын аткарбаганын белгилеп жатышат.

"Талибандын"* өз "атаандаштарына" каршы туруу далалаттарына карабастан Афганистандын ири шаарларында жана түндүк провинцияларындагы электр чубалгылар линияларын жардыруулар дале токтой элек.

Талибдер өлкө бийлигин кайрадан ээлегенден бери афган жалпыга маалымдоо каражаттарында 17 теракт тууралуу маалыматтар чыкты. Аларга таянсак, көпчүлүгүнүн артында "Ислам мамлекети"* уюму турат. Кабул, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы жардырууларда 600 киши жабыр тартты. Терактылардын баары эле коомго ачыктала калган жок.

Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги 8-октябрдагы теракт 120 кишинин өмүрүн алып, 160тан ашуун адамды жарадар кылды. 14-октябрда Кунар провинциясында талибдердин уезддик полициясынын начальниги олтурган автомобиль жардырылды. АКШ жана НАТОнун аскердик интервенциялары менен болгон күрөштө "Талибан"* жеңишке жетишкенден бери Афганистанга Ирак жана Сирияда согуштук аракеттерди жүргүзүүдө тажрыйба топтогон ИМ* террорчулары чогула баштады. Бул "баары баарына каршы" согушунун уланышынан коңгуроо кагат.

Калган көйгөйлөрү аз келгенсип, ушул тапта афган калкынын жүрөгүн өйүтүп турган нерсе – өлкөдө бийлик үчүн күрөшкө улам жаңы, мурдагылардан да радикалдуу топтордун жаралышы. Ошондой эле этникалык тажик – кенже Ахмат Масуддун жетекчилигиндеги Улуттук каршылык көрсөтүү фронту да талибдер менен "эзелки" партизандык күрөшүн улантууда.

ЖККУ Афганистандагы абалды эске алып Тажикстандагы аскердик окууларын, ал эми Россия Душанбеге россиялык аскердик жана аскердик-техникалык жардамын, жакынкы айларда тажик-афган чек арасын материалдык-техникалык жактан бекемдөөгө көмөктөшүүнү уланта берери ажеп эмес.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

0
Белгилер:
Тажикстан, Россия, Афганистан, Сирия, согушкер, 'Талибан' кыймылы, чек ара, машыгуу, курал
Тема боюнча
Иран менен Түркия согушка даярдыгын көрсөтүүдө: Азербайжандын эмне тиешеси бар?