Кыргызстандыктар 6 жылдан бери миллиард сомго алтын сатып алышты

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банктын алтын куймалары. Архив
Улуттук банктын алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Алтын куйма алгандар аны кайра өткөрүп бере алат, баасын Улуттук банк бекитип, күн сайын өзгөртүп турат.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. 2015-жылдан бери өлкө 297,3 килограмм алтын куймасын сатып, сырттан 150 килограмм сатып алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банктан кабарлашты.
Аталган банк 2015-жылдын 7-майынан тарта алтын куйма менен иштей баштаган. Мындай аракеттердин максаты чет элдик валюталар гана эмес, баалуу металлдар менен да иш алып баруу болуп саналат. Алтын куймаларды алгандар аны кайра өткөрүп бере алат. Сатуу жана сатып алууда баа күн сайын өзгөрүп турат.
"2015-жылдын май айынан бери 1 миллиард 1,4 миллион сомго бааланган 297,3 килограмм алтын куйма сатылды", — деп айтылат маалыматта.
Ушул эле мезгил аралыгында Улуттук банк 500 миллион сомго 152,8 килограмм алтын куймасын сатып алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0