Базардагылар да ККМ менен соода кылууга милдеттендирилет. Жаңы Салык кодекси

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Ош базары. Архив
Бишкектеги Ош базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Жазылуу
ККМ менен иштеген шартта ар бир сатылган товар каттоого алынып, андан төлөнө турган кошумча нарк жана сатуу салыгы автоматтык түрдө эсептелет.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жаңы Салык кодексинин долбоорунда "Дордой" сыяктуу ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилет.
Башкача айтканда, базарда кийим-кече саткандар соода борборундагы дүкөндөргө окшоп ККМ колдонуп, кардарга чек берүү талап кылынат. Мунун аткарылышына базар ээлери жооптуу болот.
"Долбоорго ылайык, экономикалык ишмердикти жүргүзүү үчүн аянтты ижарага берген субъект, анын ичинде базарларда (кичи базарларда) жана соода борборлорунда (үйлөрдө) соода орундарын бергендер ижарачылардан ККМдин болушун талап кылууга милдеттүү", — деп жазылат сунушталган кодексте.
Блогер кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Instagram да, блогер да салык төлөйт. Жаңы кодекске кошулган берене
Бул талаптарды бузгандыгы үчүн соода түйүнүн ижарага берген тарап (базардын, соода борбордун ээлери) укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылары белгиленген.
ККМ менен иштеген шартта ар бир сатылган товар каттоого алынып, андан төлөнө турган кошумча нарк жана сатуу салыгы автоматтык түрдө эсептелет.
Жаңылыктар түрмөгү
0